Джаманбаева Джамиля Акматбековна
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Акматбековна Жаманбаева 1977-жылы 22-февралда Фрунзе шаарында туулган.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолу:
1998-1999 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун стажер-жардамчысы;
1999 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун жардамчысы;
1999-2001 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун улук жардамчысы;
2001-2004 — Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы;
2004 — Бишкек шаарынын Свердлов районунун улук тергөөчүсү;
2004-2005 — Бишкек шаардык прокуратурасынын прокуратура органдарындагы кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө боюнча жана ички иштер бөлүмдөрүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча көзөмөл секторунун прокурору;
2005-2007 — Бишкек шаардык прокуратурасынын коррупция боюнча кылмыштарды көзөмөлдөө жана улуттук коопсуздукка коркунуч пайда кылган кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;
2007 — Бишкек шаардык прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн прокурору, андан соң Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы - уюшкандыкты камсыздоо жана укуктук экспертиза бөлүмүнүн улук прокурору;
2007-2011 — Чүй областынын Сокулук районунун прокурорунун орун басары;
2011 — КРнын Башкы прокуратурасынын балдардын укуктарын көзөмөлдөө боюнча бөлүмдүн прокурору, КРнын Башкы прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;
2011-2013 — Токмок шаарынын прокурору;
2013-2016 — Кыргыз транспорттук прокуратурасынын прокурору;
2016-2018 — КРнын Башкы прокуратурасынын кадр резервинде;
2018-2021 — КРнын Башкы прокурорунун орун басары;
2023-жылдын 17-майынан тартып Кыргызстандын Акыйкатчысы;
2024-жылы «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси»