
Урматтуу мекендештер!
2018-жылдын 27-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Ар бир адамдын, анын ичинде, мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен ишбилгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды.
Ички иштер органдарынын бөлунүштөрүнун телефондору
Бишкек ш. ШИИБи (0312)-43-71-75
Чүй облусунун ИИБи (0312)-43-88-85
Ош облусунун ИИБи (03222)-5-59-10
Акыйкатчыга башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана коргоо боюнча суроолор менен кайрылышат. Эл аралык тажрыйбада омбудсмендердин ишмердиги адам укуктарын коргоонун улуттук механизмдеринин натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган, ошондой эле, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүп, ченемдик укуктук актылардагы функционалдык жетишпестиктерди аныктоону камтыйт.
1. “Чыгыш Түркстанга боштондук уюму” — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтому менен 2003 жылдын 20 август айынан тарта террорчул уюм деп таанылып, КРнын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.
2. «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы» — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтому менен 2003 жылдын 20 август айынан тарта террорчул уюм деп таанылып, КРнын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.
3. «Түркстандын ислам партиясы» («Өзбекстан ислам кыймылы») — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтому менен 2003 жылдын 20 август айынан тарта террорчул уюм деп таанылып, КРнын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.