КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Н.Токтосунова жана укук коргоо органдары жана эркиндикти чектеген жана эркиндигинен ажыраткан жайларда башка органдар тарабынан адам укуктарынын сакталышы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Исмаилова Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн эл аралык конференциянын ишине катышышты.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Борбордук Азия Омбудсмендеринин онлайн конференциясына катышты. Иш чара Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Кыргыз Республикасындагы офиси тарабынан уюштурулуп, Борбордук Азиядагы Улуттук укук коргоо мекемелерин (CASI-NHRI) колдоо боюнча жол картасын талкуулоо максатында уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кабыл алуусуна ар кандай тагдырлар менен адамдар келишет. Акыйкатчы Токон Мамытов аларды балан күнү кел деп жолуна салбастан, кайсы күн экенине карабай, колу бошой калганда эле кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту Ош шаарында тегерек стол өткөрүштү. Анда “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын наамына Чүй облусунун Москва районунун "Садовое" айылынын тургундары кайрылышып, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу тийиштүү органдарга маалымат жеткирүүгө жана "Садовое"айылында жерлерди пайдалануу мыйзамдарын жергиликтүү бийлик тарабынан сакталышын текшерүү максатында ведомстволор аралык Өкмөттүк комиссия түзүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылышкан.

Бүгүн, 2019-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов, Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери “Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган альтернативдүү чараларды өнүктүрүү-Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза мыйзамдарын гумандаштыруунун негизи катары” аталышындагы Улуттук Пробация форумунун ишине катышышты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна караштуу «115 Шыр байланыш» кызматына республиканын бардык аймактарынан стационардык телефондордон жана уюлдук операторлордун байланышынан акысыз чалууга болот.
2019-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин «115 Шыр байланыш» кызматы 2719 телефон чалууну иштеп чыккан, алардын ичинен: үн байланыштары -407, жагдайды байкоо үчүн жана үн билдирүүлөрүнө жооп иретинде 397 кызмат тарабынан телефон чалуулар жүргүзүлгөн.1519 консультациялар, чечмелөөлөр жана сунуштамалар берилген.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Баткен областы боюнча өкүлчүлүгү 2019-жылдын 3-5-апрель күндөрү Лейлек районунда кызматтык иш сапарда болду.2019-жылдын 3-апрелинде Лейлек РИИБ УКЖда кармалып отургандардын мыйзамдуулугун текшеришти.
Бүгүн, 2019-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин тобу “Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун республикалык шериктешиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Г. Кожоярова жана “Медиация улуттук борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Каримбекова менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын персоналды башкаруу, уюштуруу иштери жана кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Абдрахманова Токтокан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ага Ардак грамотаны Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасы Ж.Разаков Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында тапшырган.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Кыргызстандын жарандарынан арыз-даттануулар гана келбестен, көбүнчөсүн арыз ээлеринин маселелери оң чечилген шартта ыраазычылык каттар да келип түшөт.

2019-жылдын 29-мартында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын Борбордук Аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү үчүн соттук-укуктук реформанын маселелери боюнча семинарга катышышты. Бул семинардын уюштуруучулары катары КР Акыйкатчы Аппаратынын укук коргоо органдары тарабынан жана эркинен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышы бөлүмү жана «Сорос – Кыргызстан» фонду (Укуктук программалар директору Нуриана Картаңбаева) болушту.
Бүгүн, 29-мартта, Бишкектеги “Орион” отелинин “Ак-Сай”конференц-залында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери үчүн соттук-укуктук реформа маселелери боюнча семинар өтүп жатат.