КР Акыйкатчысынын дарегине жаран Н.у.Н арыз менен кайрылган. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде эмгектенген.

КР Акыйкатчы аппаратына арыз менен жаран М.К кайрылып, сот отурумуна мониторинг жүргүзүүнү суранган. Ал Ленин райондук сотунда каралып жаткан жарандык иште доогер эле, жумушуна кайра тикеленүү, аргасыз бош жүргөн күндөрү үчүн компенсация төлөтүү талаптарын койгон болчу.

Бүгүн, 2-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КР Акыйкатчысы Токон Мамытовду кабыл алды.
2019-жылдын 22-апрелинен 26-апрелге чейин Акыйкатчы аппаратынын эркиндикти чектөөчү жайларда укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышы бөлүмү жана Акыйкатчынын Ош облустук өкүлчүлүгү тарабынан эркиндикти чектеген жана эркиндиктен ажыраткан жайларда кармалган адамдардын өз убагында жана квалификациялуу медициналык жардамга жетүү шарттарын үйрөнүү боюнча изилдөөнүн алкактарында Кыйноолорго каршы коалициянын эксперттери менен бирге Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларын жана Ош шаарындагы ШИИБ УКЖга мониторинг жүргүзүлдү.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын кызматкерлери тайкеси тарабынан зомбулукка кабылган баланын иши боюнча мониторингдик ишин улантышууда.

Акыйкатчы Аппараты ИИМдин мекемелериндеги кыйноолорго каршы ишке максаттуу жана астейдил киришти.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) дарегине Сокулук районунун Новопавловка айылынын Чынгыз Айтматов атындагы №1-лицей-мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери жамааттык арыз менен кайрылышкан.Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) дарегине Сокулук районунун Новопавловка айылынын Чынгыз Айтматов атындагы №1-лицей-мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери жамааттык арыз менен кайрылышкан.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдарынан белгилүү болгондой, 27 апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май районун РИИБ кызматкерлери өз жээнин жипке байлап машинанын артында сүйрөтүп, балага таш боор мамиле жасаган 32 жаштагы Б.С. кармалган. Милициянын маалыматы боюнча 9 жаштагы Ж.К атасы жок, апасы туугандарына калтырып, Россияга акча иштеп келүүгө кеткен.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратына Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн №49 үйүндө убактылуу жашап турган Э.Б. арыз менен кайрылган.
Э. Б. Баткен облусунун Кадамжай райондук паспорт бөлүмү тарабынан 1998-жылы алган паспортун (1994-жылдагы үлгүдөгү) жоготуп алган. Кыргыз Республикасынын жараны болуп туруп, ушул убакытка чейин паспорт ала албай жүргөнүнө нааразычылыгын билдирген.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов бүгүн 26-апрелде КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген “Петицияларды КР Жогорку Кеңеши тарабынан кароонун тартиби жөнүндө ”Жобонун долбоору, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долдоорлору боюнча коомдук угууларга катышты. Аракеттеги мыйзамдарга петицияларды кароо бөлүгүндө өзгөртүүлөр сунушталган..
Коомдук угууга КР Президентинин Аппаратынын, Өкмөт Аппаратынын, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун, Финансы министрлигинин, КР Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү соттордун судьялары, адвокаттык шериктештиктин, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн эксперттер, юристтер ж.б. катышты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) менен Жоокерлердин энелеринин республикалык комитети менен түзүлгөн меморандумдун алкагында 2019-жылдын 25-апрелинде . Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Касымов, жогоруда көрсөтүлгөн комитеттин төрайымы У.Байгубатова жана комитеттин Ош облусу боюнча өкүлү Н.Ыдырысова Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгынын “Ак-Буура” чек ара заставасында жоокерлер менен жолугушуу өткөрүштү.

Бүгүн 25-апрелде КР Акыйкатчысы Токон Мамытов БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык офисинин башчысы Андрей Селезнев жана БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программасынын координатору Жыпара Ракишева менен жолугушту.

24-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Евробиримдиктин элчиси, Евроюиримдиктин Борбордук Азиядагы Атайын өкүлү Петер Бурианды, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэрди жана Кызматташтык боюнча Башкармалыктын жетекчиси Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Шарлот Андриенди кабыл алды.