“AКИpress” маалымат агенттигинин журналисти Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча маалымат чыккан күндөн тартып, бул иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө.

Атыр АБДРАХМАТОВА, КР Акыйкатчысы:
Акыйкаттык издеп, зарлап жүргөн жарандардын көптүгү өкүнүчтүү” – Атыр айым, акыйкаттык издеген жарандар менен тыгыз иш алып барып жаткан экенсиң, кандай көйгөйлөр менен кайрылышууда?

Ушул жылдын 18-майынан 21-майына чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын Ош шаарына жана Ош облусуна иш сапары болот.

1-7 май күндөрү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери Дания Королдугуна барышып, Дания Омбудсменинин жана Адам укуктары боюнча Дания институтунун кызматкерлери менен мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинде адам укуктарын коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун эл аралык стандарттарын илгерилетүү боюнча тажрыйба алмашышты.

2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуусу онлайн режиминде өттү. Жарандарды онлайн кабыл алуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө биринчи жолу Акыйкатчы Инстутуту тарабынан колдонууга киргизилип жатат.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен жарандарды онлайн кабыл алуу болот.

Ушул жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Терроризмге, зордук-зомбулук анын радикалдашына каршы күрөшүү боюнча багыттагы 4 программанын эл аралык долбоорунун координатору Аисия Кадри Юлианни жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын улуттук координатору Кубан Исмаилов менен жолугушту.

Ушул жылдын 25-апрелинде Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстандын Медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова, ошондой эле «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Чолпон Бабалиева жана коалициянын юристи Жыпариза Жумагазиева менен жолугушту.

2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова менен “Жарандык союз” бейөкмөт уюмунун теңтөрагасы Урмат Казакбаев кызматташуу жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Бүгүн, 2022-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун Борбордук аппаратында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова БУУнун Кеңешинин жумушчу тобунун аялдарга жана кыздарга карата дискриминация маселелери боюнча Төрайымы Элизабет Бродерик айым менен жолугушту. Бул топтун мүчөлүгүнө, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков башында турган өкүлдөр бар.