Бүгүн Акыйкатчы А. Абдрахматова жаран Ниязов Фарид Абилезимовичтин ден соолугунун абалын эске алуу менен анын мындан ары камакта кармалуусунун негиздүүлүгүн тез арада карап чыгуунун зарылдыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине, Башкы прокуроруна кайрылды. Айыпталуучу Ф.А.Ниязовдун өкүлдөрү жана тарапташтары бир нече ирет анын ден соолугунун абалы оор экендигин билдирип келишкен.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун актуалдуу маселелери, Омбудсмен Институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда эки жаштагы Егордун сабалышы боюнча өтүп жаткан соттук отурумга байкоо жүргүзүүдө. Егор атасынын иш берүүчүсү А.Самаркин аттуу жаран тарабынан сабалган.

Бүгүн саясат таануучу М. Казакпаевдин өлүмү боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Жыйында УКМКнын тергөө абагын, Ички иштер министрлигине, Жаза аткаруу кызматына караштуу тергөө абактарында адам укуктарынын сакталышын текшерүү боюнча жумушчу топтун иш планы түзүлдү жана Б. Асанбаевдин өлүмү тууралу окуяны да иликтөө чечими кабыл алынды.

Акыйкатчынын наамына С.К. аттуу жаран карындашына болушкан уулу Ж.К.ны ур-токмокко алган балдардын тобуна карата тергөөнүн аракетсиздиги боюнча арызданган.

16-июнда, Акыйкатчынын аппаратына Аламудун РИИБдө шектүү катары кармалган жарандардын ур-токмоко алынышы тууралуу маалымат түшкөн. КР Омбудсмени А. Абдрахматова аппараттын кызматкерлери менен бирге, маалыматты тастыктоо үчүн Аламүдун райондук ИИБнө барган учурда, кармалган адамдарды Бишкек ШИИБнүн УКЖна алып кеткени маалым болду, аталган жерге барганда УКЖдын кызматкерлери аларга эч ким алынып келбегендигин билдиришкен.

Акыйкатчы политолог М. Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү.

Акыйкатчы институту Марат Казакпаевдин жубайынын 2022-жылдын 6-июнда түшкөн арызынын негизинде медициналык жардам учурунда канчалык жеткиликтүү болгондугун, бөгөт чарасы өз маалында кайсы себептерден өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) мамлекеттик кызматтын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

1. Окуя тууралуу маалымат.
2022-жылдын 25-майында Фейсбук социалдык тармагы аркылуу Сузак районундагы мектепте мугалим окуучу кызды сабап салганы тууралуу видео тараган. Корсотулгон кадрда мугалим класстын ичинде башка классташтарынын (балдардын) көзүнчө окуучуну кантип сабап жатканы тууралуу окуя тартылган. Мугалим ал кызга баласы менен тең экенин айтып, оозун жабууну талап кылып сабагандыгы корунуп турат.

27-май күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Жалал-Абад облусунун тургундарын онлайн кабыл алды. Онлайн кабыл алууда жалпы 47 адам катышса, анын ичинен Ала-Бука районунан 13 жаран, Аксы районунан 4 жаран, Сузак районунан 12 жаран, Базар-Коргон районунан 8 жаран, Ноокен районунан 6 жаран, Баткен районунун Сүлүктү шаарынын 4 жаран катышты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А.Абдрахматова жашы жете элек А.А. карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасына өзгөртүү боюнча чукул чараларды көрүү талабы Ички иштер министрлигине кайрылды.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 18-21-май Ош облусунун 99 жашоочусун жеринен кабыл алган. Ош шаарында 99 адам; Кара-Суу районунда 12 жаран; Ноокат районунда 24 жаран Акыйкатчыга жеке кабыл алуусунда болуп, айрым маселелер жеринде чечилди.