






Кой-Таш аскердик бөлүгүндөгү аскердин өлүмү, Беловодск айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкеринин ур-токмокко алынышы, Нөөмөт жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкеринин Республикалык психо-неврологиялык борборго түшүп калышы ж.б. окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

2022-жылы 13-июлда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен видео жолугушуусу өттү.


Бүгүн, 2022-жылдын 30-июнунда, «Кылым шамы» АУКБнун Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкери менен биргеликте Акыйкатчы А.Абдрахматованын тапшырмасы боюнча Мамакеева атындагы Улуттук хирургиялык борбордун (УХБ) ириңдүү-септикалык хирургия бөлүмүнө барышты. Бул бөлүмгө Назгүл Өзкөнбаева кечээ, 29-июнда оор абалда алып келинген.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин бир катар беренелеринде каралган кылмыштарды жасаган деп айыпталган соттолуучу Р.Р. Панфилов райондук сотунда анын жазык ишин кароодо сот отурумуна мониторинг жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова «Адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууда Борбордук Азия мамлекеттеринин Омбудсмендеринин кызматташтыгы» деген темада Борбор Азия өлкөлөрүнүн Омбудсмендеринин 1-(биринчи) форумуна катышууда.
Иш-чара 28-июнда Ташкент шаарында «Өзбекстан» Эл аралык форумдар сарайында өттү.

2022-жылдын 27-июнунда саат 9:00-дөр чамасында Льва Толстого/Чолпон-Атинская көчөлөрүнүн кесилишинде (Аламүдүн району) 17 жаштагы Ж. баланы поезд сүзүп каза болду.

КР Акыйкатчы институтуна Кыргызстандын жараны А.К. кайрылып, кайненеси ага билдирбестен жана макулдугусуз жашы жете элек балдарын алып кеткендигин билдирген.