Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Акыйкатчы А. Абдрахматованын дарегине Нарын облусунда окуучу балдарга карата зордук-зомбулук, мектеп "рэкети" күч алганы боюнча, укук коргоо органдарынын бул көрүнүшкө кайдыгер болгону тууралуу бир нече арыз-даттануулар түшкөн. Балдардын укуктарынын сакталышан жеринен көз карандысыз баа берүү максатында Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү "Балдардын укугун коргоо лигасы " коомдук фонду менен биргеликте окуучулардын коопсуздугун, укугун коргоо боюнча тиешелүү органдардын иш аракеттерине мониторинг жүргүзүп, анын алкагында ар кандай курактагы Нарын шаарынын тогуз мектептин ичинен 700 окуучунун арасында атайын сурамжылоо жүргүздү. Мониторингтин алкагында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, мектептердин социалдык педагогдору, ата-энелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда балдардын укуктарын жана милдеттерин коргоо боюнча атайын талкууларды өткөрдү. Мониторингтин жыйынтыктары менен балдардын укуктарынын бузулушун жана аларга карата зордук-зомбулукту, талап-тоноочулукту алдын алуу боюнча атайын сунуштамалар тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, мамлекет жетекчилигине берилет. Мектеп окуучуларынын коопсуздугу боюнча Нарын шаарында болуп өткөн мониторинг, БУУнун КРдагы Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын көмөктөшүүсү менен ишке ашырылды.

2022-жылдын 15-ноябрында Москва шаарында Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын VII-жыйыны болуп өттү, анда адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн (омбудсмендердин) ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бири катары укуктук агартуу маселелери талкууланды. 
Омбудсмендердин Евразиялык альянсы адам укуктарын коргоо жана укуктук агартуу жаатында түрдүү мамлекеттердин омбудсмендеринин ортосундагы кызматташтыкты камсыздоо, өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча бирикме. Учурда Омбудсмендердин Евразиялык альянсына 9 өлкөнүн: Армения, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Россия Федерациясы, Сербия, Тажикстан, Өзбекстандын Улуттук укук коргоо институттары (Омбудсмендери) кирет. 
Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын VII-жыйынына Азербайжан, Беларусь, Түркмөнстан жана Түркиянын Акыйкатчылары байкоочу катары катышты.

 

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелеринде адам ушул багыттарда иш алып барган Улуттук Институттардын - Акыйкатчылардын бийлик бутактары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланат.

Кенен маалымат...

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелеринде адам укуктары боюнча Улуттук Институттардын - Омбудсмендердин бийлик бутактары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланат.

Кенен маалымат...

Бүгүн 24-октябрда Бишкекте мындан 15 жыл мурун киши колдуу болуп каза болгон белгилүү журналист Алишер Саиповду эскерүү иш чарасы өттү. Ага маркумдун жакын туугандары, журналисттер, эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышты.

Кенен маалымат...

2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунда Кыргыз Республикасынын аймагында 20 жылдан ашык убакыттан бери жашап жаткан Афганистандын жарандарынын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү маселеси боюнча эксперттик кеңешме болуп өттү.

 

2000-жылдардын башында бир нече ондогон үй-бүлөлөр согуштан качып, Кыргыз Республикасынан башпаанек издөөгө аргасыз болушкан. Кыргызстандын аймагында көп убакыт жүргөнүнө карабастан, аларды качкын деп таануу маселеси чечиле элек, ошол себептен: - өлкөдө болуу укугуна тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок; - мыйзамдуу түрдө иштөөгө укугу жок; - өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жашоосун камсыз кылуу үчүн укуктарды жана эркиндиктерди толук пайдаланууга шарттары жок.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун эксперттери БУУнун тутуму тарабынан «мандаттуу качкындар» деп таанылган Афганистандан келген адамдардын муктаждыктарын жана талаптарын, ошондой эле укуктарынын сакталышын баалоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырышты. Жалпысынан изилдөөгө 30 үй-бүлөдөн 129 адам камтылган. Акыйкатчы институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, коомдун “көзгө көрүнбөгөн” мүчөлөрү Кыргызстандын көпчүлүк жарандары сыяктуу, жергиликтүү коомчулукка толук аралашып, балдары мектептерде жана ЖОЖдордо окушат. Бирок, жөнгө салынбаган статус аларды өз укуктарын ишке ашырууда аялуу абалга келтирет, мисалы, укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылуу керек болгондо, алардын болушунун мыйзамдуулугу боюнча дароо эле маселе жаралат.

Акыйкатчы А. Абдрахматова мамлекеттик органдардын бардык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө согуштан качып, Кыргызстанда тынч жашоону издөөгө аргасыз болгон чет элдик жарандарды документтештирүү маселесин биротоло чечүүгө кандайдыр бир мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрдү табуу сунушу менен кайрылды. Мамлекеттик кызмат калк менен иштөөгө болгон мамилени өзгөртүүнү талап кылат, «жок» деп айтуу оңой, бирок ар бирибиздин чыныгы милдетибиз "ооба" деп, адамга өз укуктарын ишке ашырууга жардам берүү, мыйзамдын чегинде колдон келгендин баарын жасоо”-деп белгиледи А. Абдрахматова.

“Мандаттуу качкындардын” укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча эксперттик жыйынга Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын башкармалыгынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, “мандаттуу качкындарды” укуктук камсыздоого адистешкен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

    

Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс 2021-жылдын 21-октябрындагы №125 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесинин, 2008-жылдын 4-августундагы № 184 Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин, 2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт.

 

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

1) администрациялык кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

- Жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

- Жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

3) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

- Жогорку билим;

- Иш стажы талап кылынбайт.

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Жалпы мыйзамды билүү:

Башкы административдик кызмат орундарынын тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4. "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

6. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

7. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы

8. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

9. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Улук административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;;

2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди өткөрүү керек:

– өз арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттуулуктун бар же жоктугун көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимди тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү, (эгер болсо), нотариалдык же соңку иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлүшү керек;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген стажы бар болсо), нотариалдык же соңку иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлүшү керек;

– окумуштуулук даража же окумуштуулук наам берилгени жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

–паспорттун көчүрмөсү.

Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 12-октябрынан 31-октябрь күнү кошулуп жүргүзүлөт. Дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көчөсү 120, 207-кабинет, тел.: 663297.

Акыйкатчынын кеңсесине адвокат Э. Жылышева Акыйкатчы аппаратынын жетекчилигине жана кызматкерлер Абдукеримов Акжол менен Малдыбаев Жалилге ыраазычылыгын билдирди. Ал Мамлекеттик жактан кепилденген юридикалык жардам (МКЮЖ) тутумунда иштейт.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы аппаратына 2022- жылдын 10- октябрь күнү айрым жерлерде (Ош, Талас, Балыкчы, Бишкек) Ош облусундагы Кемпир- Абад суу сактагычы боюнча протоколду жокко чыгаруу жана Баткен облусундагы төрт чек ара заставасын кайтаруу талабы менен митинг өтөт деген маалымат түшкөн.

Кенен маалымат...

2003-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Э. Б., дарыканадагы фармацевт менен урушуп, патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын РИИБине жеткирилген. Ошол жерден аны милиция кызматкерлери сабашып, ага карата ырайымсыз, адамгерчиликсиз, ар-намысты басмырлаган мамиле кылышкан .

Кенен маалымат...

Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту Медиа Полиси Институту менен биргеликте КР КЖК 330-беренесинин (кастыкты (араздашууну) козутуу) тобокелдиктери боюнча эксперттик талкуу өткөрдү

Кенен маалымат...

Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырза менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кенен маалымат...

2022- жылдын 1- октябрь күнү Акыйкатчы аппараты Баткен окуясынан улам аргасыз жер которуп келип, Ысык- Ата районунун Ивановка айылында жайгашкан жарандардын балдары үчүн акысыз Цирк көрүүнү уюштурду. 

Кенен маалымат...

Акыйкатчы Институту Кадамжай, Баткен райондорунда, Баткен шаарында аргасыз жер которуп келишкен аялдар менен жолугушууларды өткөрдү 

  

2022-жылдын 27-28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А. Абдрахматова жана Омбудсмен Институтунун кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунан аргасыз качкан айымдардын арасында сурамжылоону Марказ а., Кадамжай ш., Баткен ш. убактылуу жайгашкан жерлеринен өткөрдү.  

Акыйкатчы Институтунун универсалдык сурамжылоосунун алкагында, Тажик аскерлери таңкы саат 6-7 чамасында тынч жаткан элге ок атып, үйлөрүнүн, көчөлөрүн жардырып кыргыз элине кол салгандыгы, куралдуу аскерлердин аркасында жарандык кийимчен адамдар менен бирге тажик тез жардам кызматы жүргөндүгү маалым болду.  

Акыйкатчынын сурамжылоосуна катышкан айымдар төмөнкү 

көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү суранды: 

1) Чек ара маселесин чечип, коопсуздукту Өкмөт тарабынан камсыздоону. 

2) Гуманитардык жардамдарды аткыланган айылдарда калган үй-бүлөлөргө да бөлүштүрүп берүүнү. 

3) Кышкы кийимдер менен камсыз кылып берүүнү, балдарды окуу процессине тез арада тартуу менен, окуу куралдары, кийим менен камсыз кылууну.  

4) Банктарда кредиттери бар жабыркаган үй бүлөлөргө жеңилдиктерди берүүнү. 

5) Жаш балалуу үй бүлөлөргө жөлөк пул берүүнү камсыздоо. 

 

Акыйкатчынын сурамжылоосуна алардын көпчүлүгү Көк-Таш, Мин-Булак, Достук, Ак-Сай, Көк-Терек, Мин-Өрүк, Ак-Татыр, Кара Бак айылдарынан келишкендигин билдирип, бир нече жолу аргасыз жер которуп качышкандыктарын, кооптуу шартта жашоодо мүмкүн эместигин баса белгилеп айтышты. Андан сырткары, Тажикстан менен чектешкен жерлерге коюлган тосмолордун алынып салуусуна нааразычылыгын билдиришти.