Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышынын абалын талкуулашты.

Жолугушууда тараптар адамдардын социалдык абалына, жынысына, жарандыгына жана башка көрсөткүчтөргө карабастан социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы түзүлгөн шарттар боюнча пикир алмашуу менен бирге, сөз эркиндигинин, гендердик теңчиликтин сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын өзүнө расмий эл аралык деңгээлде алган милдеттенмелердин аткарылышына жана бардык мамлекеттик органдардын бул милдеттенмелерди так сактоосу козголуп, Кыргызстандын Акйыкатчысынын макамын жогорулатуу керектиги баса белгиленди.

 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова катуу жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана курман болгондорго байланыштуу боордош Түркия элине көңүл айтты.

Бүгүн, 17-фервалда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигине барып жана Түркиянын түштүк-чыгыш провинцияларында 6-фервалда болгон жер титирөөнүн кесепетинен улам көп сандаган адам өмүрлөрүн алып кеткен кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Акыйкатчы көңүл айтуу китебине өзүнүн жазуусун калтырды.

“Бүткүл Кыргызстандын энелери терең кайгырат жана курман болгондор менен жабыркагандардын орду толгус жоготуусун чын дилдеринен бөлүшөт. Бул кыйын күндөрдө биздин ойлорубуз, кылган дубаларыбыз биздин боордош элибиз менен биргеликте. Биз Жараткандан каза тапкандарды өз мээрине алсын жана жакындарына сабыр берсин деп тилейбиз. Баардык жаракат алгандар жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”.

Белгилей кетсек, буга чейин КРнын Акыйкатчы институтунун жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Түркия Республикасынын аймагында болгон катуу жер титирѳѳдѳн жабыркагандарга которушкан.   

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзүнүн кесиптеши -Түркиянын Башкы Омбудсмени Шереф Малкочко да көңүл айткан кат жөнөткөн.  

 

 

 

 

Учурда Кыргызстандын миңден ашуун жараны чет өлкөлөрдө жасаган кылмыштары үчүн абактарда жазасын өтөп жатышат же ар кандай мыйзам бузуулар менен убактылуу кармоочу жайларда кармалышууда. Бул тууралуу Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун орун басары Альберт Колопов “Миграциялык коопсуздук: саясий-укуктук процесстер, көйгөйлөр, коркунучтар жана  Борбор Азия аймагындагы  өлкөлөрдүн контекстинде алардын Кыргыз Республикасындагы улуттук коопсуздукка таасири” деп аталган илимий-практикалык конференцияда баяндама жасаган учурда маалымдады.
“Бул маселе боюнча жыл сайын Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна эмгек мигранттарына байланыштуу 50-60дай арыз келип түшөт. Алардын көбү Россия Федерациясынын жабык жайларында кармалган же жазасын өтөп бүтүшкөн мигранттар, айрымдары Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандагы мигранттарга тиешелүү. 
Арыз ээлери өз кайрылууларында укуктук жардам алууну, же соттолгондор Кыргызстандык жарандарды мекенинде жазасын өтөш үчүн экстрадициялоого көмөк көрсөтүүнү суранышат.  
Өткөн жылы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кийлигишүүсү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын көмөгү менен Казакстанда кармалган 4 жараныбыз бошотулуп, өз мекенине кайтарылса, Россия менен Тажикстандан дагы 4 жаран жазасын Кыргызстанда өтөө үчүн экстрадицияланган. Мигранттардын негизги көйгөйү – бул алардын каттоого туруусу, дагы бир орчундуу маселе бул - “кара тизме””,-деп белгиледи Акыйкатчынын орун басары.

Фото:sputnik.kg


 
 

 

Мамлекет коррупция менен натыйжалуу күрөшүүсү керек, бирок бул мамлекеттин адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жаатындагы милдеттерин аткаруусунун бир бөлүгү болушу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда “Коррупцияга каршы аракеттенүү: санариптештирүү шарттарында саясий-укуктук, эл аралык жана улуттук стандарттарды сактоо, коркунучтар, чакырыктар жана алардын Борбор Азия мамлекеттерине таасири” деп аталган илимий конференцияда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун орун басары Альберт Колопов билдирди.

Акыйкатчы институтунун орун басары коррупция кайсы гана мамлекеттин болбосун жашоо ишмердигинин баардык тармактарында болуп жана адам укуктары менен эркиндиктерине түз таасир берип жатканын эскертти.

“Коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, бүткүл дүйнөдө актуалдуу болуп жатат.

2003-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупция боюнча Конвенциясынын кабыл алынышы дүйнөлүк деңгээлде кабыл алынган коррупцияга каршы милдеттүү биринчи юридикалык келишим болуп калганын эске алуу менен мамлекеттер коррупцияга каршы чаралардын квалификациялык имплементациясы боюнча милдеттерди алышкан. Бул өз кезегинде мыйзамдарга, мамлекеттик жана коомдук институттарга таасир берет.

2012-жылы КРнын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган, бул Кыргызстандын коррупция менен күрөшүү боюнча эл аралык милдеттерин аткарып жатканынын мисалы болуп саналат. 

Ошол эле маалда Акыйкатчы (Омбудсмен) институту коррупция менен күрөшүү мамлекеттин жарандарды коргоо, тартипти жана мыйзамдарды сактоо жаатындагы стандарттарын сактоо боюнча милдеттерин алып салбайт деп белгилейт.

Мамлекет коррупция менен натыйжалуу күрөшүүсү керек, бирок бул мамлекеттин адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жаатында милдеттерин аткаруусунун бир бөлүгү болушу зарыл”,-деп белгилеп өттү Альберт Колопов.  

Жыйындын максаты - коррупция феноменин изилдөө, тажрыйба алмашуу Борбор Азия өлкөлөрүндө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу экенин жыйынды уюштуруучулар белгилешти.

Фото: Азаттык

 к

 

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келинге орой мамиле кылган тергөөчүнүн иш-аракетине этика комиссиясында баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна 2022-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарынын тургуну Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арызда жолдошу тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз бергени, бирок тергөөчү К.М. тергөө амалдарын тиешелүү деңгээлде жүргүзбөй, орой мамиле кылганы айтылган.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ички иштер министрлигине жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына териштирүү иштерин жүргүзүүгө жана тергөөчү К. М.га карата тиешелүү чара колдонуу боюнча ыкчам каттарды жиберишкен.

Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, аталган арыз боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын,  Б. А.га коргоо ордери берилгенин, материалдын көчүрмөсү  Коомдук коопсуздук кызматына жиберилгендигин билдиришкен.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 18-январында Акыйкатчы интститунун кызматкерлери У. Абылгазиева жана Анарбек кызы Бүбүсайра алынган маалыматтар боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыган барышып, жеринде териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө аталган коргоо ордери берилбегендиги аныкталган.

19-январда Биринчи май райондук коомдук коопсуздук кызматы тарабынан Б.Анын жолдошу кармалып, Биринчи май соту тарабынан күнөөлүү деп табылды жана 40 саатка коомдук иштерге тартуу чечими чыгарылды.

Ал эми, тергөөчү К. М.нын иш-аракетине баа берүү этика комиссиясынын кароосуна жиберилип, Акыйкатчы институту тарабынан тергөөчүнүн аракети этика комиссияда каралуусуна жетишти. Учурда комиссиянын жыйынтыгы күтүлүүдө.

 


 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова адилеттүүлүккө карата курч сезими Томас Мордун “Утопия” деп аталган философиялык эмгегин окугандан кийин жаралганын айтты. Кийинчерээк саясий-укуктук тармакта иштеп жатып ал баардыгы үчүн идеалдуу дүйнө болбой турганын түшүнгөн.    

Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Абдрахматова өзүнүн дайыма окуй турган чыгармалары деп британиялык жазуучу Джордж Оруэллдин "1984" жана "Скотный двор" деп аталган китептери экенин айтып берди.

“Оруэллдин чыгармалары өлкөнүн тагдырына активдүү катышуу-ар бир жарандын жоопкерчилиги экенине үйрөтөт. Ошол эле маалда жарандар кимдир-бирөө жан аябастан алардын эркиндигин коргойт деп үмүттөнбөшү керек”,-деп эсептейт Абдрахматова.

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Джордж Оруэлл тарабынан жазылган көзөмөл системалары биздин азыркы учур тууралуу да сүрөттөөрүн жана китепте айтылган башкаруу моделдери мамлекеттин деңгээлинде гана эмес, ар бир үй-бүлөнүн ичинде дагы колдонулса боло турганын белгиледи. Мамилелерди идеалдуу түзүлүшкө жеткирүү кыйын экенин түшүнүү менен ар бир адам өзүнүн “кичинекей мамлекетинде” демократиялык ыкмаларды колдонууга жок эле дегенде аракет кылуусу керек.

Маектин толук версиясын аудио жазуудан угуңуз:

https://ru.sputnik.kg/20230122/ombudsmen-chtenie-antiutopiya-oruell-1984-skotniy-dvor-tomas-mor-1072217842.html

Фото: sot.kg

“Кыргыз Республикасынын Конституциясында айтылгандай, Кыргызстан социалдык өлкө, ага ылайык, мамлекет тараптан калктын аялуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыздоо боюнча системалуу колдоо керек”,-деп билдирди Акыйкатчы Атыр Абдрахматова турак-жайга карата жарандардын укугу талкууланган тегерек столдо.

Акыйкатчы институнда жарандардын турак-жайга карата укуктарын талкуулоо, ошондой эле аз камсыз болгон жана муктаж тараптарды мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак-жай фондулары менен камсыздоо боюнча жагдайды талкууланган эксперттик уктуруу өттү. Талкууга мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова абдан көп жарандар турак-жай, жер үлүштөрүнө жетүү боюнча талаштуу маселелерди чечүүгө көмөк сурап кайрылышарын маалымдады.

“Расмий статистикалык маалыматка таянсак, Кыргызстанда ар бир төртүнчү жаран жакырчылыкта жашайт. Тилекке каршы, дагы эле аялуу топтордун саны азайбай келет. Алардын арасында эң эле көйгөйлүүлөр болуп көп балалуулар, улуу муундагылар, аймактардагы жаштар эсептелет. Ошондой эле үйлөрүн мыйзамсыз тарттырып жиберген, менчиктештирүүдө алданып көчөдө калган адамдар да көп. Алар жылдар бою соттошуп келишет.Дагы бир башкы милдеттердин бири калктын аярлуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыз кылуу”,-деп белгиледи Акыйкатчы.

Акыйкатчы институтуна турак-жай боюнча:

            2020-жылы - 110 арыз;

2021-жылы - 95 арыз;

2022-жылы - 62 арыз түшкөн.

2022-жылы Акыйкатчынын атына үлүштүк курулушка катышуудан жабыр тарткан 19 жамааттык жана жеке кайрылуу келип түшкөн. Жарандар курулуш компаниялары менен турак-жай кооперативдерине карата арыз беришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов социалдык турак-жай боюнча маселени мыйзамдуу деңгээлде чечүү маанилүү деп эсептейт.

«Мурда турак-жай менен камсыздоо боюнча программалар бар эле. Мамлекетте мындай практикаларды киргизүү жана ишке ашырууга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекет калктын аялуу тобуна колдоо көрсөтүүсү зарыл”,-деп билдирди.

“Биздин укук” коомдук фондунун директору Калича Умуралиева өлкөдө социалдык турак-жайды берүү шарттарынын так критерийлери аныкталган өзүнчө мыйзам ушул кезге чейин жок экенин белгилеп өттү.

Каржылык мүмкүнчүлүктөрү жок адамдар үчүн мамлекет социалдык мамлекеттик ижара турак-жай фондун-социалдык турак-жайды калыптандырат. Аны мыйзам менен аныкталган калктын аялуу тобунун өкүлдөрү колдонууга укуктуу. Ошондуктан “Биздин укук” коомдук фондунун эксперттери тарабынан иштелип чыккан “КРнын социалдык турак-жай жөнүндө” мыйзам долбоору өкмөткө демилгелөөгө берилди, бирок кабыл алына элек.

Эксперттик талкууда жетиштүү турак-жайга калктын жетишүүсү ар кандай жолдор менен камсыздалары белгиленди:

  • Жеке каражаттардын эсебинен экинчи рынокто турак-жай сатып алуу,
  • Ипотекалык насыялоо аркылуу жеке менчик турак-жайды сатып алуу, 
  • Үлүштүк курулушка катышуу,
  • Курулуш турак-жай кооперативдерине катышуу,
  • Калктын айрым топтору үчүн төмөнкү баа боюнча турак-жай сатуу,
  • Жеке менчик турак-жайды ижарага алуу, 
  • мамлекеттик/муниципалдык турак-жайды ижаралоо;
  • мамлекет тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге (көп учурда-укук коргоо органдарынын кызматкерлерине) турак-жай берүү 

КРнын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун директорунун орун басары Р. Джайлобаева ведомство тарабынан иштелип чыккан “Үлүшкө катышуу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады.

Ал тилекке каршы, азыркы учурга чейин үлүш курулушу мыйзамга ылайык жөнгө салынбаганын, миңдеген жарандар акчасыз жана турак-жайсыз калганын, ал эми өз ишин так аткарбаган куруучу компаниялардын айынан курулуш тармагына имидждик жактан сокку берилгенин белгилеп өттү.

Өз сөзүндө Р. Джайлобаева аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканын жана биринчи кезекте өз ишин так аткарбаган куруучу компаниялардан жарандарды коргоого жана жарандардын салган каражаттарынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле эксперттик талкууда “Биздин укук” коомдук фондунун өкүлү В. Болтобаева Акыйкатчы институтуна караштуу жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга жер участокторун алуу,(сатып алуу) жөнүндө мыйзам” долбоорун тааныштырды.

Мыйзам долбоору жер участокторун, турак-жайды алуу процесстерине катышкандардын мамилесин жөнгө салууга багытталган, анда алуунун өзүнүн эрежелери менен процедуралары биринчи кезекте катардагы жарандардын, ошондой эле баардык катышуучулардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоонун жагдайында чагылдырылган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова катышуучуларды Акыйкатчы институту парламенттик орган катары турак-жай тармагындагы жарандардын жана адамдардын укуктарынын сакталышын байкоочу мониторингди мындан ары да ишке ашыра берерин ишендирди.

Талкуунун жыйынтыгы менен анын катышуучулары КРнын Акыйкатчы Институту менен биргеликте “Социалдык турак-жай жөнүндө”, “Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга жер участокторун алуу,(сатып алуу) жөнүндө” мыйзам долбоорлорун жакшылап иштеп чыгып жана аны өлкө парламентине демилгелөөгө жана кабыл алууга жөнөтүүнү чечишти.

Талкууга Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов, КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары К. Ж. Абдрахманов, мамлекеттик органдардын, КРнын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, “Биздин укук” жана “Ош-Интербилим” коомдук фондуларынын өкүлдөрү, жарандардын турак-жай укуктарын коргоо жана ишке ашыруу маселелери менен иш алып барган көз карандысыз эксперттер катышты.

 

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 2022-жылы башка мамлекеттердеги кесиптештери менен кызматташтыкты күчөтүү өлкө чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоодогу натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы 2022-жылдын жыйынтыгы менен Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Молдованын Омбудсмендери менен өз ара аракеттенишүү жөнүндө меморандумга кол койду. Россия, Казакстан, Өзбекстандын, Молдованын Омбудсмендери менен кызматташуу аталган өлкөлөрдө туруктуу жана убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарына өз маалында колдоо көрсөтүүгө жана укуктарын коргоого мүмкүндүк берди. Кызматташтыктын алкагында омбудсмендер өз өлкөлөрүндөгү жарандардын белгилүү укуктары менен  эркиндиктеринин бузулушу тууралуу бири-бирине эскертүү беришет, өз ыйгарым укуктарынын алкагында адам укуктарынын бузулушун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк түзүшөт.

2023-жылы омбудсмендер төмөнкүлөрдү ишке ашырууну пландап жатышат:

-  укуктары бузулган жана чектелген жарандарды биргелешип кабыл алуу; 

- адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча мониторингдер; 

- өз өлкөсүнүн чегинен тышкары иштегенге, окуганга, дарыланууга жана башка максаттар үчүн кеткен жарандар үчүн биргелешкен маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүү;

- адамдардын жана жарандардын эркиндиктери менен укуктары жаатындагы көбүрөөк актуалдуу болгон кыйынчылыктарды биргелешип талкуулоо.

Молдованын Элдик адвокаты (Омбудсмени) менен кызматташуунун алкагында тараптар мигранттарды эң жакшы колдоо тажырыйбасын алмашуу, ошондой эле өз өлкөсүнүн чегинен тышкары добуш берген жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча макулдашты.

Меморандумдарга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү (Омбудсман) Феруза Эшматова, Молдованын Элдик адвокаты (Омбудсмени) Чеслав Панько, Россиянын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Татьяна Москалькова, Россиянын Свердлов областынын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Татьяна Мерзлякова, Казакстандын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Эльвира Азимовалар кол коюшту.

Абдрахматова белгилегендей, Өзбекстандын, Россиянын, Казакстандын, Молдованын Омбудсмендери менен меморандумдарга эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптери жана нормаларына ылайык кол коюлду, бул башка мамлекеттердеги кесиптештер менен кызматташтыкты жакшыртты жана өлкө чегинен тышкары жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоодогу натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди.

 

 

2023-жылдын 20-январында саат 9:30да Омбудсмен Институтунда жеткиликтүү турак-жайга жарандардын укуктары маселеси боюнча эксперттик талкуу болот.

Эксперттик жолугушуунун максаты-турак-жай тармагындагы ар түрдүү багыттарды талкуулоо жана Кыргыз Республикасында жетишерлик турак-жайга карата жарандардын укуктарынын абалын баалоо.

Эксперттик уктуруу мамлекеттик органдардын, КРнын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарынын, КРнын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрүнүн, турак-жайга жарандардын укуктарын ишке ашыруу жана коргоо маселелери менен иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдар, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өтөт.

Эксперттик уктурууда социалдык турак-жай аркылуу калктын аярлуу тобуна жетиштүү турак-жайды жеткиликтүү кылууну ишке ашыруу маселелери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ипотекалык насыялоо аркылуу турак-жайга жеткиликтүүлүгүн ишке ашыруу, ТКК (турак-жай-курулуш кооперативдери) системасы, үлүш курулуштарына жарандардын катышуусу менен турак-жайга жеткиликтүүлүктү ишке ашыруу, кыймылсыз мүлктү коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алуу жана башка маселелер көтөрүлөт.

Медиа жана ЖМКнын баардык кызыктар тараптарын аталган жолугушууга чакырабыз.

Дареги: Бишкек шаары,Тыныстанов көчөсү 120,  Кыргыз Республикасынын Омбудсмен (Акыйкатчы) институту, тел: 66-31-47, 66-32-73, басма сөз кызматы 0707 09 61 09

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жол кырсыгынан каза тапкан 24 жаштагы Айза Улан кызынын жакындары менен жолугушту.

Кырсыктан көз жумган кыздын жакындары Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун тергөө сотунун жол кырсыгынын негизги күнөөкөрүн үй камагына чыгаруу боюнча чечимине макул эместиктерин билдиришти.

Акыйкатчыга кайрылгандардын пикиринде, сот төмөнкүлөрдү көңүлгө алган эмес:

  1. 1974-жылы туулган, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын мурдагы кызматкери, айдоочу У.Н. катуу ылдамдыкта келе жатып жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн токтобой койгон жана мындан улам кызды каршылаш тараптан келе жаткан унаа коюп кетип каза тапкан. Жол кырсыгы болгонуна карабай айдоочу У.Н. кызга жардам бербей, окуя болгон жерден кетип калган.
  2. Сот баш коргоо чарасы жөнүндө чечимди кабыл алып жатып 1974-жылы туулган У.Н. аттуу айдоочунун туруктуу жашаган жери жок экенин эске алган эмес. Мындан тышкары судья чечим кабыл алууда 2016-жылы эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мекемеден анын саламаттыгы тууралуу берилген мөөнөтүз маалым катка гана караган.1974-жылы туулган У.Н. ысымдуу айдоочуну камакка алууга болбой тургандыгы тууралуу кандайдыр бир так медициналдык бүтүм Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун тергөөчүсүндө да, сотунда дагы жок.

Мындан тышкары каза тапкан кыздын жакындары кылмыш-процессуалдык кодексинин жакшыртылбаганынан улам адилетсиз тандалып алынган баш коргоо чарасынын үстүнөн даттана алышпаган Айзанын туугандарынын кызыкчылыгын коргоону өтүнүшүп, ошол эле учурда прокуратуранын атайын кызматкерлери жол кырсыгына негизги күнөөкөр болгон адамдын камакка алынышын талап кылууга шашпай жатышканын белгилешти.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери аталган ишти өндүрүшкө кабыл алышты, прокуратура органдарынан ыкчам талап кылышты жана прокуратура баш коргоо чарасы боюнча чечимди апелляцияга берди.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту жабыркаган тараптын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча ишти улантат.  

 

Кечээ, 17-январда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова жарандарды жеке кабыл алды.

Акыйкатчыга кайрылгандар кылмыш жана жарандык иштер боюнча бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү жана ички иштер, прокуратура органдарынын айрым кызматкерлеринин иш-аракеттерине арыз-даттанууларын билдиришти.

Ф. С. аттуу жаран өгөй атасы аны сабаганы тууралуу ишке укук коргоо органдары көңүл бурбай жатканын, ошондой эле анын чоң энесинин сөөгүн эксгумация кылууга байланыштуу жагдайга укук коргоо органдарынын эч кандай аракети жок экенин айтып даттанды.

У. Н.  аттуу жаран Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны жана анын жашы жете элек кызын борбор калаадагы микроавтобустун (№212 каттам) айдоочусу сабаган учурга аракетсиздик көрсөтүп жатышканына көңүл бурууну акыйкатчыдан суранды. Окуя бир ай мурда болгонуна карабай, укук коргоо органдары балага психологиялык экспертиза дайындоодон баш тартып жатышат.

П. В.аттуу жаран анын кол тамгасын жасалма коюп алып акча каражаттары менен мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышканы боюнча факты тууралуу тергөөнү милиция кызматкерлери беш жылдан бери узартып келе жатышканына арызданды.

Дагы бир Э. У. аттуу жаран үчүнчү тараптар менен адвокаттын алдамчы аракеттеринен улам Ош областындагы өздөрүнүн үйлөрүнөн ажырап калган майыптыгы бар адамдардын тобунун кызыкчылыгын жактап кайрылды.

Мындан тышкары Акыйкатчынын кабыл алуусунда прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата арызын айткан ишкер да болду. Арыздануучунун айтымында, алар убакытты атайлап создуктуктуруп, Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы анын эки компаниясын рейдердик жол менен басып алганы жөнүндө кылмыш ишин кылмыш мөөнөтү өтүп кетти деп жаап салышкан.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, мамлекеттик бюджетке кайтарды.   

2022-жылга Акыйкатчы Институтуна бюджеттен 60 146,6 миң сом каралган. Анын ичинен 86 пайызы эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө бөлүнгөн. Дагы 1,8 пайызы командировкаларга, 3,2 пайызы коммуналдык кызматтарга, 1,9 пайызы транспорт кызматтарына, башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга - 1,6%, учурдагы оңдоого - 3,1% (пайдаланылган эмес) жана башка чыгымдарга каралган.

2022-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик кызмат системасын реформалоонун алкагында Акыйкатчы Аппарат кызматкерлеринин эмгек акысын эки эсеге көбөйткөн, бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат – 24 миллион сомго жакын бөлдүрүү керек эле.

Бирок, Акыйкатчы Аппаратынын ишин кардиналдуу реформалоо менен мамлекеттик ресурстарды оптималдаштыруунун натыйжасында бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө жетишүү мүмкүн болду.

Кошумча каржылоону талап кылбастан, бекитилген бюджеттин чегинде иш алып баруу менен 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, мамлекеттик бюджетке кайтарды.

КР Башкы прокуратурасынын ТБ Б.Сейитбекова жана анын баласы К.Кылдановго КР КЖКнын 209-беренесинин 3-4-бөлүгү менен (алдамчылык) кылмыш ишин козгогон.

Арыз ээси баласын камакка алуу жана кылмыш ишин мыйзамсыз козголгондугун төмөндөгүчө түшүндүрдү.

Биринчиден белекке берилген бөлүнө турчу мүлктүн ишеним каттары, сатуу-сатып алуу келишимдери баары бар жана баардык келишимдер Токтогул шаарында болгон. Бирок жабырлануучу КР Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылган.

Камалган жарандын жактоочусу эки тараптардын жарандык-укуктук мамилелерине карабастан кылмыш иши козголгондугун билдирет. Ошондой эле Б. Сейитбекованын (онкологиялык) оруусуна жана К. Кылдановдун талаштуу мүлккө тиешеси жок экендигине карабай камакка алынышкан.

Экинчиден кылмыш иши кайсы жерде болсо мыйзамдын талаптарына ылайык, арыз Токтогул РИИБге жиберилиши керек эле.

Үчүнчүдөн, жабырлануучу кайрылган арызда убактысы көрсөтүлгөн эмес, мындай учурда арыз кабыл алынууга мүмкүн эмес, кабыл алынса кемчиликтерди жоюу үчүн артка кайтарылыш керек эле деп белгилейт.

Азыркы учурда жактоочунун айтымында кылмыш ишинин мыйзамсыз козголгонун себебинен тергөө изоляторунда негизсиз кармалып отурат деп жактоочу белгилейт. Эгерде жогорудагы жарандар ишке тиешеси болгон учурда да баш коргоо чарасы камакка алууга жол берилбеш керек эле, ага карабастан катаал чара колдонулуп камакка алуу чарасы колдонулган.

БУУнун Бангкок эрежесине ылайык аялдарды эң акыркы чарада камакка алуу керек.  Жазык сот системасында гендерлик теңчиликти сактап, Бангкок эрежеси эске алынуусу зарыл. Акыйкатчы аппараты жогорудагылардын негизинде соттор эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгына тынчсыздануусун билдирет.

Акыйкатчы А.Абдрахматова: “Жаш муун бизден иштин форматтарын өзгөртүүнү талап кылууда, ага байланыштуу Омбудсмен институттары коомдун талаптарына сезимтал болуш керек. Биз өзүбүздүн негизги максатыбызды - адам укуктарынын жана эркиндигинин бузулушун алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек” 
 
16-ноябрда Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн жаштардын укуктарын коргоого арналган VI Эл аралык илимий-практикалык конференцияда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А. Абдрахматова катышып, бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү замандын ыкчам өзгөрүүсүнөн артта калбаш керектигин айтып, мында омбудсмен Институттары – адам укугун коргогон улуттук орган катары жаш муундун укуктарынын бузулушун алдын алуу боюнча укуктук агартуу иштерин күчөтүү керектигин белгиледи. Конференцияга 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышты: Азербайжан, Армения, Абхазия, Бангладеш, Босния жана Герцеговина, Венесуэла, Доминикан Республикасы, Индонезия, Иордания, Иран, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Таиланд Королдугу, Мексика, Монголия, Никарагуа, Пакистан, Перу, Приднестровье, Россия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Осетия. 
Акыйкатчы А.Абдрахматованын сөзү.

https://youtu.be/oD6_7jgdRcY