Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

БУУӨП Акыйкатчы институтунун (Омбудсмен) кеңсесинде укуктук колдоо, маалымат, ошондой эле адам жана жарандардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү боюнча ыкчам жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн видеостудия ачууну колдоп берди.

Кенен маалымат...

«Акыйкатчы  институтуна жана адам укуктарынын сакталышына элдин ишенимин калыптандыруу жана элдин ишенимин чыңдоо милдети турат”-деди бүгүн, 3-мартта, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын   орун басары Улан Примов Омбудсмен Атыр Абдрахматованы ведомствонун эмгек жамаатына тааныштыруу учурунда.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо өттү.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев “Ынтымак” парламенттик фракциясы Атыр Абдрахматованы колдой тургандыгын айтып, буга кошумча Турсунбек Акунду да сунуштап жатышканын билдирди.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 2022-жылдын 27-февралында, таң эртеден тарта Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) борбордук аппаратынын жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери эки бир мандаттуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайталап шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзө башташты. Бишкек шаарындагы шайлоо округдары боюнча — № 27 Биринчи Май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу.

Кенен маалымат...

Балдарды зомбулуктан коргоонун бир айлыгынын алкагында КР Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ак Талаа районунун Баетов айылындагы  "Азык" инклюзивдик окутуу жана кризистик борборунда мониторинг өткөрүштү.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери балдардын укуктарын коргоо боюнча бир айлыктын алкагында 2022-жылдын 17-фералы күнү Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Ш. Токсонов атындагы орто мектепте барып,  мугалимдер жана бүтүрүүчү класстар менен жолугуп, бир айлыктын максатын, Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана өкүлчүлүк тууралуу кеңири маалымат берип, берилген суроолорго жооп берди.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан жарыяланган “Балдарды зомбулуктан коргоонун бир айлыгынын” алкагында түзүлгөн иш мерчемдин негизинде 2022-жылдын 24-февраль күнү Ош облусунун “Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде” балдардын укуктарынын сакталышынын абалына карата мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүүдө КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн эксперта Т.Турганбаев, юрист О.Алиназаров жана Кара-Суу районунун прокурорунун жардамчысы Э.Асанкулов катышты.

Кенен маалымат...

(18.02.2022) КРнын Акыйкатчы институтунун  20 жылдык тарыхында биринчи жолу балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тойгонбай Жаанбаев билдирди.

Кенен маалымат...

2022-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов «Адам укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары – мамлекеттин жана коомдун эң жогорку баалуулугу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн режиминде катышты. Эл аралык конференция Өзбекстан Республикасынын Омбудсмени тарабынан ЕККУ жана АУБЖКБ жардамы менен уюштурулуп, аралаш форматта – оффлайн жана онлайн (ZOOM) платформасында өткөрүлдү.

Кенен маалымат...

   Кыргыз  Репусбликасынын  Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган Балдарды зомбулуктан коргоо боюнча бир айлык өткөрүү жөнүндөгү буйругуна ылайык 2022-жылдын 8-февралынан 9- мартына чейин бүтүндөй республика боюнча    бир айлык жүрүп жатат. Бир айлыктын алкагында Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү тарабынан аткарыла турган иш пландын негизинде 2022-жылы 21-февралда   Бакай- Ата  районундагы “Ленин” атындагы жалпы билим берүүчү  орто мектебинде  иштеген мугалимдер жана  окуучулар менен  жолугушуу өткөрүлдү. 

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан жарыяланган балдардын укугун коргоонун бир айлыгынын алкагында КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү 2022-жылдын 17-февраль күнү Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жапна балдарга жардам берүү борбору” менен биргеликте “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү.

Кенен маалымат...

 Бүгүн, 2022-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары, саясий илимдердин кандидаты Альберт Колопов Кыргызстан Эл аралык университети (КЭАУ) тарабынан уюштурулган “Бүтүрүүчүлөрдүн актуалдуу компетенциялары эмгек рыногундагы алардын суроо-талаптын шарты катары” аттуу тегерек столго катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө А.Колопов «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун кызыкдар тараптар менен болгон байланышын талдоо» темасында баяндама жасады.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган балдардын укуктарын зордук-зомбулуктан коргоо боюнча бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү тарабынан бекитилген планга ылайык, Жумагулов атындагы «Манас» лицей-интернатында болушту.

Кенен маалымат...

2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратында Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков менен БУУӨПтун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Аппарат жетекчиси БУУӨП өкүлдөрүнө туруктуу техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул колдоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун потенциалы чыңдалууда.

Кенен маалымат...