Бүгүн, 2022-жылдын 18-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова КР ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев менен жолугушту, анда эркек кишинин лифтте көз жумган фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде тергөөнүн жүрүшү талкууга алынды.

Бүгүн, 2022-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана Кыргызстандагы журналисттерди колдоо маселелери менен алектенген укук коргоо уюмдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен алгачкы жумушчу жолугушуусун өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 39-беренесине ылайык, “ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу”.

Бүгүн 2022-жылдын 15-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсунун студенттери үчүн “Ачык эшик күнүн” өткөрдү.

Бүгүн, 2022-жылдын 14-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” КФ директору Назгүл Турдубекова менен жолугушту.

Бүгүн, 2022-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдырахматова БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ришард Коменда менен расмий жолугушуусу болду.

Бүгүн, 2022-жылдын 10-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасындагы РФ Элчилигинин Кеңешчиси В.Харченко менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Урматтуу Кыргызстандагы аялзаты,
Сиздерди бүгүнкү эл аралык майрамыңыздар менен жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун атынан куттуктайм.

Бүгүн, 2022-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин жана Германиянын Федералдык Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлинин (BMZ ) “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын өкүлдөрү Исаков Болот жана Самыйбекова Бегимай жана “Адилет” укуктук клиникасынын өкүлү Осмоналиева Айнура менен жолугушуу өткөрдү.

2022-жылы 4-мартта Кыргыз Республикасынын Акайкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана Кыйноолордун алдын алуу Улукттук борборунун Таластагы өкүлү менен бирдикте Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна (УКИ)на мониторинг жүргүзүүгө барышты. Ал жерде кармалгандардын саны-19, алардын бири-аял, жашы жетпегендер жок.

Сөз эркиндиги - бул Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки эң башкы жетишкендиктеринин бири. Бул жетишкендикти эл аралык коомчулук жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр да баса белгилешет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, сөз эркиндиги жана ар бир жаран оз ой-пикирин ачык-айкын билдирүү эркиндиги, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген, аларды так жана кынтыксыз сактоо эгемендүү эркин, укуктук жана демократиялык мамлекеттин негизги көрсөткүчтөрү катары кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Г.Жамгырчиеванын 2022-жылдын 7-февралдагы №16 сандуу 2022-жылдын 8-февралынан 9- мартына чейин “ Балдарды зомбулуктан коргоо, ошондой эле алардын укуктарын жана таламдарын талашуу боюнча бир айлык өткөрүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү тарабынан аткарыла турган иш пландын негизинде КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлү Ж. Узакбаева, жетектөөчү адис М. Такеев 2022-жылы 2-мартта Манас районунун “Улукман” жатак- лицей мекемесине барышты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов, Кыргызстандык делегациянын курамында Ташкент шаарында 3-4-мартта өтүп жаткан “БУУнун глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Биргелешкен аракеттердин планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы” аталыштагы эл аралык конференциянын ишине катышууда.