Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Бүгүн, 6 мартта Казакстандагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакиров соттун чечими менен камакка алынган Кыргызстандын жарандары Д. Асылбек уулу, Ч Абакиров жана А. Мурадиловдун ал-абалын, шарттарын жана алардын укугун сактоо жөнүндөгү маалыматты билүү тууралуу кат жолдогон КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевге жооп берди.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 5 мартта Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргыз республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын сот кызматкерлер күнү менен куттуктады.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы институтуна Казакстандын Тараз шаарындагы 158,4 мекемесинде 3-топтогу майыптыгы бар Кыргызстандын жараны Э. Тентимишев ачкачылык жарыялап, оозун тигип алганы боюнча маалымат келип түштү.

Кенен маалымат...

Бүгүн Акыйкатчы институту менен бирдикте адам укуктары боюнча негизги маселелер жана андагы чечимдердин ишке ашуусун талкуулаган аймактык форум болуп өттү.

Кенен маалымат...

Бүгүн Акыйкатчы институтунда Акыйкатчынын 2017 жыл үчүн жылдык доклады талкууга алынды. Талкууга Акыйкатчы Кубат Оторбаев, Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алымбаев, Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева, Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Мухаббат Карабаева, ошондой эле КР Акыйкатчысынын Аппаратынын бөлүм башчылары катышышат.

Кенен маалымат...

Баткен облусунун Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы 3 жашар кыз өгөй атасы тарабынан сабалганы тууралуу маалымат чыгар менен 22 февраль күнү Акыйкатчы институтунун Баткендеги өкүлү Кадамжай шаарына барып, Кадамжай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Ш.К.Адамова, Кадамжай РИИБнун жаш балдар менен иштөө инспекциясынын башчысы Жалилов, Кадамжай аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери М.Бакиров жана жабырлануучу жашы жете элек өспүрүм Саматова Аяна жана анын апасы Саматова Үмүт менен жолугушуп бул окуя боюнча жеринен маалымат алды.

Кенен маалымат...

Көпчүлүк учурда суицидди мигранттын балдары кылышат, деди Акыйкатчы Кубат Оторбаев 26 февралдагы Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында.

Кенен маалымат...

20-23-февралда Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Кубат Оторбаев БУУӨПнын Стамбул кызматынын жетекчиси Шелли Инглис жана Борбордук Азия үчүн БУУнун АУЖКБ аймактык өкүлү Ришард Коменданын жеке чакыруусу боюнча Женева шаарында (Швейцария) иш сапарында болду жана улуттук укук коргоо мекемелеринин Глобалдык альянсынын ар жыл сайын өтүүчү жолугушуусуна катышты (УУКМГА).

Кенен маалымат...

2018 жылдын 19 февралында интернет сайттарда Атажанова Гүлжакан аттуу аял беш баласы менен мүрзөнүн аймагында жашап жаткандыгы боюнча маалымат чыгар замат КРнын Акыйкатчысынын Ош областы жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу «Кылыч-Буркан» мүрзөсүнүн аймагында жашаган Атажанова Гулжакан менен жолугушкан.

Кенен маалымат...

9 февраль күнү саат 11:00 чамасында “Тунгуч” кичирайонунда жайгашкан №73 мектепте чоң киши кичинекей кызга асылып артынан түшкөн окуя катталган.

Кенен маалымат...

2018 жылдын 21 февралында Акыйкатчы институтунун Чүй облусундагы өкүлү Э. Теңизбаева Чүй облустук төрөт үйүндө жаткан, жаңы төрөлгөн ымыркайынын өлүмүнө шектелип жаткан эне Д.С. барып жолукту.

Кенен маалымат...

Урматтуу Ата Мекен коргоочулары!

23 февраль негизинен аскердик кызматты жашоосунун бир бөлүгү катары караган аскер адамдарынын кесиптик  майрамы болуп эсептелинет. Ошентсе да бардык учурда Ата Мекенди коргоо ар бир жарандын өлкө алдындагы жогорку моралдык парзы болуп саналат.

Кенен маалымат...

Кечээ Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев Укук органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарынын №1 тергөө изоляторуна жана КР Өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын  № 47 түзөтүү мекемесина барып келди.

Кенен маалымат...

Ысык-Көл облусунда Координациялык Кеңештин отуруму Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн катышуусунда болуп өттү.

Кенен маалымат...