Бүгүн 2018-жылдын 6-апрелинде “Дамас” отелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) тарабынан даярдалган «Эмгек мигранттарынын укуктары» аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулоо үчүн тегерек стол өтүп жатат.
Бүгүн (2018 ж. 6-апрель) “Дамас” отелинде Кыргыз Республикасынын Акйыкатчысы тарабынан даярдалган «Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу» аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулаган тегерек стол өтүүдө.

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына болгон Акыйкатчынын көзөмөлүнүн бир максаты калктын укуктук жактан маалымдар болушуна көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бул байланыштуу, Кыргызстандын Акыйкатчы институту адам укуктары боюнча Аралыктан окутуу жана тестирлөө системасын иштеп чыккан (мындан ары – системасы).

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин атына Юсупов Альварс Кубатович аттуу соттолуучу прокурорлор соттук териштирүүгө жабырлануучу менен күбөлөрдүн катышуусун камсыз кылбай жатканына даттанып кайрылган. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда кылмыш иши 3 жылдан ашык убакыттан бери каралып келет.

2 апрелде Ленин райондук соту «Биз дем ала албай жатабыз» тынч флешмоб-акциясын өткөрүүгө тыюу салган чечимин чыгарды. Бул чечимге акциянын уюштуруучулары даттангандан соң, шаардык сот дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Учурда акциянын уюштуруучуларынын юристтери аталган чечим боюнча КР Жогорку сотуна даттанууга даярданып жатышат.

Акыйкатчыга башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана коргоо боюнча суроолор менен кайрылышат. Эл аралык тажрыйбада омбудсмендердин ишмердиги адам укуктарын коргоонун улуттук механизмдеринин натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган, ошондой эле, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүп, ченемдик укуктук актылардагы функционалдык жетишпестиктерди аныктоону камтыйт.
Бүгүн, 29-мартта, «Парк отель» мейманканасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) «Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын сактоо» жана «Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын сактоо» темалары боюнча атайын докладдарынын долбоорлорунун тегерегиндеги талкуу үчүн уюштурулган тегерек стол болуп өттү.
Бүгүн, 2018 жылдын 23 мартында, Бишкек шаарында “Парк отель” отелинде КРнын Акыйкатчысынын “Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдарга карата адаттар жана басмырлоолор” темасындагы атайын даярдаган докладын талкуулоо үчүн тегерек стол болуп өттү.

19-мартта Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Кубатбек Оторбаев Россия Федерациясынын адам укуктары боюнча Ыйгарым укуктуу өкүл Татьяна Москальковага Рязан облусундагы кыргыз жарандарынын укуктарынын бузулушуна байланыштуу кырдаалды көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кат жөнөттү.

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени Кубат Оторбаев Россия Федерациясынын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Т. Москальковага Рязань шаарында жайгашкан «Февраль» ОсООсунун (жоопкерчилиги чектелген коомунун) жетекчилери тарабынан эмгек мигранттарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын одоно бузулууларына байланышкан фактыларды көзөмөлгө алуусун өтүнүп кайрылуу жөнөттү.

Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Баткен областынын Кадамжай районунун Карадөбө айылындагы “Имам-Аьзам” медресинде окуп жаткан балдар мугалимдери тарабынан сабалышы боюнча маалыматтар ММК жарыяланган. Бул окуяны Акыйкатчы Кубат Оторбаев өз көзөмөлүнө алган.

Бишкекте 2 класста окуган кыз унаа токтотуучу жайда иштеп жатканы белгилүү болор замат, Акыйкатчы институту Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына тийиштүү сурам кат жөнөткөн.

Бүгүн, 13 мартта 2018 ж., Акыйкатчы аппараты 3 балдар ооруканасына катуу сабалып түшкөн 9 жашар кызга барып жолугуп келди.

7 мартта Акыйкатчы Кубат Оторбаев жана Акыйкатчы аппаратынын мырзалары кесиптеш айымдарды 8 март Эл аралык аялдар майрамы менен куттукташты.