Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

 

Бул иш чара КР Акыйкатчы Институтунун жетекчилиги тарабынан КР Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери үчүн “Кыргызстанда кыйноолорго жана таш боор жана башка адамгерчиликсиз, кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого каршы күрөштө мамлекеттин аракетин колдоо” долбоорунун алкактарында уюштурулган. Иш чараны уюштурууга ошондой эле  “Балдар укуктарын коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчилиги жана Эл аралык абак реформасы (PRI) уюмунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү, ошондой эле Евробирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн катышуусунда жана көмөк көрсөтүүсүндө өттү.  

Кенен маалымат...

 

2019-жылы 19-мартта Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндикти чектеген жана эркинен ажыратуу жайларындагы  адам укуктарынын сакталышы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте   Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына (ШИИБ УКЖ) жана Свердлов районундагы №6 шаардык милиция бөлүмүнө күтүүсүз текшерүү жүргүзүштү.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 2019-жылдын 26-мартында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов «Бир дүйнө-Кыргызстан укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмесинин жетекчисин жана өкүлдөрүн кабыл алды, алар КР Акыйкатчысынын офисине адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу ниетинде келишкен эле.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана КР Акыйкатчысынын Борбордук Аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча  бөлүмүнүн жана КР Акыйкатчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу  өкүлдөрү “Балдарды зомбулуктан, таш боор мамиледен жана кыйноодон  коргоо боюнча  республикалык байланышты түзүү” темасындагы Улуттук консультациянын ишине катышты.

Кенен маалымат...

Урматтуу Саха (Якутия) республикасынын тургундары, Россия Федерациясынын жарандары, сиздерге кайрылып, 17 март күнү Якутск тургунуна карата Кыргызстандык бир нече жаштары (эмгек мигранттары) тарабынан зордук, зомбулук көрсөтүлгөнү, укукка жана адеп-ахлакка жат жосунсуз жоруктарына карата адилеттүү нааразылык билдирип жатканыңыздар боюнча кайрылуудамын.

Кенен маалымат...

 

2019-жылдын 15-мартында Акыйкатчы Токон Мамытов АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мадлайн Уэллс жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин саясий маселелер боюнча бөлүмүнүн  экинчи катчысы Колин Крэм менен жолугушту.

Кенен маалымат...

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакка байланыштуу КР Акыйкатчысы Т.Мамытов Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө жерине барып мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берген.

КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү 14-март күнү Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында болуп, жергиликтүү эл менен жолугушкан.

Кенен маалымат...

КР Акыйкатчысынын наамына  жаран М.А. кайрылып,  2018-жылдын башында Аламүдүн базарында коопсуздук кызматында иштегенин, анан кезектеги нөөмөттө Таш-Рабат чакан базарындагы постто турган кезде мас абалындагы кесиптеши тарабынан сабалганына даттанган. Натыйжада, арыз ээси баш мээси катуу чайкалган (СМЭ корутундусу бар), бирок бул кылмыш үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес, анткени Свердлов РИИБ тергөөчүсү А.Осмоналиев аракетсиздик кылган жана өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле жасаган деп эсептейт, арыз ээси.

Кенен маалымат...

8-март-Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштуруучулар тарабынан ар кайсы органдарга жана айрым активисттерге чакыруулар берилгени маалым. Чакыруунун текстинен үзүндү келтирсек: “Сизди анын максаты зомбулук жана гендердик белгиси боюнча кодулоо маселесине постерлер жана транспаранттар аркылуу  коомчулуктун көңүлүн  буруу болгон тынч маршка чакырабыз. Марштын урааны “8/365”. Биз аялдар укуктары үчүн тилектештигибизди жана  жылдын 365 күнүндө күн сайын, 8-марттагыдай  ар түрдүүлүк үчүн күрөш жарыялайбыз” деп жазылган.

Кенен маалымат...

                                                                 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын эркиндиги чектелген жайларда жана эркинен ажыратуучу жайларда укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышы боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2018-жылы Чүй облусунун түзөтүү колонияларында кармалгандардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү.

           

Кенен маалымат...

Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында  "Монетка" логистикалык борборунда, Кыргызстандык 400 эмгек мигранттары эмгектенишет. Алардын  кайрылуусунун негизинде 7-8-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Урал федералдык аймагы боюнча коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Белеков жана  "Кыргызстан Биримдиги" диаспарасынын жетекчисинин орун басары З. Арстанбеков  аталган логистикалык борбордун  жетекчиси К. Лопандин менен жолугушту.  Кайрылуунун себеби, биздин жердештердин  администрацияга, иш ордуна, иштеп жаткан иштери жана эмгек акылары боюнча түзүлгөн кырдаалга нааразычылыктарынын негизи болду. Эмгек мигранттарынын талаптары эмгек маянасынын өлчөмүн көтөрүү,   эмгек мамилелерин жөнгө салуу болду. 

Кенен маалымат...

Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта   2019-жылдын 11-мартында 4 адам ачкачылык акциясын башташкан. Алар Нарын шаарындагы борбордук базар көчөсүндөгү жайгашкан айрым соода күркөлөрүн алып салуу боюнча жергиликтүү бийликтин аракетинен кийин башталган. Акциянын катышуучулары күркөлөрдү коюуга жана соода кылууга тийиштүү уруксат кагаздары бар экенин маалымдашкан.

Кенен маалымат...

 

Rыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Германиянын федералдык тышкы иштер министринин Чыгыш Европа боюнча Кавказ жана Борбордук Азиядагы директору  Михаел Зиберт жана ФРГнын Кыргызстандагы Элчисинин орун басары Ирья Берг менен жолугушту. 

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кочкор районундагы «Ырыс шаар» балдар бакчасына мониторинг жүргүзүштү. Бул иш чара “КР Өкмөтү менен КР ИИМ тарабынан калкка жеринде укуктук консультацияларды бере турган көчмө пункттарды  уюштуруу жана өткөрүү” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор ЕККУнун каржылоосунда ишке ашып жатат. Мониторингдик биргелешкен иш чара Кочкор районунун дагы беш айылында жүргүзүлгөн.

Кенен маалымат...