Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды.

Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген жарандар алардын укуктары бузулуп жатканын айтып даттанышты.

Кабыл алууга келген 70 жаштагы Л. Т. көп жылдан бери анын кайын энесинин көрүстөнүн издеп акыйкаттыкка жете албай жатканын айтып даттанды. Ошондой эле ал Акыйкатчыдан кайын энесинин өлүмүнүн  себептерин аныктоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Л. Т.нын айтымында, ал көп убакыттан бери кайын энесинин көрүстөнүн табуу максатында жана тиешелүү мамлекеттик органдар анын өлүмүнүн чыныгы себептерин аныкташы үчүн баардык инстанцияларга кайрылып келе жатат.

“Менин кайын энемдин өлүмү тууралуу биз жарым жылдан кийин гана билдик. Бизден өлүмдүн фактысын жашырып коюшкан. Эмдигиче  кайын энем коюлган жерди таба албай жатабыз. Өлүм жөнүндө маалым катта жалган маалыматтар көрсөтүлгөн, ага кол койгон тараптар жазасын алышты”,-деп айтты ал.

Укук коргоо органдары берген маалыматка таянсак, аялдын сөөгү коюлган жер такталган, ошондой эле анын тажиясына кимдер катышканы аныкталган.

Бирок Л. Т. көрсөтүлгөн жер анын кайын энеси коюлган жер экенине шек санап жатат, анткени улгайган аял Бишкектеги өзүнүн жеке  менчик батиринде жашачу, бирок анын сөөгүн Жайыл районуна коюшкан.

“Мындан тышкары тергөө мени жана менин кызымды жабырлануучу тарап деп тааныган жок жана сөөктү эксгумация кылуудан баш тартышты”,-деген пикирин айтты аял.

Акыйкатчы Башкы прокуратурага өтүнүч кат даярдаш үчүн тиешелүү бөлүмгө тапшырма берди.

“Биз сиздерге өзүбүздүн ыйгарым укуктардын алкагында көмөк берүүгө аракет кылабыз”,-деп айтты Акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген Э. Р. аттуу жаран ага карата жалган маалымат берүү фактысы боюнча анын укугун калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылды.

Аял ага карата берилген жалган маалыматтын айынан 2014-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты.  2021-жылы сот аны актап чыккан. Бирок ал атайлап билип туруп жалган маалымат берген күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке тартууга жетише албай келет. 

“Мени сот кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу актады. Бирок бүгүнкү күндө мага жалаа жапкан, алар үчүн мен мыйзамсыз кылмыш жообуна тартылган адамдарды жазага тарта албай келем. Прокуратура органдары жана соттор менин арызымды чечип бербей жатышат”,-деп даттанды аял. 

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту анын укуктарын калыбына келтирүүгө аракет кыларын билдирди.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусунда  Н. К. аттуу жаран болду. Аял анын арызын милиция карабай жатканын айтып даттанды.

Анын айтымында, алдамчылар башкы ишеним катты жасалма даярдап алышып, анын үч бөлмөлүү квартирасын сатып жиберишкен. Аял укук коргоо органдарына аталган маселе боюнча кайрылган, бирок эмдигиче өзүнүн мүлкүн кайтарып ала албай келет.

“Алдамчылар башкы ишеним катты жасалма жасап алышкан жана менин квартирамды сатып жиберишкен. Алар менин онкологиялык дарттан дарыланып жатканымдан пайдаланып кетишкен. Бейтапканада узак убакыт жатып чыккандан кийин менин батиримде башка адамдар жашап жатышканына күбө болдум. Алар мени эшикке чыгарып салышты. Ошентип батири жок калдым. Өзүмдүн жеке менчигимди мыйзамдуу жол менен кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан жок. Көп жылдардан бери баардык органдардын каалгасын каккылап жыйынтык чыгара албай келем”,-деп айтты аял. 

Акыйкатчы институттун кызматкерлерине мамлекеттик органдарга баардык зарыл болгон билдирме каттарды даярдоону тапшырды.

 “Биз сиздердин укуктарды калыбына келтирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз”,-деп айтты Акыйкатчы.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева жана Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Туруктуу координатору Антье Граве, ошондой эле БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча аймактык өкүлүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Фабио Пиана жолугушуу өткөрүштү.

Тараптар адам укуктары жаатындагы кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты, БУУнун адам укуктары боюнча механизмдери менен өз ара аркеттенишүүнүн биргелешкен кадамдарын белгилешти.

Антье Граве Джамиля Джаманбаеваны кызматка дайындалышы менен куттуктады жана Акыйкатчы институту менен кызматташтыкты улантарына ишенимин билдирди.

Ал БУУнун системасы Кыргызстанда Акыйкатчы жана анын институту менен кызматташтыкты улантууга, анын ичинде “Акыйкатчы жөнүндө” долбоор боюнча техникалык сунуштамаларды берүүгө ниеттенип жатканын белгилеп өттү.

“Быйыл адам укуктары боюнча Жалпы декларациянын 75 жылдыгын майрамдоо-бизге биргелешкен демилгелер менен иш-чараларда Кыргыз Республикасында адам укуктарын ишке ашыруу реалдуулук болуш үчүн адам укуктарынын универсалдуулугун илгерилетүү жана жарандык мейкиндикти кеңейтиш үчүн уникалдуу кызматташууну бермекчи”,-деп кошумчалады Фабио Пиана.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту улуттук укук коргоо органы катары Бириккен Улуттар Уюму жана анын түзүмдүк бөлүктөрү менен мындан аркы тыгыз кызматташтыкка кызыкдар экенин белгилеп өттү.

«Ошондой эле мен жеке өзүм буга чейин талкууланган маселелер боюнча диалогдордун улантылышына кызыкдармын. Негизинен бул жерде Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун эл аралык - Париж, Белград жана Венеция принциптеринин талаптарына ылайык демилгелөө жөнүндө маселе да бар. Акыйкатчынын аппаратында документтин өзү иштелип чыкты, долбоор укуктук экспертиза процедурасынан өтүп жатат. Милдеттүү түрдө процедуралык консультация, коомдук талкуу жүргүзүлөт, техникалык рекомендациялар маселеси боюнча сиздер колдоо көрсөтсөңүздөр биз ыраазычылыкта болобуз”,-деп айтты Джамиля Джаманбаева.

Акыйкатчы аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин милдеттүү түрдө Акыйкатчы институтунун «А» макамындагы аккредитациясы боюнча маселени демилгелей турганын баса белгиледи.

«Мен бул маселеде сиздердин көмөк негизги болот деп эсептейм. Мындан тышкары Акыйкатчы институту Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча механизмдери менен өз аракеттенишүүгө өзгөчө көңүл бурат. Өлкөдөгү башкы укук коргоочу орган катары биздин ролубуз мониторингди, өлкө өзүнө алган милдеттерге жана сунуштамаларга парламенттик көзөмөлдүн аткарылышын камсыздоо жаатында маанилүү болмокчу. Дал ошондуктан мен, мисалы Универсалдуу мезгилүү баяндама (УМБ) жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттары (ТӨМ) боюнча сунуштамалардын аткарылышы тууралуу мониторингде биргелешип маанилүү жыйынтыктарга жетишебиз деп эсептейм. Биздин институт баардык процесстерге активдүү катышат”.-деп белгилеп өттү Акыйкатчы.

Джамиля Джаманбаева институттун ишинин эң жогорку натыйжалуу болушун камсыздаш үчүн албетте анын өзүнүн өнүгүү стратегиясын кабыл алуу, институттун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу зарыл экенин кошумчалады.

“Биз мамлекеттин адам укуктары боюнча борборазиялык хабы деп аталган имиджин сактоого жана бул үчүн эл аралык уюмдар менен гана эмес, жарандык коомчулук, башка өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен ар тараптуу кызматташууга аракет кылабыз”,-деп айтты Акыйкатчы.

Бүгүн, 30-майда КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчи-кичи элчиси Вадим Гусев менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнү талкуулашты.

Вадим Гусев Джамиля Джаманбаевага анын КРнын Акыйкатчысы кызматына дайындалышына байланыштуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченконун куттуктоосун да жолдоду.

“Элчи куттуктоосун жолдоду жана кызматташтыктын өнүгүүсү жемиштүү болот деген ишенимин билдирди. Ошондой эле сизди 12-июнда Бишкекте өткөрүлө турган Россиянын күнүн майрамдоого катышууга чакырды”,-деп билдирди Гусев.

Гусев Акыйкатчы укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгүн Кыргызстанда гана эмес, Евразия мейкиндигинде дагы күчтөндүрөт деген ишенимде экенин айтты.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту активдүү диалогго ар дайым даяр экенин белгилеп өттү.

“Жарандардын укуктарын коргоону камсыздай турган конструктивдүү сүйлөшүүлөр үчүн ар дайым кубанычтабыз. Биз кызматташтыкты мындан ары чыңдаш үчүн конкреттүү макулдашууларга жетишебиз деп ишенем”,-деди КРнын Акыйкатчысы Россиянын күнүн майрамдоого байланыштуу чакырууга ыраазычылык билдирүү менен.

Бүгүн, 28-майда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун №26 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоого мониторинг жүргүзүп жатышат.

Мониторинг жүргүзүш үчүн буга чейин Акыйкатчы институтунда кызматкерлердин штабы түзүлгөн.

Кызматкерлер шайлоо участокторундагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салышууда.

Мониторинг Акыйкатчы институтунун аппараты тарабынан иштелип чыккан атайын анкета боюнча жүргүзүлүп жатат.

Жарандарды сурамжылоо алардын шайлоодогу укуктарынын сакталышы жөнүндөгү пикирлерин билүү максатында ишке ашырылууда.

Мониторингде кызматкерлер шайлоо учурунда майыптыгы бар жарандардын укуктарынын корголушуна өзгөчө көңүл буруп жатышат.

Мындан тышкары шайлоо участокторунун ичине мониторинг жүргүзө турган көчмө топ да уюштурулган. Саат 11.00дөгү маалымат боюнча алар эреже бузуулар катталган 11 шайлоо участокторунда болушту, эреже бузууларга байланыштуу жагдайлар жеринде чечилди.

1035-участкалык шайлоо комиссиясындагы (УШК) байкоочулардын айтымында, 15ке чукул шайлоочу эртең мененки саат 8ден 8.30га чейин монитор системасынан өтпөй добуш берүүгө кирип кетишкен. Байкоочулар аталган шайлоочулар тууралуу маалыматты көрүшкөн эмес.

УШКнын мүчөлөрүнүн маалыматына таянсак, алар дароо техникалык колдоого байланышып, системаны кайра иштетишкен, ошентсе да  бюллетендер квитанциялар боюнча берилген.

1046-участокто байкоочулардын бири добуш берип жаткандардын паспортунун жеке маалыматын сүрөткө тартып алган.

Институттун кызматкерлери аталган эреже бузууну каттоого алышты жана УШКнын мүчөлөрүн жарандардын жашыруун добуш берүү укуктарынын камсыздалышын сактоого чакырышты.

Комиссиянын төрагасы аталган байкоочуга шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузууга болбой турганын эскертти.

Ошондой эле институттун дагы бир бир тобу ЖМКдагы жана социалдык тармактардагы жарандардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу кабарларга мониторинг жүргүзүүдө.

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева шайлоодогу жарандардын укуктарын камсыздоону көзөмөлдөп жатат жана баардык одоно бузуулар боюнча аларды жеринде тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен чечиш үчүн институттун кызматкерлерине керектүү тапшырмаларды берүүдө.

Мониторингдин максаты-Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо болуп саналат.

Мониторингдин милдети- шайлоонун жүрүшү тууралуу чыныгы картинаны чагылдыруу, шайлоочулардын маалымат алуусу жана шайлоо участокторуна жеткиликтүү болуусун камсыздоо.

Мониторингдин жыйынтыгы менен зарыл болгон учурда компетенттүү органдарга жана эл аралык уюмдарга тиешелүү сунуштамалар берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, № 26 Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округуна мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүгө жана шайлоо өткөрүүгө 1 аймактык шайлоо комиссиясы жана 51 участкалык шайлоо комиссиялары иштеди.

Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон жарандар алардын жеке менчик укугу, эркиндикке карата укуктары бузулганын айтып даттанышты. Ошондой эле көзөмөл органдары жана укук коргоо органдары тарабынан жасалып жаткан аракетсиздигине арызданган жарандар да кайрылышты.

Укук коргоочу Камиль Рузиев Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон кезде анын укуктарын калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды. Негизинен, Рузиев адилеттикке жана мыйзамсыз кылмыш иликтөөсү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазалоого жетише албай жатканын айтты.

Анын маалыматына караганда, ага каршы мыйзамсыз иш козгогон тарапты кылмыш жоопкерчилигине тартышкан эмес, болгону тартип чарасы гана колдонулган.  

Рузиев сот аны актаганын, ал эми азыр аны мыйзамсыз тергеген адамды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатканын кошумчалады.

Акыйкатчы бул боюнча институттун тиешелүү бөлүмүнө мамлекеттик органдарга зарыл болгон билдирмелерди даярдоону тапшырды.

“Мен сиздин кейс боюнча ар бир документти изилдеп чыктым. Кандай  жардам берүү керектигин түшүндүм. Азыр биз зарыл болгон документтерди даярдайбыз. Биз сизге жардам берүүгө аракет кылабыз”,-деп убада берди Акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчыга Ш. К. аттуу жаран кайрылды. Ал башкы укук коргоочуга ага карата кыйноо көрсөткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууга жетише албай жатканын билдирди.

Акыйкатчы анын укугун коргоону камсыздаш үчүн бөлүмгө тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон Л. М. аттуу жаран анын жер үлүшүн башкалардын тартып алганы тууралуу арызын карабай жаткан милиция кызматкерлерине арызданды.

Аялдын айтымында, анын “кызыл китеби” бар жеке менчик жер участогуна белгисиз адамдар жер ээсинин уруксаты жок эле балык чарбасын уюштуруп алышкан. Анын аймакты бошотуп коюу тууралуу мыйзамдуу талаптарынан кийин коркутуулар башталган. Аял милицияга арыз жазган, андан бери 10 күн өткөнүнө карабай жер участогун бошотуу аракети болгон эмес.

Джамиля Джаманбаева кызматкерлерге аталган маселени иликтеп чыгып жана тиешелүү органдардан аялдын жеке менчик укугун камсыздоону талап кылууну тапшырды.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна Ички иштер министрлигинин ардагери К.Ч. келип, Нарын областындагы мектеп рэкетин жоюу боюнча өз көз карашын билдирди.

Акыйкатчы ардагердин пикирин кунт коюу менен угуп жана Акыйкатчы институту ар бир маселе жана арыз-даттанууларга анализ жүргүзөөрүн жана ар бир маселеге системалык өзгөрүү киргизүүнү сунуштарын белгилеп өттү.

“Биз ар бир маселе менен иштейбиз, аларды системалык деңгээлде чечебиз. Маселени жалпылап жоюу үчүн кандай мыйзамдарга өзгөртүү киргизиш керектигин иштеп чыгабыз”,-деп айтты Джаманбаева.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жумушчу тобу 10-21-май аралыгында Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы гемодиализ борборлоруна мониторинг жүргүздү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда бюджеттик программалык гемодиализ кызматын көрсөткөн 39 медициналык гемодиализ борбору бар. Атайын түзүлгөн жумушчу топ 25 медициналык борбордо болду.

Алар төмөнкүлөр:

Чүй облусу – 3,

Бишкек - 9,

Ош облусу – 7,

Жалал-Абад облусу — 4

Баткен облусу – 2.

Мындай мониторинг Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында дагы улантылат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына караганда Кыргызстанда мамлекеттик гемодиализ кызматын тез арада алууга муктаж болгон бейтаптардын тизмеси жыл сайын өсүп жатат, 2022-жылдын октябрында 5-даражадагы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен 2 202 бейтап катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 369 бейтапка көп.

Учурда 2 686дан ашык бейтап гемодиализ алат, анын 2388и аталган фонд тарабынан каржыланат.

Институттун кызматкерлери гемодиализ борборлорунда тармактык стандарттардын, медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча инфекциялык көзөмөл стандарттарынын, гемодиализ боюнча клиникалык көрсөтмөлөрдүн жана протоколдордун сунуштамаларынын сакталышын, гемодиализ борборлорунун медициналык кызматкерлеринин эмгек укуктарынын, лицензиялык документтердин сакталышын көзөмөлдөп, аны жүргүзүүдөгү мыйзамдык тоскоолдуктарды изилдеп чыгышты.

Мониторинг укуктун 3 аспектисин камтыйт:

Кызмат алуучулардын (бейтаптардын) укуктары.

Гемодиализ борборлорунун медициналык кызматкерлеринин эмгек укуктары.

Мамлекеттин каржылоосу аркылуу бейтаптарга кызмат көрсөткөн ишкерлердин укуктары.

Мониторинг Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы (ПРООН) колдоосу менен «Бизнес жана адам укуктары» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Гемодиализ борборлорунун ишмердүүлүгүн талап кылынган стандарттардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери кирди:

Жарандардын социалдык, экономикалык жана маданий укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы Салтанат Касымбекова,

Аталган бөлүмдүн инспектору Гүлзада Талантбекова,

кызматты стандартташтыруу боюнча көз карандысыз эксперттер,

Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун инфекциялык контролдоо боюнча адистери, пациенттердин коомчулугунун жана Гемодиализ борборлорунун ассоциациясынын өкүлдөрү.

Жогорудагы айтылган мониторинг тобу жана Кыргыз Республикасындагы гемодиализ борборлорунун ассоциациясы кызматташуу жана күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу гемодиализ кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты. Ошондой эле жумушчу топтун иш-чараларына гемодиализ борборлорунун жетекчилерин биргелешип катышуу сунушу айтылды.

Гемодиализ борборлоруна жеринде барганда бир катар көйгөйлөр чечилип, бир катар көйгөйлөр да аныкталды – колдонуудагы мыйзамдар, стандарттар, клиникалык сунуштар жана башка камсыз кылуу боюнча маалыматтын жетишсиздиги.

Анын жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет даярдалып, саламаттыкты сактоо системасынын тиешелүү бөлүмдөрүнө сунуштар берилет, ошондой эле сунуштардын аткарылышына парламенттик көзөмөл жүргүзүлөт.

Каракол шаарындагы областтык администрациянын имаратында КРнын Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана Омбудсмен институтунун кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жарандар менен жолугушуу өткөрүштү.

Ошондой эле жолугушууда коңшулаш мамлекеттерден Ысык-Көл областына көчүп келген этникалык кыргыздардын маселелерин айтылды.

Жолугушууда жарандар жер участокторун берүүдөгү, социалдык тейлөөлөрдү алуудагы мыйзамдуу укуктарынын бузулушуна арызданышты.

Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз келин анын үй-бүлөсүнө мамлекет тараптан колдоо берилбей жатканын айтып нааразы болду.

“Менин биринчи никемден кызым бар. Мага балага берилчү жөлөк пулду чегербей коюшту, анткени жолдошумдун айдоого жарактуу 48 соток жери бар. Биздин үй-бүлө жолдошумдун 3 800 сом көлөмүндөгү чакан пенсиясына жашап жатабыз. Мен ден соолугумдун абалына байланыштуу иштей албайм. Күйөөм жаш курагына байланыштуу иштей албайт”,-деп айтты аял.

Аппараттын жетекчиси жөлөк пул берүү боюнча мыйзамга ылайык пенсия киреше болуп эсептелбесин түшүндүрдү.

Ошондой эле жолугушууда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тигил же бул себептерге байланыштуу укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарындагы сот системасынан акыйкаттыкка жете албай жаткан жарандарга укуктук көмөк көрсөтүштү.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жарандардын айрым көйгөйлөрүн жеринде чечип беришти. Мамлекеттик органдардын арасынан паспорт столдун өкүлү белгисиз себептерге байланыштуу жолугушууга катышкан жок. Көпчүлүк суроолор паспорт алуу жана башка документтерди тапшырууга, ошондой эле бюрократиялык процедураларга байланыштуу болду. Дал ушундай маселелер чечилбеген бойдон калды.

Бул маселелери менен жолугушууга келишкен жарандар Акыйкатчы институтуна алардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү боюнча арыз жазышты.

Ысык-Көл областындагы акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө улгайган аялдардын тобу “Жети-Өгүз” санаториясындагы кызматкерлердин эмгек укуктарын камсыздоо өтүнүчү менен кайрылышты.

Алар берген маалыматка караганда, санаторийдин жетекчилиги кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп жатат. Аялдар аталган ден соолукту чыңдоочу жайда алар өмүр бою эмгектенишкенин жана санаторийдин тагдырына кайдыгер эмес экендиктерин айтышты.  

“Бир жылдын ичинде белгисиз себептерден улам 40 адам жумуштан бошоп кетти. Иштен кеткендердин эмгек акыларын кармап калышууда. Биз баардык мамлекеттик органдарга кайрылдык, бирок натыйжа бербей жатат. Бизге санаторий ушундай абалда экенин, жарандар үчүн көрсөтүлгөн тейлөө начарлаганын карап турган оор. Эс алуучулар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөй жатат”,-деп нааразы болушту аялдар.       

Санаторийде көп жыл эмгектенген аялдардын бири  аны өз ишин жогорку деңгээлде билгенине карабай мыйзамсыз иштен бошотушканын айтты. 

“Мен санаторийде өмүр бою медайым болуп иштедим. Мени дагы жөн эле жумуштан кетирип коюшту. Санаторйидин жетекчиси кызматкерлердин гана укуктарын бузуп тим болбой, кардарлардын дагы укуктарын да бузуп жатат. Санаторий КРнын Кесиптер бирлигинин балансында турат. Жолдомо алыш үчүн эл жылдар бою эмгектенишет. Анан эле бул жерге эс алууга келишсе укмуш начар шарттарга кабылып жатышат”,-деп билдирди ал.  

Андан соң Акыйкатчынын аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлер Каракол шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына барышты.  

Ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тергөө жайында кармалып тургандарга тоскоолдуксуз киргизди.

Убактылуу кармоочу жайдын башчысы текшерип баргандарды коштоп жүрдү.

Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси камерларды карап чыгып кармалгандардын укуктарын бузган бир катар бузууларды ачыктады. Негизинен кармалгандар отурган камераларда термометр жок. Камералар суук, ал эми имараттар желдетилген эмес.

“Тиешелүү төшөнчүлөр жок. Же болбосо көп убакыттар бою алмаштырышкан эмес. Ошондой эле убактылуу камалгандар кармалып турган имараттарда видео байкоо турат, ошол эле маалда жок дегенде камерасы жок кийинүүгө шарттар түзүлгөн эмес”,-деп билдирди бул маселелер тууралуу Азарбеков.

Ал ар бир кармалып турган жарандар менен сүйлөшүп жана кармоо шарттары тууралуу сурады. Алар даттанышкан жок.

Ошондой эле убактылуу тергөө жайында кармалып тургандардын кармоо мөөнөтү тууралуу маалыматты текшеришти.

Убактылуу кармоочу жайдын башчысы камоо мөөнөттөрү бузулбаганын, анткени абак жакын жайгашканын соттун чечими менен кармалып тургандар ал жакка дароо этап болорун же эркиндикке чыгарыларын айтты.

Бүгүн, 12-майда КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары Альберт Колопов жана Бириккен улуттар уюмунун Качкындардын иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеев жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандан баш паанек издеген жарандардын укуктарын камсыздоо боюнча маселелерди талкуулашты. 

Жолугушуу Акыйкатчы институтунун имаратында өттү.

Тараптар Кыргызстандан качкын макамын алууну каалаган жарандардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди сүйлөштү.

БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеевдин айтымында, Кыргызстандын аймагында 2023-жылдын биринчи кварталынын соңундагы эсеп боюнча качкын макамын алуусу зарыл болгон 676 адам бар.

Жолугушууда мындай жарандардын эмгекке орноштуруу, билим алуу, медициналык жана социалдык тейлөөлөрдүн алуудагы маселелери айтылды. Мыйзамга ылайык, качкын макамын алууну каалаган тараптардын документтери мамлекеттик органдар тарабынан бир жыл ичинде каралат.

Тараптар качкын макамын аныктоодо, алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоодо колдонулган укуктук практикадагы маселелерди аныктоо максатында жагдайды изилдөө зарыл деген пикирге келишти.

Колопов мониторингдин жыйынтыгы менен качкындардын жагдайы жөнүндө атайын баяндаманы даярдоонун маанилүү экенин баса белгилди.

“Мониторинг келип чыгып жаткан маселелерди ачыктоого мүмкүндүк берет. Анын жыйынтыгы менен кортунду чыгарылып жана мамлекеттик органдарга аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуштар берилет”,-деп айтты Колопов.

Салеев мындай демилгени колдоду. 

Ал баш паанек издегендер жана качкындар менен иш алып барууда КРнын Акыйкатчы (омбудсмен) аппаратынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда жарандыгы жок тараптардын укуктарын коргоо боюнча чаралар айтылды. 

 

 

Балыкчы шаарында Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков кызматкерлер менен биргеликте коңшу өлкөлөрдөн Ысык-Көл областына көчүп келишкен этникалык кыргыздар менен жолугушту.

Жолугушуу шаардык администрациянын имаратында болду.

Белгилей кетчек, Акыйкатчы институту Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн көчүп келип отурукташкан этникалык кыргыздардын жашоо шартына мониторинг жүргүзүп жатат. Буга чейин мындай мониторинг Баткен жана Чүй областтарында жүргүзүлгөн.

Жергиликтүү бийлик органдары берген маалымат боюнча коңшу өлкөлөрдөн Балыкчы шаарына көчүп келишкен этникалык кыргыздарга зарыл болгон көмөк көрсөтүлүп жатат.

“Бир аз мурда Кытайдан көчүп келген этникалык кыргыздардын документтерин даярдап жана өткөрдүк. Бул документтерди КРнын жарандыгын алыш үчүн тапшырдык”,-деп белгилешти жолугушуу маалында.

Бул арада жолугушууга келген этникалык кыргыздар көйгөйлүү маселелери тууралуу айтып беришти.

Аялдардын бири тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунун маалында үй-бүлөсү менен Тажикстандан качууга мажбур болгон сиңдиси тууралуу айтты.

Анын айтымында, сиңдиси жолдошу менен элчиликке кайрыла албай жатышат, анткени алар өздөрүнүн жана Тажикстанда калган жакындарынын коопсуздугунан чочулашууда.

Куралдуу чатактын маалында Тажикстандан качууга мажбур болгон этникалык кыргыздардын үй-бүлөсү КРнын жарандыгын алууга документ тапшыра албай жатышат.

Үй-бүлө башчысы документтерди тапшырган, бирок комиссия документтердин түп нускасы болбогондуктан аларды кабыл алган эмес.

“Ок атышып жаткан маалда болгон жаныбызга паспортту гана алып үйдөн чыктык жана чек ара аркылуу качып келдик. Азыр үй-бүлөнүн кожоюну документтерди тапшырууда, бирок комиссия туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасын талап кылып жатат. Бул документ Тажикстанда, учурда аны алууга мүмкүнчүлүк жок. Ал эми бул үй-бүлөнүн кожойкесинин дегеле документи жок - куралдуу кагылыштын маалында күйүп кетиптир”,-деп билдиришти үй-бүлөнүн жакындары.

Паспорт бөлүмүнүн өкүлү эмне үчүн комиссия документтердин көчүрмөсүн кабыл албаганын айтып жооп узатты.

“Сөз Тажикстандын паспорту - улуту көрсөтүлбөгөн id-карта тууралуу болуп жатат. Буга байланыштуу күбөлүктү талап кылганбыз, бирок алар анын көчүрмөсүн гана беришти. Эми комиссия документтин түп нускасын талап кылып жатат”.

Ошондой эле жолугушууга жер участогун берүү өтүнүчү менен башка бир үй-бүлө кайрылды.

Жубайлар -Тажикстандын Мургап районунан көчүп келишкен этникалык кыргыздар.

Күйөөсү мезгилдүү жумуштар менен алектенет, туруктуу иштеген иши жок, эки кичинекей баласы бар. Ошол эле маалда мамлекет тарабынан көмөк берилбей келет.

 

Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан каралган көмөк менен камсыздоону талап кылып жеринде кайрылды.

“Үй-бүлөгө мамлекет тарабынан колдоо керек. Укуктарды камсыздоо зарыл, бул жерде үй-бүлө башчысын эмгекке орноштуруу маанилүү. Атанын туруктуу жумушу болсо, үй-бүлөнүн баардык маселелери чечилет”,-деп белгиледи Аскат Азарбеков.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үй-бүлөнүн башчысын ишке орноштурууну убада кылышты. 

Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жарандарга социалдык тейлөөлөрдү алуу укуктары жана турак-жай менен жер участокторун алуу укуктары жөнүндө укуктук кеп-кеңештерди беришти. 

Андан кийин Институттун кызматкерлери аппараттын жетекчиси менен биргеликте Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болушуп, кармалып жаткандардын шарттары менен таанышты.

Мыйзамга ылайык, ички иштер бөлүмү Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине тоскоолдуксуз кирүүнү камсыздашты.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары убактылуу кармоочу жайдын башчысы менен биргеликте кармалып жаткандардын шарттарын тааныштырды.

Тергөө изоляторунда кармалгандар кармоо шарттарына дооматтары жок экенин айтышты.

Жеңиш күнү Акыйкатчы институту кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

“Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, мекендештер!

Кымбаттуу достор!

Акыйкатчы институтунун атынан биз баардык кыргызстандыктарды 9-май- Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү майрамы менен куттуктайбыз.

Бул күн Улуу Ата Мекендик согуштун кыйын кезеңдеринде биздин Мекенибиздин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн ата-бабалардын эрдиги тууралуу эскертип турат. Бүгүн биз Мекен үчүн өмүрүн берген баардык баатырларды жаркын элесин эскеребиз жана баардык ардагерлерге каармандыгы менен жеңишке кошкон баа жеткиз салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Жыл сайын 9-майда Мекен үчүн болгон кармаштарда курман болгондорду эскеребиз. Согуштун ар бир катышуучусунун, тылда иштеген ар бир эмгекчинин эмгеги чыны менен теңдешсиз.

Ушул күн ардагерлерге карата сый-урмат менен ыраазчылыкка, Мекенге карата сүйүүгө жана биздин өлкөнүн баардык элдеринин биримдигине бөлөнсүн.

Ата-бабаларыбыздын бизге жаркыраган ачык асманды көрүү мүмкүнчүлүгүн беришкенине ыраазыбыз.

Мындай апааттар кайра кайталанбасын!

Ал эми биз бул үчүн колубуздан келген аракеттерди жасайлы.

Эгемен Кыргыз Республикабыздын гүлдөп өнүгүшү менен бакубаттуулугун, тынчтыкты каалайбыз!

Эң жакшы каалоолор менен,

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту”.

Бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков мекендештерди өлкөнүн Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Өз кайрылуусунда Аскат Азарбеков:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмени) институтунун атынан Конституциянын 30 жылдыгы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!

Бүгүн биз маанилүү окуяны – биздин негизги мыйзам чыгаруу нормабыз – Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күндү белгилеп жатабыз.

Бул дата ар бир жаранга биздин негизги укуктарыбыз менен эркиндиктерибизди, ошондой эле жалпы жыргалчылыгыбыз үчүн жоопкерчилигибизди эске салат.

Конституцияда жазылган негизги принциптердин бири – адам укуктары. Ар бир адам улутуна, динине, социалдык абалына жана жынысына карабастан мыйзам алдында тең укуктуу жана өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу. Негизги мыйзамда адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулуктарынын бири деп белгиленген.

Биз ар бир өлкөнүн өзүнүн мыйзамдары бар кең дүйнөдө жашап жатабыз, бирок баарынан мурда ар бир мамлекет адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кепилдик бериши керек.

Ар бир адамдын укуктары жана эркиндиктери жарандардын ортосундагы өз ара байланышты бекемдеп, мамлекетти демократиялуу кылаарын унутпашыбыз керек.

Демек, Акыйкатчы институту Конституциянын духуна баш ийип, ар бир адамдын укугу, эркиндиги, татыктуу жашоосу үчүн тынымсыз күрөшө бермекчи!

Биздин өлкөдө Кыргызстандын ар бир жаранынын укуктары сакталарына ишенебиз.

Өлкөбүз гүлдөп, коомубуз адилеттүүлүктүн, теңдиктин негизинде түзүлсүн!

Конституция күнү менен урматтуу мекендештер!”,-деп белгиледи.

Акыйкатчы (омбудсмен) институтунда тиешелүү органдардын өкүлдөрү коңшу мамлекеттерден Кыргызстанга көчүп келип отурукташкан этникалык кыргыздардын зарыл болгон укуктарын камсыздоочу чараларды талкуулашты.

Негизинен көчүп келгендердин КРнын жарандыгын, пенсия жана жөлөк пул, билим, медициналык тейлөө алуудагы укуктарын, ошондой эле мамлекет тарабынан социалдык көмөк алуудагы укуктарын камсыздоо боюнча мамлекеттик органдар менен биргелешип иштешүү талкууланды.

Жолугушуу 4-майда болду.

Жолугушууга акыйкатчынын аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков, Акыйкатчы институтунун саясат жана миграция бөлүмүнүн башчысы Рыспек Токтоналиев, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаменинин жана КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Азарбеков мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ар түрдүү себептер менен документ алууда өз укуктарын коргой албай жаткан этникалык кыргыздардын кейстерин берди.  

Акыйкатчы институтуна кайрылган, Өзбекстан көчүп келип, КРнын паспортун алууга көмөк көрсөтүүнү жана кичинекей балдарын мектепке чейинки мекемеге киргизүүнү сураган үй-бүлөнүн маселеси жеринде чечилди.      

“Акыйкатчы (омбудсмен) институту жарандардын документ алуусу боюнча маселелерди жөнгө сала турган айрым нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт”,-деди Азарбеков.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен министрлер кабинетине аскердик каттоого туруу бөлүмү боюнча нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу сунушту айтылды.  

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова 2022-жылы 1 056 жаранды (жеке кабыл алуу), ал эми Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов – 531 жаранды кабыл алган.

Белгилей кетүүчү нерсе, Акыйкатчы 2022-жылы жарандарды жеке кабыл алууга өзгөчө көңүл бурду.

Жеке кабыл алуулар ар жума сайын Акыйкатчынын борбордук кеңсесинде, ошондой эле өлкө аймактарын жана жабык мекемелерин кыдыруу убагында жүргүзүлгөн. 

Жалпысынан арыздардын статистикасы Акыйкатчы институнун ишинин зарылдыгын, жарандардын бузулган укуктарын аталган органдын калыбына келтире аларына карата ишенимди же квалификациялык консультация алуу мүмкүндүктөрүн көрсөтүп турат.

Акыйкатчынын атына 2022-жылы келип түшкөн кайрылуулар

Акыйкатчынын атына жарандардан 2022-жылы жазуу жүзүндө 3690 арыз, анын ичинен 2090у (56,6%) Борбордук аппаратка, калганы аймактык өкүлчүлүктөргө келип түшкөн. Көрсөтүлгөн жылы жеке кайрылган жарандардын саны 8273 адамды түзгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, жарандардын телефондон оозеки кайрылуулары боюнча берилген кеп-кеңештер эсепке алынуусун каттоо, сапатына баа берүү тутуму азыркы учурда иштелип чыгууда.

Акыйкатчынын борбордук кеңсесине жана регионалдык өкүлчүлүктөргө 4583 кайрылгандарга оозеки кеп-кеңештер берилген. Ал эми 1130 киши Акыйкатчынын жеке кабыл алуусунда болгон. Акыйкатчынын орун басарынын жеке кабыл алуусунда 531 жаран болгон.

Талдоо көрсөткөндөй, 2022-жылы арыздардын 76.6 пайызы жарандардын жеке өздөрү тарабынан берилсе, 18.2 пайызы – почта аркылуу, 2,3  пайыз – ватсапп байланыш аркылуу, 1.9 пайыз электрондук почта аркылуу, 0.6%ы – факсималдык байланыш, 1,1%ы– Акыйкатчынын аймактардагы кыдыруу учурунда алынган.

Кайрылуулардын кароонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, арыздануучунун суроо-талап өтүнүчү 35,5%га канааттандырылган (сот отурумуна мониторинг жүргүзүү), ал эми арыз ээлеринин пайдасына чечилген маселелердин саны 7,6%ды түзгөн, 56,9% түшүндүрмөлөр берилген: аларга арызда каралган тигил же бул маселени чечүү үчүн кайсы органдарга кайрылуу керектиги маалымдалган. Арыздануучунун өтүнүчү менен Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери жерине чыгуу менен 1019 кайрылуу каралган, бул жарандардын арыздарынын жалпы санынын 27,6 пайызын түзөт.

Акыйкатчынын борбордук кеңсесиндеги коомдук кабылдамасына 2022-жылдын ичинде 2 396 адам кайрылган, бардык учурларда жарандарга керектүү түшүндүрмөлөр, укуктук кеп-кеңештер берилип, тиешелүү учурларда арыздар алынган.      

Адамдарды жеке кабыл алууда укуктук мамиленин дайындуу абалы, түрү жана мүнөзү аныкталып, укуктун бузулуу деңгээли такталып, Акыйкатчынын жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү чаралары аныкталган. Коомдук кабылдаманын ишинде каралган көптөгөн маселелерди республиканын башка мамлекеттик органдарынын жооптуу кызмат адамдарына телефон чалуу менен, жетишээрлик деңгээлде тез чечүүгө да мүмкүн болгон.

Онлайн-кабыл алуу

Акыйкатчы институтунун ишин жеткиликтүү кылуу менен элдин укугун коргоо аракеттерин ыңгайлаштыруу максатында, Акыйкатчы аймактардагы жарандардын, өзгөчө аярлуу топтордун ичинен жарандарды онлайн-кабыл алуу ыкмасын киргизген.

Себеби, көп учурларда социалдык аярлуу топтор, алыскы аймактарда жашаган жарандар укугун коргоодо борборго чейин келгенге мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Бишкекке келгенге чейин элибиз убакыттан уттуруп, укугун коргоо мөөнөттөрүн өткөрүп жиберип, нааразычылык күчөгөнүн билебиз, о. э. интернет байланышы калкыбыздын басымдуу бөлүгүнө жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, элди онлайн- кабыл алууну киргизүү, адам укуктарынын ишке ашырылышына бардык чөйрөдө ыңгайлуу, жеткиликтүү болууга шарт түзөт.

Акыйкатчы Инстутуту тарабынан онлайн-форматта кабыл алуу тиешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин аял депуттары жана социалдык тармактар аркылуу жарыя таркатуу менен уюштурулган. Жарандарды онлайн-кабыл алуу мамлекеттик органдардын иштеринде биринчи жолу колдонууга киргизилди.

Акыйкатчы 2022-жылдын 29-апрелинде Чүй облусунун жарандарын онлайн-кабыл алууну өткөргөн. Онлайн-кабыл алууда 29 жаран Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта, Кемин, Шопоков шаарларынан, Н. Крупская атындагы айылдан катышкан, ошондой эле Аламүдүн районунун “Панарома” конушунун 40тай тургуну жеринде чогулушуп бирдиктүү онлайн-сүйлөшүү өткөрүлгөн.

Акыйкатчы 2022-жылдын 27-майында Жалал-Абад облусунун тургундарын онлайн-кабыл алынган. Онлайн-конференцияга жалпысынан 43 жаран катышкан. Анын ичинен:

Ала-Бука районунан – 13 жаран,

Аксы районунан – 4 жаран,

Сузак районунан – 12 жаран,

Базар-Коргон районунан – 8 жаран,

Ноокен районунан – 6 жаран,

Баткен районунун Сүлүктү шаарынан –

4 жаран катышып, көйгөйлөрүн айтышкан.

Алардын маани-маңызы төмөнкүдөй:

КР жарандыгын алуу боюнча – 8;

Балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча – 7;

Алимент өндүрүү боюнча – 1;

Жөлөк пул алуу боюнча – 6;

Турак-жай маселеси боюнча – 2;

Жер маселеси боюнча – 7;

КТБ (ЦОН) кызматкерлеринин жумушу боюнча – 3;

Дин маселелери боюнча – 1;

ИИБ кызматкерлеринин үстүнөн нааразычылык – 1;

Медициналык жардам алуу боюнча – 1;

Айылдын жеңилдиктер үчүн статус алуусу боюнча – 2;

Турак-жай кооперативине алдангандардын көйгөйү боюнча – 1;

Билим берүү министрлигине кайрылуу – 1.

Көрсөтүлгөн кайрылууларга ыкчам юридикалык жардамдар көрсөтүлүү менен жооптор берилип, айрым кайрылуулар боюнча арыздар өндүрүшкө алынган.

Бош орундар  

Бүгүнкү күндө институтта бош орундар Париж принциптери боюнча эл аралык нормаларга ылайык майыптыгы барлар жана этникалык азчылыктарга эсептелген.Ошондой эле 10 бош орун Акыйкатчы институнун өкүлчүлүктөрү үчүн сакталууда, эгер Жогорку Кеңештин мындай чечими чыгарыла турган болсо өкүлчүлүктөрдү ачуу  пландалып жатат.

Командировкалар

Баардыгы болуп 2022-жылы акыйкатчы Кыргызстандын улуттук укук коргоо мекемесинин жетекчиси катары алты мамлекетке жети ирет чет элдик иш сапарга барды.

Акыйкатчы Россия, Өзбекстан, Түркия, Дания, Азербайжан, Польшада командировкада болду. Аларга бюджеттен акча коротулган жок.

Бюджеттен болгону Ташкенттен Бишкекке чейинки билеттин баасы гана төлөндү, анткени учуу чукул түрдө болуп, мурдатан пландалган эмес.

Ички командировкалар

Бюджеттин каражатынын эсебинен Ош областынын Ош, Кара-Суу, Ноокат шаарларына, Жалал-Абад областынын Сузак айылына, Ысык-Көл областына командировкалар жасалды.

Эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен: Баткен областынын баардык райондоруна, Ош областына жумушчу сапарлар ишке ашырылды.

 

Чүй областынын Москва районуна караштуу Кыз-Моло айыл өкмөтүндө жалгыз бой эне үч кичинекей баласы жана улгайган энеси менен сарайда жашоого мажбур болууда. Бул тууралуу Акыйкатчы (Омбудсмен) Атыр Абрахматованын Чүй областына жасаган иш сапарынын маалында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Акыйкатчы Омбудсмен институтунун кызматкерлери менен биргеликте Чүй областына коңшу өлкөлөрдөн көчүп келип отурукташкан этникалык кыргыздардын жашоо шартына мониторинг жүргүзүп жатат.Ошондой эле Абдрахматова жарандар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Айыл өкмөтүнүн имаратында Акыйкатчы менен коңшу мамлекеттерден көчүп келгендердин жолугушуусу болду. Аялдардын бири анын бир тууганынын жашоо шарты тууралуу айтып берди-алардын үй-бүлөсү Өзбекстандан көчүп келишкен. Үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү Кыргызстандын жаранынын паспортун алышкан. Бирок буга карабай анын бир тууганы турак-жайы жок экенин жана жашы жете элек балдары бар экенине карабай балдары үчүн жөлөк пул албайт турганын эскертти.Ошондуктан ал балдары менен сарайда жашоого мажбур болуп жатыптыр. Бирок ал жерден да күзүндө көчүп кетүүнү талап кылышыптыр.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчысы менен бирге дароо эле аял жашап жаткан сарайга барды.

Акыйкатчы үй-бүлөнүн оор абалы менен жеринде таанышты. 

Жалгыз бой эне балдарына жети жылдан бери жөлөк пул ала албай келет.Үй-бүлөгө жергиликтүү органдар жардам берген эмес. Аял күн сайын балдарын улгайган апасына таштоого аргасыз болуп, өзү Бишкекке барып иштеп жатат. Күн сайын эртең менен жумушка кетип, кечинде үйүнө келет.       

Акыйкатчы жергиликтүү бийлик органдарынан балдардын жана аялдын жөлөк пул алуу укугун камсыздоону жана аярлуу үй-бүлө катары социалдык көмөк көрсөтүүнү талап кылды.  

Белгилей кетсек, үй-бүлө айыл өкмөтүнөн анча алыс эмес жердеги сарайда жашап жатыптыр. 

Жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жөлөк пул алуу боюнча бюрократиялык нормаларды шылтоолоп себептерин айтышты. Алардын кебине караганда аял көмөк сурап кайрылган эмес.    

Ошол эле маалда үй-бүлөнүн чоң энеси айыл өкмөткө кайрылганын, жазында буудай айдоого жерди ижарага берүүнү суранганын билдирди.Бирок ага баш тартып коюшкан.    

Акыйкатчы министрлер кабинетин социалдык аярлуу топтордун колдоо алуусу боюнча калктын аярлуу катмарынын укуктарын камсыз кылууга чакырды.

“Социалдык жөлөк пул алуу укугу ар бир балага таандык. Министрлер кабинети социалдык жактан корголбогон жарандарга мамлекеттик колдоонун Баш мыйзамда каралган кепилдигин түздөн-түз камсыздоого милдеттүү”,-деп белгиледи Акыйкатчы.