Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Ысык-Көл облусунда Координациялык Кеңештин отуруму Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн катышуусунда болуп өттү.

Ошондой эле отурумга КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Кол облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, дарыгерлердин тийиштүү башчылары, төрөгөн энелер (арыздын ээлери) катышышты.

Күн тартибинде Каракол шаарынын төрөт үйүнүн абалы, андагы одоно кемчиликтер, Каракол шаарындагы №14 бала бакчасындагы баланын өмүрүн алган окуя жана Ак-Суу районун эне-баланын өлүмү боюнча статистика каралды.

Отурум Каракол шаардык төрөт үйүнүн жетекчисин өз ишине кайдыгер мамиле кылгандыгы үчүн кызматтан четтетүү жана жалпы төрөт үйүнүн жамаатына чара көрүү иштерине катуу көзөмөл кылуу керек деген чечим менен жыйынтыкталды.

Отурумда белгиленген иштерди дагы кошумча изилдөө үчүн областык администрациянын  чечими Ысык-Көл областык прокуратурага жөнөтүлөт.