- Подробности
- 22 февраль 2018 15:00

9 февраль күнү саат 11:00 чамасында “Тунгуч” кичирайонунда жайгашкан №73 мектепте чоң киши кичинекей кызга асылып артынан түшкөн окуя катталган.
Учурда киши соттун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө изоляторуна эки айга киргизилди. Кызга карата бардык зарыл экспертиза дайындалды.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, кармалган адам кылмыш кылуу учурунда мас абалда болгон.
Буга байланыштуу, Акыйкатчы (Омбудсмен) Кубат Оторбаев тынчсызданып, жалпы билим берүү мекемелеринин коопсуздугун күчөтүү керектигин билдирди.
Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Г. Кудайбердиевага, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгын жетекчиси С. Мейрмановага жалпы билим берүү мекемелериндеги балдардын коопсуздугун күчөтүү аны камсыз кылуу системасын уюштуруу жана кабыл алынган иш-чаралар жөнүндө маалымат берүүсүн суранган кат жөнөтүлдү.