- Подробности
- 20 февраль 2018 14:17

Кечээ Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев Укук органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарынын №1 тергөө изоляторуна жана КР Өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 түзөтүү мекемесина барып келди.
Иш сапардын максаты- кургак ачкачылык кармап жаткан Б. Асановдун, К. Кадыровдун, Э. Карыбековдун ден-соолугунун абалы менен таанышуу болду. Буга чейин Акыйкатчы аппаратынын тийиштүү бөлүмүнүн кызматкерлери ачкачылыкты жаңы башташкан күндөрү 1 февралда жана 5 февралда барып кабар алып келишкен.
№47 түзөтүү мекемесинин башкы дарыгеринин айтымында, учурда камалгандардын ден-соолугу канааттандырарлык. Белгилей кетсек, башында камалгандар кургак ачкачылык жарыялашкан. 17 февралдан тартып суу ичкенге өтүштү, бирок тамактан баш тартуу уланууда.
Акыйкатчынын орун басары Э. Алимбаевдин ачкачылыкты токтотууга чакырыгына көнүшкөн жок. Алардын талаптары мурунку бойдон калууда. Соттолгондор дайыма медициналык кароодо жана күн сайын тамчылатма дары алып жатышат.