- Подробности
- 22 февраль 2018 13:56

2018 жылдын 21 февралында Акыйкатчы институтунун Чүй облусундагы өкүлү Э. Теңизбаева Чүй облустук төрөт үйүндө жаткан, жаңы төрөлгөн ымыркайынын өлүмүнө шектелип жаткан эне Д.С. барып жолукту.
Аял төрөт үйүнө кан көп кетип, оор абалда келген. Учурда төрөт үйү тарабынан аялдын ден-соолугун калыбана келтирүү үчүн жардам көрсөтүлүп жатат.
Чүй облустук Аламүдүн Ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 100-беренесине ылайык кылмыш иши козголгондуктан ага кайтаруучу аскерлер коюлду.
Аял менен сүйлөшүү учурунда, ал күйөөсү менен ажырашканы белгилүү болду. Жашы жетелек 12, 9, жана 6 жаштагы балдары бар. Бир баласы атасы менен Казакстанда жашаса, бир баласы Кантта байкесинин үйүндө жашап, мектепке барат. Апасы менен 6 жаштагы баласы жашайт.
Д.С., айтымында, жаман адаттардан алыс, спирт ичимдигин ичпейт. Ысык-Ата районунун Восток айылында тоок фермада иштечү. Ферманын кожоюндары жашаганга бөлмө берип, айлык төлөп турушчу. Дем алуу бир айда бир берилгендиктен каттоого турганга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Аялдын айтымында, мартта төрөмөк. Бирок, толгоосу эрте башталып калгандыктан, түнкү саат үч менен бештин аралыгында көз жарган. Ымыркай жаны жок төрөлгөн. Алты жаштагы баласы көрүп калбасын деп, ымыркайды баштыкка ороп, дивандын алдына каткан.
Ал башынан өткөн окуя ММКга чуулгандуу чыгып кеткенине байланыштуу, күнөөлүү эмес экендигин далилдөө кыйын болуп жатканын айтып, укуктук жардам берүүнү өтүндү.
Бул иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө. Аталган кылмыш иши боюнча сот процесстерге мониторинг жүргүзүлүп турмакчы.