- Подробности
- 22 февраль 2018 09:25

Урматтуу Ата Мекен коргоочулары!
23 февраль негизинен аскердик кызматты жашоосунун бир бөлүгү катары караган аскер адамдарынын кесиптик майрамы болуп эсептелинет. Ошентсе да бардык учурда Ата Мекенди коргоо ар бир жарандын өлкө алдындагы жогорку моралдык парзы болуп саналат.
Эң жылуу сөздөргө Мекен коргоочулардын жакындары татыктуу. Себеби, алар атасы, байкеси, жолдошу алыскы аскердик жүрүштөн, күжүрмөн (аскердик) кезметтен келгичекти, үйдөгү очокту өчүрбөй кармап, сүйүүсү менен аскер кызматындагы оор күндөрдү жеңилдеткенге жардам берип келишет.
Бул жакшы күндө бардык үй-бүлөгө бакубатчылык, бейкуттук, барчылык, ынтымак каалайм. Ардагерлерге узун-өмүр, офицерлерге жана аскерлерге ийгиликтүү кызматты каалайм.
Эр жүрөк жана кайраттуу адамдар үчүн бул майрам тынчтыктын жана кубанычтын күнү болсун!