Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Элебесов көчөсүндө жол кырсыгынын жыйынтыгында 34-жаштагы келин кайтыш болуп, колундагы бир жарым жаштагы чүрпөсү бир буту жок калганына карабастан, ал жерге эмдигиче жол чырагы жана жөө жүрүүчүлөр жүрүүчү сызыкчага өзүнчө өтмөк коюлбаганын айтып тынчсызданды. Жолдогу «зебрага» жетиш үчүн адамдар жогорку ылдамдыктагы машинелер өтчү жолдун жээгин бойлоп өтүүгө туура келет.

Аталган көчөнүн жашоочуларынын айтымында, бул аймакта айдоочулардын жол эрежесин бузганы уланууда. Маалым болгондой, тургундар 2009 жылдан бери кол чогултуп, мэрияга, акимдерге, депутатттарга жол чырак коюп берүүсүн өтүнүп кайрылып келишет. Бирок, жолдогу жагдай өзгөрө элек.

Акыйкатчы аппараты мамлекеттик органдардын аракетсиздигинин себептерин териштирүүнү чечкен. Териштирүү учурунда аныкталгандай, 2017 жылдын 30 мартында Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комитетинин отурумунда, аталган комиссияга мүчө болгон депутаттар Элебесов-Витебск көчөлөрүнө жол чырак орнотуу үчүн каражат бөлүү чечимин кабыл алышкан. Бирок, чечим бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет.

«Шаардык кеңештин чечими өз убагында аткарылганда Элебесов көчөсүндө болгон көптөгөн жол кырсыктарды алдын алганга болот эле» деп белгиледи Кубат Оторбаев.

Учурда бул иш Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин көзөмөлүндө.