- Подробности
- 15 февраль 2018 15:33

“Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү” КР Мыйзамын (мындан ары-Мыйзам) талдоонун жүрүшүндө КР Акыйкатчысынын Аппараты тарабынан КР Конституциясынын талаптарына карама-каршы келген айрым нормалар аныкталган.
2017-жылдын 25-августунда КР Акыйкатчысы Кубат Oторбаев КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасына Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-4-пункттарын КР Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүмүнө каршы келерин таануу жөнүндөгү сунушун жиберген.
Атап айтканда, Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык – жактоочулук ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн лицензия алуу укугуна жогорку юридикалык билими бар жана юридикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес эмгек стажысы бар, квалификациялык сынактан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны укуктуу.
Ал эми Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүмүндө лицензия квалификациялык сынактан өтпөй туруп эле беш жылдык иш тажрыйбасы бар адамдарга берилген деп көрсөтүлгөн:
1) укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмчөлөрүндө;
2) сот катары;
3) Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарындагы бөлүмдөрдөгү жогорку юридикалык билими бар болушун талап кылынган кызматтарда;
4) жогорку юридикалык билими бар Жогорку Кеңештин депутаты катары.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев жогорку белгиленген жактардын квалификациялык сынак берүүдөн бошотулушуна объективдүү бир социалдык негиздеме жок, ошондой эле Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында башка адамдардын тобун биринчилерге карата негизсиз түрдө теңсиз абалда коет деп эсептейт.
- жарандардын тең болуу принциби диалектикалык байланышта адилеттүүлүк жана гуманизм принциптери менен колдонулушу керек, - деп эсептейт Акыйкатчы Кубат Оторбаев.
Өз кезегинде, 2018-жылдын 14-февралында, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин сунушун карап, берилген сунушту толугу менен канааттандыруу жана Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1, 2, 3, 4-пункттарын КР Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүмүнө карама-каршы келерин таануу чечимин чыгарды.
Бул чечими акыркы чечим болуп саналат жана кайра кароого жатпайт.