Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Ошто каза болгон үч жаштагы баланын ишин өзгөчө көзөмөлгө алды.

Акыйкатчы институтунун Ош облусундагы өкүлчүлүгү 5 февралда ооруканага барып, баланын оор абалына диогноз койгон дарыгер Д. Шакиров менен сүйлөшкөн.

Дарыгер менен жолугушуудан кийин Акыйкатчы институнунун кызматкерлери Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Б. Султанбековго барышкан. Тергөөчү билдиргендей, бул иш боюнча баланын апасы Авазбек кызы Диана кармалып, ага карата КРнын кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси “Бейбаштык” боюнча кылмыш иши козголгон. 11 февраль күнү баланын чарчап калганы белгилүү болгондон кийин, 12 февралда тергөө кызматы тарабынан “Бейбаштык” беренеси кылмыш жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесине өзгөртүлдү.

Акыйкатчы кызматкерлери баланын энесинин өзү менен жолукканда, ал окуя мындай аяктарын күтпөгөнүн айткан.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин пикиринде, мындай кайгылуу окуялардын болушу социалдык кызматкерлердин жеринде начар иштегенинин натыйжасы. Социалдык кызматкерлер оор жагдайда жашаган үй-бүлөлөрдү көзөмөлдөп турушу керек болчу.

Жыйынтыгында оор жагдайда жашаган үй-бүлөлөргө психологиялык, медициналык, укуктук жана башка жардамдарды көрсөткөн социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн мониторингдерди системалуу түрдө өткөрүп туруу зарыл-деп белгилейт Акыйкатчы Кубат Оторбаев.

Эскерте кетсек, 3 февралдан 4 февралга караган түнү Ош облустук ооруканага үч жаштагы бала оор абалда келип түшкөн. Дарыгерлер баланын баш мээсине куюлуп, ички органдары катуу жабыркаган деген диагноз коюшкан. Энеси уулун тепкичтен кулады деп билдирген, кийинчирээк баланы өзү депкир менен чалажан кылып сабаганы белгилүу болгон.