Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Акыйкатчынын басма-сөз кызматы мурда билдиргендей, 5 февралда Акыйкатчы Кубат Оторбаев Өзбекстан чек арачылары тарабынан атылып, жарадар болгон Көк-Серек айылынын жашоочусуна барып жолугуп келген.

2018 жылдын 6 февралында Ала-Бука районунун ИИБ тарабынан өзбек чек арачылары тарабынан жарадар болгон Кыргызстандын жараны боюнча КР Кылмыш кодексинин «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» 346-беренеси боюнча, «Адам уурдоо» 123-беренеси боюнча, «Адам өмүрүнө кол салуу» 28-97 беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул ишти кылдат иликтөөнү камсыз кылуу жана ар тараптуу көмөк көрсөтүү максатында Акыйкатчы Кубат Оторбаев тарабынан КРнын Президентине, КРнын Премьер-министрине жана Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөн. Натыйжада, бул иш Президент Аппаратынын жана Премьер-министрдин көзөмөлүндө турат. Өз кезегинде Ала-Бука ИИБ аталган факты боюнча тергөө ишин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Кубат Оторбаевдин А. Усенбаев менен жолугушуусунда белгилүү болгондой, 27 январда саат 17.00 Өзбекстан Республикасынын эки чек арачысы Кыргыз Республикасынын Ала-Бука районунун «Ажек» деген аталышындагы кашарга өтүп келишип, түшүндүрмөсүз, себепсиз тапанча менен сол жамбашка аткан дагы Өзбекстан чек арасына сүйрөп кетишкен.

Андан кийин кыргыз жараны Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Чуст райондук ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон. 31 январда жарадар туугандарынын күчү менен өз мекенине алынып келинген. Дарыгерлердин айтымында, А. Усенбаевдин сол жамбашын ок жанчып кеткендиктен, аны алдыда 3 жолку операция күтөт жана толук калыбына келүүгө бир топ жыл керектелет.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул окуя боюнча ишти кылдат иликтөөнү талап кылуу менен бардык күнөөлүү адамдар жоопко тартылышын өзү көзөмөлдөөрүн убада кылганын билдирген.