- Подробности
- 07 февраль 2018 16:07
Бүгүн, 7 феврал 2018 ж., Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин имаратынын алдында укук коргоочу Шералы Назаркуловдун элесине арналган митинг-реквием болуп өттү.
Митинг-реквиемге жарандык коомдун активисттери, коомдук ишмерлер, укук коргоочу Шералы Назаркуловду туугандары жана жакындары катышты. Иш-чара аталган министрликтин жыйындар залында уланды.
КРнын Акыйкатчысынын орун басары Гульнара Жамгырчиева белгилегендей, Шералы Назаркулов адам укуктары үчүн күрөшкөн мыкты жоокерлердин бири болчу. “Шералы Назаркулов биздин чек-ара үчүн тикесинен тик турган. Биздин жер башкаларга сатылбаш үчүн бийликке жана мамлекет башчыларыга каршы чыккандардын бири”, – деди ал.
Эскерте кетсек, А.Акаевдин мамлекетти башкарып турган тушта кыргыздын жери Үзөңгү-Кууштун кошуна өлкөгө берилишине каршы чыгып, ачкачылык жарыялаган. Саясий акциянын 22 күнүндө, 2002 жылдын 7-февралында көз жумган. Шералы Назаркулов атуулдук активдүүлүгү үчүн “Эрдик” медалы менен көзү өткөндөн кийин сыйланган.