- Подробности
- 08 февраль 2018 15:25
КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев укук коргоо органдарында жана соттук системада реформаларды аягына чыгармайынча кыйноолорго байланыштуу көйгөйлөрдү жок кылуу мүмкүн эместигин билдирди. Ал бул тууралуу «Кыйноолорго жол бербөө – мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттеринин биригишинде» аттуу маалымат жыйынында айтты.
“Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан чоң иштер жасалууда, бийлик көйгөйдү түшүнүп турат, бирок укук коргоо органдары жана соттук система жаатындагы реформаларды аягына чыгаруу зарыл. Мыйзамдарда белгилүү бир мүчүлүштүктөр бар, биз өз сунушубузду дагы беребиз. Арыз-дооматтар түшкөндүгүнө карабастан, кылмыш иштери аз козголууда, жана кылмышкерлердин жазага тартылган фактылары өтө аз»,- деди Кубат Оторбаев.
Кыргызстан жабык мекемелерде кыйноолорду түп-тамырынан бери жоюуга багытталган эл аралык милдеттемелерге катышуучу өлкө болуп эсептелет. 2018-жылы өлкө БУУнун Кыйноолорго каршы комитетине үчүнчү Мезгилдик докладын бермекчи.
“Эл аралык түрмөлөрдүн изилдөө борборунун маалыматтаыран ылайык,кылмыш жаза аткаруу мекемелеринде 10 000ден ашуун соттолгондор жазасын өтөп жатат. Дүйнөлүк рейтингдин таблицасында Кыргызстан түрмөдө отурган адамдаржын жалпы саны боюнча 93-орунда турат: мында өлкөнүн жалпы калкынын ар бир 100 миңине 166 сот жазасын өтөп жаткан адам туура келет. Бирок кыйноого адамдар жабык түрдөгү бардык мекемелерде дуушар болушу ыктымал”,-деп белгиледи Renal Reform International-дын (PRI) Борбордук Азиядагы чөлкөмдүк директору Азамат Шамбилов.
Бейөкмөт уюмдары жүргүзүп жаткан изилдөөлөрдүн статистикасы жана Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарды көрсөткөндөй, мыйзамсыз иш-аракеттердин басымдуу-85%дан кем эмес бөлүгү сотко чейинки мезгилде жасалып жатат. 2016-жылы Башкы прокуратурага кыйноолор жана башка ырайымсыз, адамкерчиликсиз жана адамдын беделин түшүрүүчү мамиелелер менен жазалардын түрү жөнүндө өлкө боюнча жарандардан 435 арыз келип түшкөн. Бардыгы болуп 33 кылмыш иши козголду. Ырайымсыз мамиеле жөнүндө айтсак, соттор 51 ишти карап, 61 кызмат адамын сот жазасына туртуу жөнүндө чечим чыгарган. Азыркы кезде соттор кыйноо аракеттери үчүн 116 айыпталуучу боюнча 43 кылмыш ишин карап жатат.
“2017-жылы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун дарегине 217 кайрылуу түшуп, анын 104ү кыйноо ыкмаларын колдонууга байланыштуу болсо, 25и ыраймысыз мамиле жөнүндө арыз эле. Бул арыздануучулардын 95% ИИМ тутумунда 8% УКМКда, 1% КЖАМКда кыйноо аракеттери жөнүндө билдирген. 2 арыз боюнча кылмыш иштери козголду (Ысык-Көл жана Чүй областыларынын мекемелери)”,-билдирет Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов.
2016-жылдагы өз кайрылуусунда БУУнун Атайын докладчысы Хуан Мендес: “Өлкөдө көрүлгөн чаралар кыйноолорго каршы эч бир чыдабастык мамиле саясатын курууга негиз түзүп, БУУ менен диологду жана анын жол-жоболору менен иштөөнү улантууга Кыргызстандын даяр экендигин баса белгилейт. Бул болсо тырышчаактык менен жасалган иш-аракеттердин аркасында кыйноолорду териштирип, документештирүү, аларга каршы күрөшүү жана акыр-аягында түп-тамырынан бери жоюу иштеринин натыйжалуу каражаттары иштелип чыгып ишке киргизилет деп үмүттөнтөт”-деп билгилеген.
Бул мезгил аралыгында Кыргызстан кыйноолорду такыр жоюу боюнча бир катар чараларды көрдү. Бирок өзүнчө көңүл бурууну жана мамлекет менен коомдун күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылуучу бир катар маселелер дагы да болсо бар, себеби бардык көрүлгөн чараларга карабай, кыйноолор дагы эле орун алып келет.
Маалымат жыйын кыйноолорго каршы аракет көрүү маселелеринде мамлекеттик органдар менен укук коргоо институттарынын жана бейөкмөт уюмдарынын кызматтаушуусу башталгандыгына арналат. Маалымат жыйындын катышуучулары кыйноолордон эркин болуу укугун сактоого байланышкан учурдагы абал менен тааныштырып, өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдиришти.
“Кыргызстанда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликсиз жана адамдын беделин түшүрүүчү мамилелерге жана жазаларга каршы күрөштө мамлекет менен жарандык коомдун күч-аракеттерин колдоо” боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында Акыйкатчы (Омбудсмен) институту менен Renal Reform International in Central Asia (Эл аралык абак реформасы) Меморандумга кол коюшту.
Тараптар аталган долбоор ийгиликтүү ишке ашышы үчүн биргелешип иш-аракеттерди кылуу менен болгон тажрыйбаларын, күч-аракеттерин жумшаарын билдиришти.