Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

КРнын Акыйкатчы институтунун Укук органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнө У. Кадыров аттуу жарандан кайрылуу кат келип түшкөн. Кайрылуу ээси Россияда камакта жаткан уулу Д.У. Кадыровду мындан кийинки жаза мөөнөтүн мекенинде өтөө үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүүгө көмөк сураган.

Акыйкатчы институтутун кызматкерлери аталган арыз менен кылдат таанышып, кырдаалды толук изилдеп чыккан соң, У. Кадыровдун катын карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына тийиштүү расмий катты жөнөткөн. 2016-жыл ичи Акыйкатчынын өкүлү бул маселенин чечилишин көзөмөлгө алып, иш илгерилешине көмөкчү болуп, айрым учурда кездешкен суроолорду убагында чечиш үчүн Башкы Прокуратура менен тынбай тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каттарды алышып турганын белгилей кетүү маанилүү. Акыйкатчы кызматкерлеринин багытуу, мыйзамдын негизинде жана көшөргөндүк менен иш алпаруусу оң жыйынтыгын берип, Башкы прокуратура кабарлагандай, 2018 жылдын январында У. Кадыровдун кайрылуусу канаттандырылып, жакын арада анын уулу Д.У Кадыров мындан аркы жаза мөөнөтүн биздин республиканын чегинде өтөө үчүн мекенине кайтып келет.

Ар бир жарандын кайрылуусуна кайдыгер карабай, өз милдетин сапаттуу жана жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу – бул Акыйкатчы институтунун жүзүн тааныткан карточка болуп бермекчи.