- Подробности
- 16 ноябрь 2020 12:30
2011-жылдын 2-июлундагы №68 “КР Президентин жана КР Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 3-бер. 3 п. ылайык сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандар шайлоого жана референдумга катыша албайт.
КР Жарандык кодексинин 64-беренесинде жаранды юридикалык жактан аракетке жөндөмсүз деп табуу тартиби көрсөтүлгөн. Укуктук жөндөмдүүлүктү жоготуу - бул жарандын өзүнүн иш-аракетинин маанисин түшүнө албастыгын билдирет.
Кыргыз Республикасынын "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамынын 5-бер. 1-б. талабына ылайык, психиатриялык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар КР Конституциясында каралган жарандардын баардык укуктарына жана эркиндиктерине ээ болушат. Психиатриялык мандемдүүлүккө байланыштуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктери чектөө КР мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.
Мыйзамга ылайык оорукана жайгашкан аймактагы шайлоо участкалары дарылануудагылардын (шайлоочулар) арыздарынын негизинде каттап, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн көчмө урна менен камсыздоосу керек. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн талаптар Жалал-Абад областтык психикалык саламаттык борборунда жана Кызыл-Жар Республикалык психиатриялык оорукананын администрациясы тарабынан аткарылбай, дарылануудагы жалпы 285 адам 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоого катыштырылбай добуш берүү укуктарынан ажыратылган.
Бул боюнча Жалал-Абад областтык прокуратурасына тийиштүү кат жиберилип, жыйынтыгында Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы КРнын Саламаттык сактоо министрлигине сунуш келтирген. Ошондой эле Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан да 2020-жылдын 21-октябрында Жалал-Абад областы боюнча Саламаттык сактоо координаторунун наамына мындан ары мыйзам бузуучулуктарды болтурбоо жана жооптуу кызматкерлерди тартиптик чарага тартуу маселесин чечүү жөнүндө сунуш келтирилген.