- Подробности
- 15 декабрь 2019 11:16
Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганын 71 жылдыгына жана 10-декабрь-Адам укуктарынын коргоо күнүнө карата, Акыйкатчы Токон Мамытов адам укуктары боюнча бир айлык жарыяланган. Анын алкагында Бишкек шаарында жана аймактарда мектептерде, ЖОЖда, аскер бөлүктөрдө, жабык мекемелерде, ооруканаларда жолугушуулар өткөрүлүп, адам укуктары боюнча кеңири маалыматтар берилип жатат. Андан тышкары бул жаатта конференциялар, тегерек столдор да өткөрүлдү.
Өткөрүлүп жаткан иш-чаралар коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттарысыз жетпейт эмеспи. Андыктан жарыяланган бир айлыкта Акыйкатчы аппараты ММК менен тыгыз кызматташууда. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери ММК аркылуу Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, жарандардын арыз-даттанулары боюнча жасалып жаткан иш-аракеттерди жеткиргенге аракет кылышууда.
Атап айтсак, “Би-Би-Си” медиа айдыңынын кыргыз кызматына жана Биринчи радиого Акыйкатчы Токон Мамытов өзү маек берсе, “Спутник” –маалыматтык агенттигинин радио эфиринде Акыйкатчынын орун басары Е. Алимбаев болду. Ошондой эле ушул радио аркылуу КР Акыйкатчы аппаратынын Эксперттик-укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы У.Аралбаев чыгып сүйлөдү. Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Г. Бообекова “Азаттык”-медиа айдыңынын кыргыз кызматынын “Эже-сиңдилер” теле көрсөтүүсүнүн “Аялдарга карата зордук” деген темадагы баарлашуусуна катышса, Социалдык – экономикалык жана маданий укуктар боюнча бөлүмдүн жетекчиси С. Касымбекова КТРКнын “Замана” таңкы теле көрсөтүүнө чыкты. Ал эми Жарандык –саясий укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Өмүрзак уулу З. “Биринчи радионун” түз эфиринде болуп, мигранттардын укуктары боюнча алып баруучунун жана угармандардын ар кыл суроолоруна жооп берди. Ушул эле “Биринчи радионун” түз эфирине Психиатрдык мекемелердеги пациенттердин укуктарын коргоо боюнча кызматтын кызматкерлери С. Сейдинов жана Б. Дуйсенова Психбейтаптардын укуктары, аларга карата Акыйкатчы аппаратында жасалып жаткан иштер боюнча кеп куруп беришти.
Жакынкы аралыкта НТС каналынын “Ар тарап” ток-шоусунда Жабык жайларда жаткан жана соттолгон жарандардын укуктары боюнча эфирде талкуу жана КТРК “Ой Ордо” ток-шоусунда Аймактардагы адам укуктарынын сакталышы боюнча талкуу уюштурулушу күтүлүүдө.
Белгилеп коюучу жагдай, Акыйкатчынын бир айлыктын алкагындагы ишмердигин аймактарда да чагылдырышты. Атап айтканда, “Ош жаңырыгы” гезити, Баткен тв, Талас ТРК, ЭлFm радиосу ж.б.лар чагылдырышты. Талас облустук телевидениесинде “Актуалдуу маек” берүүсүндө Акыйкатчынын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Узакбаева чыгып сүйлөдү.
10-декабрь күнү НТС телеканалы “Ачыгын айтканда” берүүсүнө КР Акыйкатчысынын өкүлдөрү: Жарандарды кабыл алуу жана документтик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Келсинбек кызы Керемет, Сот органдары менен иштөө жана сот отурумдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы С.Калчабаев, Укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышы жана жабык мекемелердеги адамдардын укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы А.Колопов жана бир жаран жана адвокат катышты.
10-декабрь күнү “Ала-Тоо 24” каналы КР Акыйкатчысынан интервью алып, адам укуктарына арналган иш чараны чагылдырды.
Акыйкатчы аппараты менен кызматташып келген жана кызматташып жаткан жалпы массалык маалымат каражаттарына ыраазычылык билдирип, алардын иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо бирге жан үрөп кызматташа берели демекчибиз.