- Подробности
- 15 декабрь 2019 10:56
КР Акыйкатчысы Токон Мамытов 2019-жылдын 5-декабрында Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Акыйкатчы облустук ар бир өкүлчүлүктүн ишке кедергисин тийгизип жаткан көйгөйлөрүн укту.
Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүктөрүнүн имараттарынын чакандыгы, шарты жоктугу, ремонтко муктаждыгы тууралуу сөз болду.
Жер-жерлерде арыз-даттануулар менен иштешүүдө ар бир арызды кабыл алууга өзгөчө мамиленин зарылдыгын белгиледи. Өкүлчүлүккө келип түшкөн ар бир кайрылуунун артында адам тагдыры турат. Силердин арызды кандай деңгээлде карап, кандай суроо-талап жөнөткөнүңөргө жараша жооп алып жатасыңар. Эгер жергиликтүү бийликтердин жообуна канааттанбасаңар, кайталап жөнөтүү керек. Арыз даттанууларды жазган адамдардын укуктарын акыр аягына чейин коргоо түздөн-түз милдетиңер,-деп белгиледи Акыйкатчы. Айрым облустарда жөнөтүлгөн суроо-талаптарга жооп кечигүү менен алынаары да белгиленди.
Ошондой эле Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүктөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртуу багытында аракеттер болуп жатканын маалымдады.