Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Бишкек ш. Биринчи май райондук ИИБ ТК тергөөчүлөрү тарабынан кылмыш ишин иликтөөдө кетирген калпыстыктары жана майнапсыз иш-аракеттери боюнча М.М. аттуу жаран кайрылган. Аталган арыз боюнча Акыйкатчы аппараты арыздануучунун келтирген жүйөөлөрү эске алыныш керектиги, эмне үчүн ал ушул убакка чейин жабырлануучу катары таанылбай жатканы жана Бишкек ш. Биринчи май райондук ИИБ тийиштүү кызматкерлеринин аракетсиздиги  боюнча кайрылуусун Биринчи май райондук прокуратурага жөнөткөн. 

Арызда жазылгандай, М.М. аттуу жарандын “Адем” аттуу чала таанышы батиринен жалпы суммасы 43 миң сомду түзгөн «Самсунг С8» жана «Редми 4х» деген маркадагы эки телефонун билгизбей уурдап кеткени боюнча арыз менен 2018-жылдын 18- декабрында Биринчи май райондук ИИБ кайрылган.

2018-жылы 20-декабрда бул факт боюнча Бишкек ш. Биринчи май райондук ИИБ ТК тергөөчүсү Н. Сагынбек уулу тарабынан КР КЖК 164-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иши козголот.

Ал эми 2019-жылдын 20-февралында Бишкек ш. Биринчи май райондук ИИБ тергөө өндүрүшүндө О. Нарматов тарабынан ТК КР ЖПК 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде кылмыш иши токтотулуп салынат. 

2019-жылы 22-апрелде райондун прокуратурасы тарабынан  кылмыш иш боюнча тергөөнү токтотууну жокко чыгарган токтом чыккан жана райондук ИИБ  тергөөгө жиберилген.

 Буга карабастан, прокуратуранын көрсөтмөсү аткарылбай, аталган райондун ИИБ ТК тарабынан ишти аягына чыгаруу боюнча бир дагы тергөө аракеттери болгон эмес.

 Аталган кылмыш ишти териштирүү көрсөткөндөй, кылмыш-процесстик мыйзамдын талаптарынын ченемдери сакталбастан, тергөө иши үстүртөн жүргүзүлгөн.

Жабырлануучу М.М. батиринен уурулук кылган Б.П. паспортунун көчүрмөсүн (“Адем” аттуу жигит) тааныштары аркылуу алып, Биринчи май райондук ИИБ ТК тергөөчүсү О.Нурматовго берген.  Б.П. аттуу конкреттүү адам шектелип жатканына карабастан, бул иш боюнча тергөө иши 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде мыйзамсыз токтотулган т. а. шектүү аныкталбаганына байланыштуу деп токтотулган. Жогорудагы айтылгандарга карабастан, О. Нурматов эч кандай иш-аракеттерди кылган эмес. 

“Ошентип тергөө учурунда ишти аягына чыгаруу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес, Бишкек ш. Биринчи май райондук ИИБ ТК кызматкерлери Н. Сагынбек уулу жана О. Нурматов карата ведомстволук тыкыр көзөмөл анын ичинен жетекчилиги тарабынан түздөн-түз көзөмөл болбогондуктан, алар кызматтык милдеттерин так аткарышпай, тергөө толук, ар тараптуу, калыс жүргүзүлгөн эмес.

 Бишкек ш. Биринчи май райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында, Биринчи май райондук ИИБ ТК күнөөлүү кызматкерлерине карата кылмыш иликтөөдө кетирген калпыстыгы үчүн Бишкек шаардык ИИБ начальнигине сунуш киргизилип, учурда кароодо жатат.

Мындан тышкары аталган кылмыш иши боюнча тергөө ишин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Учурда сот өндүрүшүнө чейинки текшерүү жүрүп жатат” –деп Акыйкатчы институтунун кайрылуусуна Биринчи май райондук прокурордун  орун басары А. Жолдошбековдун колу коюлган  жооп берилген.