«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)»

Аппарат

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин атына жана Акыйкатчы институтундагы Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкерлерине ыраазычылык кат келип түштү

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин атына  жана Акыйкатчы институтунун Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн кзматкерлери Омурзак уулу Замирге, Акыл Сүйүнбаевге ыраазычылык кат келип түштү. Ал катта мындай жазылат:  “Биз Гапаров Сүйүнбай жана Ботобаева Зуура жабырлануучу катары, жардам сурап сиздердин Акыйкатчы Аппаратында иштеген кызматкерлерге  кайрылганбыз. Омурзак уулу  Замир 4 жолу, Акылбек Сүйүнбаев 4 жолу Свердлов районунда болгон соттун жүрүшүн байкап активдүү катышышты. Сиздер жетектеген  Акыйкатчы Аппараты адам укугун коргоодо туура түзүлгөн мекеме деп эсептейбиз. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайбыз, көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз”- деп жазылган