«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)»

Региональные представители

КР Акыйкатчысынын атына жана КР Акыйкатчысынын Баткен облусттук өкүлчүлүгүнө ыраазычылык кат келип түштү

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// КР Акыйкатчысы К.Оторбаевдин атына Баткен облусунун Самаркандек айыл аймагынын Паски-Арык айылынын тургуну Кадыров Абдулазиздин  ыраазычылык каты келип түштү.

     Ал кат мындайча баяндалат:  “Мен Кадыров Абдулазиз  2014-жылдан бери оор шартта иштегендигиме байланыштуу пенсияга чыгуу үчүн Тажик Республикасынын Мургаб шаарындагы Механикалык заводдон документтерди ала албай жүргөмүн. 2016-жылы февраль айында Сиздин Баткен облусу боюнча өкүлүңүз Хаит Айкыновго кайрылдым. Менин арызым боюнча Х.Айкынов Тажик Республикасынын  Исфара шаарындагы адам укуктары боюнча өкүлүнө,  шаардын  архив жетекчисине, шаардын пенсия боюнча мекемесинин жетекчисине, шаардын прокурору Рахмонзодага жана Механикалык заводдун өкүлү менен  жолугуп сүйлөшүп мага жардам көрсөтүштү. Натыйжада 20 күндүн ичинде мага пенсия чыгаруу үчүн зарыл болгон документтерди толугу менен алдым. Мен учурда жумушум жок, аялым 2 топтогу майып. Ушундай кыйналып турган мезгилде мага жардам бердиңиздер. Сизге,  сиздин өкүлүңүзгө терең ыраазычылыгымды билдирем” – деп жазат Кадыров А.