«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)»

Региональные представители

Адам укуктарынын сакталышына боюнча Сузак райондук ИИБнин Убактылуу кармоочу жайына жана Майлуу-Суу шаардык ИИБнин Убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүлдү

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// КР Акыйкатчысынын  Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү 2016-жылдын 15-16 март күндөрү Сузак райондук ИИБнин Убактылуу кармоочу жайына жана Майлуу-Суу шаардык ИИБнин Убактылуу кармалуу жайларында  камакта отургандардын укуктарынын сакталышы боюнча инспектирлөө  жүргүзүштү.

     Инспектирлөөнүн жүрүшүндө, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Убактылуу кармоочу жайында, Сузак райондук сотунун 17.08.15, 18.11.15, 04.12.15 токтомдору  менен төмөнкү адамдардын  психикалык абалын аныктоо үчүн стационардык түрдөгү соттук-медициналык экспертиза дайындалган болсо да бир нече айдан бери Кызыл-Жар РПОго жөнөтүлбөй “орун жок ” деген шылтоо менен УКЖда кармалып тургандыгы аныкталды. Алар,  КР КЖК 97-беренси боюнча М.А,  КР КЖК  129,130,168-беренси боюнча К.А,   КР КЖК  97-беренси боюнча К. уулу А.

     Азыркы учурда Сузак райондук УКЖда 43 адам камакта отурат, алардын бири жашы жете элек өспүрүм.

    Бул маселеге көңүл буруу үчүн  өкүлчүлүк тарабынан  “Кызыл-Жар” РПОнун башкы дарыгерине кат жиберилди.

  Адам укуктарын коргоо максатына  багытталган Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн инспектирлөөсү эртеси  16-март күнү Майлы-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн Убактылуу кармоочу жайында улантылды.        

   Инспектирлөө учурунда камакта отургандардын бөлмөсүнүн электр жарыгынын  начардыгы, аларга  тамак-аштын көлүмү аз берилип жаткандыгы аныкталды. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан  бул кемчиликтерди жоюу  ИИБнин башчысына тапшырылды.

   Учурда 16 кишиге ылайыкташтырылган камерада 4 адам отурат, алардын бири аял киши.

   Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар КР Акыйкатчысынын Жалал-Абал облусттук өкүлчүлүгүнүн 2016-жылга коюлган иш-планынын негизинде жүргүзүлдү.

    Сузак райондук ИИБнин Убактылуу кармоочу жайына жана Майлуу-Суу шаардык ИИБнин Убактылуу кармалуу жайларда  камакта отургандардын укуктарынын сакталышы боюнча инспектирлөө  учурунда аныкталган укук бузуулар жана кемчиликтердин ишке ашышы боюнча көзөмөл Акыйкатчы институт тарабынан  улантылат.