«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)»

Аппарат

Сот процесстерин мониторинг жүргүзүү сектору

«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин 11,12-тарамдарына ылайык, Акыйкатчынын өкүлдөрү бардык инстанциядагы сот жыйындарына, анын ичинде соттук териштирүү кызыкчылыгын көздөп жабык деп жарыяланган сот жыйындарында адамдар макул болгон шартта катышууга укуктуу. Ушул талапка ылайык жарандар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына арыз менен кайрылышып, сот жыйынына катышып берүүнү суранышат. Ошондой эле, адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укуктарынын бузулуу фактылары боюнча да кайрылып келишет.

Алсак, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча сот системасынын ишине байланыштуу арыз, даттануулардын саны 910 түзгөн, бул көрсөткүч жалпы келип түшкөн арыздардын 36,9% түзгөн. Ал эми, 2014-жылы 808 арыз, даттануу келип түшүп, бул көрсөткүч жалпы келип түшкөн арыздардын 33,5% түзгөн.

         Жогорудагы көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, келип түшкөн арыз-даттанууларды бирдей тартипте, эрежеде иликтеп, кароо үчүн, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын 2015-жылдын 25-февралдагы буйругу менен сот процесстерин мониторинг жүргүзүү сектору түзүлдү.

         Аталган сектордун кызматкерлеринин милдетине сот жыйын убагындагы соттордун аракетине же аракетсиздигине баа берүү, адилетүү, калыс сот жыйынын камсыздоо, соттордун сот этикасын сактоону көзөмөлдөө, соттогу жактардын жарыш сөзгө чыгып сүйлөө укуктарын камсыздалышын көзөмөлдөө жана соттук териштирүүнүн кароо мөөнөтүн көзөмөлдөө кирет.

2015-жылдын 2-мартынан тартып 30-сентябрга чейинки аралыкта секторго келип түшкөн арыздар боюнча төмөндөгүдөй көрсөткүчтөр такталды. 

Жалпы 268 арыз келип түштү. Анын ичинен 258 арыз сот отурумуна Акыйкатчынын өкүлү катары катышып берүү суранычы боюнча. 10 арыз ээси соттордун мыйзамсыз аракетине даттанган. Укуктук тармак боюнча 118 арыз жарандык укуктар боюнча, 122 арыз кылмыш укугу боюнча жана 18 арыз экономикалык арыздар боюнча. 258 арыздын 138 арызы биринчи инстанциядагы каралып жаткан иштер боюнча, 65 арыз экинчи инстанцияда каралып жаткан иштер боюнча 55 арыз үчүнчү инстанциядагы каралып жаткан иштер боюнча кайрылуу болгон. Жалпысынан 260 арыз боюнча сектордун кызматкерлери Акыйкатчынын өкүлү катары сот отурумуна катышуусу болгон. 251 арыз боюнча тиешелүү документтер даярдалып көзөмөлдөн алынган.

2015-жылдын 9 айдын аралыгында 46 арыз боюнча Кыргыз Республикасынын Соттук кенешинин төрагасы Ж.Абдырахмановдун атына  Көъүл буруу Актысы, сурамжылоо каттары жолдонгон. Ноябрь айына карата болгону 14 гана жооп келип, анын көпчүлүгүнө көнүмүштүү жооптор келген. Келген жооптордо биз койгон талаптар аткарылбастан эле, тартиптик чара колдонуудан баш тартылган чечимдерди кабыл алгандыгы тууралуу маалыматтарды беришкен. Бир да судьяга карата чара көргөндүгү жөнундө маалымат жок.

2015-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Соттук кенешинин төрагасы Ж.Абдырахмановго «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин 9,17-тарамдарына ылайык,  Көъүл буруу Актылары жана сурамжылоо каттар боюнча маалымат алуу үчүн чакыруу кагазы жөнөтүлгөн. Тилекке каршы Ж.Абдырахманов бизге келүүдөн баш тартты. Андан кийин кайрадан 21 октябрда келип кетүүсүн суранып кат жолдонду. Анда да келүүдөн баш тартканда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Г.Жамгырчиева баш болгон бөлүм башчылар Ж.Абдырахмановдун кабылдоосунда болдук. Жолугушуу учурунда Ж.Абдырахманов Кыргызстандын судьялар Кенеши коомдук башталышта иштээрин, өзүнүн жумушчу Аппараты жок экендигин билдирди. Ошондуктан, арыз, даттануулар кварталына бир жолу гана каралаарын, баардык арыздарга жооп берүүгө мүмүкүнчүлүктөрү болбой жаткандыгын билдирди. Жолугушуунун аягында Ж.Абдырахмановго биз тараптан жиберилген Көъүл буруу Актыларынын, сурамжылоо каттарынын маалыматтары берилгенде, жакынкы аралыкта баарына жооп жиберээрин убада кылды. Тилекке каршы ноябрь айынын орто чени болуп калса бүгүнкү күнгө чейин бир да жооп келип түшкөн жок.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү факт, Соттук Кеъештин мүчөлөрү кызматтагы судьялар болуп эсептелип, кварталына бир жолу арыздарды кароого чогулушары белгилүү болду. Бул көрүнүш «Карга карганын көзүн чукубайт» деген макалга туура келип, эч кандай алгылыктуу жыйынтыктар болбой жаткандыгы көрүнүп турат.

Акыйкатчынын мурдагы баяндамаларында да тастыктаган, жарандардын сот адилеттигин жүргүзүүгө түз катышууга укук берүүчү, “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Мыйзамынын ишке ашыруусун өзгөчө белгилөөгө болот. Сот процесстеринде сот арачыларынын катышышы айыптоочу жана коргоочунун мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүүгө көмөк көрсөтүп, иш жүзүндө күнөөсүздүк (презумпция) принцибин ишке ашырат. Мунун баары аягында сот системасына ишенимди арттырат.

         Кыргыз Республикасынын Конституциясы судьяларга кеңири ыйгарым укуктарды берип, алардын көз карандысыздыгын камсыз кылат. Алардан эч кимдин отчет талап кылып, ишине кийлигишүүгө акысы жок. Бул укуктук мамлекет үчүн жетиштүү жүйөө. Бирок, чыгарылган чечимдер өтө карама-каршы жана полярдуу болгондо, судьялык корпуста мындай ар түрдүүлүктөргө жол бербөө үчүн аракетүү механизмдерди иштеп чыгуунун зарылдыгы келип чыгат.

         Сот отурумдарын мониторинг жүргүзүүдө төмөндөгүдөй жарандардын укуктарын бузуулары аныкталды.

Биринчи, соттордо укуктук ченемдердин болгонуна карабастан, соттук кароонун мөөнөттөрүн тез-тез бузууларга жол берилген учурлар көбөйүп, Акыйкатчынын атына келип түшкөн арыздарда чагылдырылып келет. Соттук териштирүүнүн кароо мөөнөтү себептүү да, себепсиз да узарып кетүүсү, сот процесстеринин тараптарынын нааразычылыгын жаратып, арыз менен кайырылууга мажбур болуп келишет.

Экинчи, сот отуруму убагында судьялардын этикасын одоно бузушу. Мындай арыздан судьялардын этикасына жатпаган жүрүм-турумуна байланышкан фактыларды баяндаган окуяларды билүүгө болот.

Үчүнчү, судьялар тарабынан укуктук ченемдерге туура келбеген чечимдерди, өкүмдөрдү кабыл алуусу. Бул көрсөткүч жогору турган экинчи, үчүнчү инстанциядагы соттордун кайтарымдуулугу менен аныкталат.

Акыйкатчынын өкүлүнүн сот отурумдарында катышуусунун артыкчылыгы, судьялар тарабынан процессуалдык ченемдердин сакталышы катуу камсыздалат. Ошондой эле, Акыйкатчынын өкүлүнүн катышуусунда жарандарга ишеним берип, ишти объективдүү кароого үмүт берет. Демек, соттук отурумдарда катышуу менен жарандардын өтүнүчтөрү толук канааттандырылат. Акыйкатчынын өкүлү сот отурумдарында тигил же бул тарапты жактап сүйлөөгө, соттун чечимдерине, өкүмдөрүнө тикелей таасир берүүгө укугу жок. Бул, Кыргыз Республикасынын Конституциясы  судьяларга кеңири укуктарды берген, алардын көз карандысыздыгын камсыз кылат.  Бул укукту судьялар өз билемдик деп түшүнүп, кабыл алынган чечимдери, чыгарган өкүмдөрү жарандардын нааразычылыктарын жаратууда.

Жаъы келген парламенттин депутаттары Кыргызстанда сот реформасын ишке ашыруу үчүн жасап жаткан аракеттери алгылыктуу жыйынтык берип, сот системасында адамдардын укуктары менен эркиндиктери сакталышы туруктуу негизде ишке ашат деген чоъ ишеним билдиребиз.

 

 

Сот процесстерин

мониторинг жүргүзүү

секторунун башчысы                                                                 Омурзак уулу З.