«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)»

Аппарат

Отчет отдела за соблюдением прав человека правоохранительными органами.. за 1кв 2016 г

 Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайларда адам укуктарынын сакталышына көзөмөл  жүргүзүү бөлүмүнүн  2016-жылдын I-кварталында аткарган жумушу боюнча отчету

            Бөлүм, адам укугун коргоо багытында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) мыйзамынын, адам укугун коргоо жаатында кабыл алынган эл аралык нормалык укуктук актылардын, мыйзамдардын, келишимдердин талаптарына ылайык, ошондой эле Аппараттын жана бөлүмдүн 2016-жылдын I-кварталындагыиш планынын негизинде жумуш алып барды.

           Бөлүмгө 2016-жылдын I-кварталында кароого 134 арыз кабыл алынды, анын ичинен 12 арызда көрсөтүлгөн маселелер облустардагы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) өкүлчүлүктөрүнөтиешелүү болгондуктан, арыздагы дооматтарды өз жеринде териштирүү максатында арыз тийиштүү облустук өкүлчүлүктөргө жиберилди. 

Кароого кабыл алынган арыздар боюнча 168 кат тийиштүү инстанцияларга (министирликтерге жана ведомстваларга) жиберилди, 54 арыз каралып бүтүп көзөмөлдөн алынды, 14 план, справка, маалымат ж. б. ички кагаздар түзүлдү. 

Арыздарды жеринде териштирщщ жана инспекция жщргщзщщ максатында 34 жолу КРнын Өкмөтүнүн алдындагы ЖАМКнын ТИЗОна, ТАна жана ИИМтин УКЖларына кирилди.

 198 жаранга ооз эки юридикалык консультация берилип, 8 пресс-релиз даярдалды жана  Акыйкатчынын (Омбудсмендин) пресс-кызматына берилди, 2 жолу адам укугу боюнча ТВдан сүйлөө болду.

 

23 инспекция жщргщзщлдщ, 9 конференция, семинар жана тегерек столго бёлщмдщн кызматкерлери катышышты (ар бир кызматкердин 2016-жылдын 1-кварталында жасаган жумушу боюнча таблица тиркелет). 

2016-жылдын 20-январында КРнын ИИМнин академиясында адам укугун коргоо маселеси боюнча жүргүзүлгөн тегерек столго катышып, академиянын угуучуларына (курсанттарга) адам укугу жөнүндө атайын программа киргиүү сунушталды. Ошондой эле, тегерек столдо Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 2015-жылдагы каржылык (финансалык) отчетту угулуп, 2016-жылдын 1-кварталынын каржылык отчетту пландаштырылды. Биз тараптан, 2016-жылдагы БУУнун Баъги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын финансалык планына биздин бөлүм тарабынан ЖАМКнын №2-ТАна жүргүзүлө турган мониторингке (атайын баяндама даярдоого) финансалык жардам көрсөтүү үчүн каражатты киргизүү сунушталды.

 Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И. Ы. Джолдубаеванын (26.01.2016-жылы чыг. № 13-177 саны менен), Жогорку соттун төрайымы А. А. Токбаеванын (26.01.2016-жылы чыг. № 13-176 саны менен) жана Кыргыз Республикасынын _Өкмөтүнүн алдындагы ЖАМКнын төрагасы А. Б. Мамыркуловдун (26.01.2016-жылы чыг. № 13-178 саны менен) даректерине КРнын КПКнин 252-беренесинин талабына ылайык, кылмыш иш соттор тарабынан 1-2 айдын арасында каралышы зарыл экендигин, бирок, ага карабастан соттор кээ бир кылмыш иштерди КРнын КПКнин 267-беренесин жөнү жок пайдалануу менен 1-2, кээ бир учурда 3 жылдап кылмыш ишти кароо боюнча сот отуруму созулуп, анын натыйжасында жаран ошол мөөнөттө тергөө изоляторунда (ТИЗОдо) соттордун чечимин кщтщп отургандыгы, бул көрүнүш эч бир мыйзамга сыйбастыгы жөнүндө көңүл  буруу Актылары жиберилди.

Ушул эле маселе боюнча, Кыргыз Республикасынын ЖКнин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетин тёрайымы Г. А. Скрипкинанын жана Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Ж. А. Бакчиевдин даректерине маалымат жиберилди (26.01.2016-жылы чыг. № 13-167 саны менен).

Биздин бул маалыматты ЖКтин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети2016-жылы 15-мартта өзүнүн көчмө жыйынында карап, Комитет төмөндөгүдөй  корутундуга келди[1]:

1)     Бөгөт коюу чарасын көрүүдө жана камакта кармоонун мөөнөттөрүн узартууда адам укуктарынын сакталышы жөнүндө Акыйкатчынын (Омбудсмендин) маалыматы эске алынсын;

2)     Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин сактоодо жана Комитеттин кароосуна берилген документтерди даярдоодо жана алардын аткарылышынын сапатын контролдоону жүзөгө ашырууда, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасынын алкактарында жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча өз  сунуштарын чагылдыруу сунушталсын;

3)     Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына бөгөт коюу чарасы жана камакта кармоо мөөнөттөрүн узартууда адам укуктарын сактоо жөнүндө Акыйкатчынын маалыматында баяндалган фактылар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү жана алар боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алуу тапшырылсын;

4)      Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКы, Кыргыз Республикасынын УКМКи адам укуктарын сактоо максаттарында камакта кармоону болтурбоонун жана алардын мөөнөттөрүн узартууну колдонууга контролду жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди улантсын.

 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз РеспубликасынынБашкы прокурору И. Ы. Джолдубаева, Кыргыз Республикасынын ­Өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМКнын) төрагасы А. Б. Мамыркулов жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри М. Т. Турганбаев менен жоолугушуп, адам укугу боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, Акыйкатчы (Омбудсмен) ЖАМКнын Бишкек шаарында жайгашкан №1-ТИЗОсуна жана Аламудун районунун Степной айлында жайгашкан №2-ТАна (аялдар үчүн) таанышуу иретинде кирип, ал жерде кармалгандардын жашоо шарты менен таанышты жана кармалгандар менен көйгөйлүү маселелер боюнча маек куруп, суроолоруна жооп берди.

№2-ТАта шарттуу (УДОго) жана жатак абакка (КПге) бошотуу боюнча өткөн соттук отурумга Акыйкатчы (Омбудсмен) ёзщнщн кызматкерлери менен мониторинг жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К. Т. Оторбаев  өзүнүн  иш-мерчемине (иш-планына) ылайык, 2016-жылдын 02-05 -февралында  Ысык-Көл жана Нарын облустарында, 2016-жылдын 01-06 -мартында  Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапарда болуп, ал облустардагы мамлекеттик органдардын жетекчилери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана эл менен жоолугушуп, адам укугу боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулады жана жоолугушууда берген суроолорго кенен жооп берди. Ошондой эле, Акыйкатчыны (Омбудсменди) тынчсыздандырган мекеме, мектептерге барып, ал жердеги жарандардын жашоо шарты, социалдык камсыздоого болгон укугу кандай аткарылып жатканы менен таанышты жана көйгөйлүү маселелерине көңүл бөлдү.

Бул жоолугушуларда, ТИЗО, ТА, УКЖ жана соттук отурумга мониторинг жүргүзүүдө бөдүм  башчы К. К. Жапаров катышып, жыйынтыгы боюнча кенен маалыматты Акыйкатчыга (Омбудсменге) справка жүзүндө берди.

 

Бөлүм  башчы                                                           К. Жапаров

                                                                                                         

 



[1] чыг. №6-1849и/16 17.03.2016-жыл.