«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)»

Региональные представители

Нарында эки жаштагы сабап өлтүрүлгөн бала туралуу маалымат

Массалык маалымат каражаттарынан орун алган 2016-жылдын 11-февралында  Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Учкун айылында  эки жаштагы баланын өлүмү туурасында маалымат боюнча КР Акыйкатчы институтунун Нарын облусттук өкүлчүлүгү таанышып келди. 

     Каза болгон эки  жаштагы баланын апасы үстүбүздөгү жылдын  5-январь күнү  Бишкек шаарына кетип. баласын өзүнүн жеңеси 33 жаштагы К.Эрмек аттуу төрт баланын энесине карап турууга табыштаган.

     Бала ыйлай бергендиктен болжол менен 11 февраль күнү катуу уруп койгондо бала каза болуп калган. Эртеси  бул окуя боюнча маалымат айылдык милиция бөлүмүнүнө келип түшкөн.  Кылмышка күнөлүү деп шектелген  адам ушул эле күнү саат 23-00 дө  Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип,  КР ЖПКнын  94-беренесинин  негизинде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармалуучу жайына   камакка алынган.

    2016-жылдын  2-февралында  тергөө иштерин өткөрүү учурунда эки айлык мөөнөткө Нарындагы  №24 ТИЗОсуна камакка алуу туралуу  токтому чыгарылып, айыпкер К.Эркин аттуу жараан камакка алынган.

Азыркы учурда адам өлтүрүү беренесинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бул факт боюнча иштин жүрүшүн көзөмөлгө алат.