«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)»

Региональные представители

КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүктүн кызматкерлени эл аралык уюмдар менен жолугушуп убактылуу кармоо жана башка жайларда, кылмышка шектүү катары кармалганда кыйноолордун алдыан алууну талкуулашты

22.01.2015-ж.  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Касымов Ш.К. БУУнун Адам укуктары боюнча эксперти Мадрахимов З.М.  жана КРнын Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган мамилени жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Түштүк аймак боюнча эксперти Нарматов К.Н. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери менен жолугшуу өткөрүштү.

         Жолгушууда Убактылуу кармоо  жана башка жайларда, кылмышка шектүү катары кармалганда  кыйноолордун алдын алуу боюнча Эл аралык пактылар, мамлекеттик мыйзамдар, Конституциянын талаптары, Кылмыш-жаза кодексинин ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясынын талаптары ИИОнун кызматкерлерине тааныштырылып кыйноо фактыларынын натыйжалары тууралуу сөз алып барылды.

         Жыйынды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги катышышты жана алар тараптан да кыйноолордун алдын алуу боюнча өздүк курамга тиешелүү талаптар коюлду.