«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)»

Региональные представители

КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусттук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайларга инспектирлөө жүргүзүлдү

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Жалал-Абад шаардык Ички иштер бөлүмүнүн  Убактылуу кармалуучу жайында  2013-жылдын 17-октябрынан бери кармалып турган, тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин  247-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 3- бөлүгүнүн 2-пункту , 4-пунктуна, 304-беренесинин 2-бөлүгү  менен айыпталган, Жалал-Абад облусттук Ички иштер башкармалыгынын “Наркотикалык заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү бөлүмүнүн”  мурдагы башчысы, милициянын полковниги Саипов Нурбек Рыскулович жана Убактылуу кармалуучу жайда  2013-жылдын 10-октябрынан бери кармалып турган, тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин  247-беренсинин 2- бөлүгүнүн.1-пункту, 3- бөлүгүнүн.4-пункту, 102-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган убактылуу эч жерде иштебеген, милициянын капитаны Досматов Санжар Ташлановичтерден “Банги заттарын сатууга аракеттенди” деген шек менен 2013-жылдын 3-октябрында Банги заттарды көзөмөлдөө кызматынын (ГСКН) кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалгандыгы жөнүндө  2014-жылдын 2-сентябрында  арыз келип түшкөн.

      Алардын арызы боюнча бүгүнкү күнгө чейин Акыйкатчынын Жалал-Абад облусттук өкүлчүлүгүнүн  кызматкерлери тарабынан “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-12 беренелеринин негизинде көзөмөл  жана иликтөө иштери жүргүзүлүп, тийиштүү  органдарга көңүл  буруу актысы, сурамжылоо каттары жиберилип, аларга жооптор алынып, ошондой эле алардын кылмыш иштери боюнча болгон соттук отурумдарга үзгүлтүксүз катышышты.  

      Сузак райондук соту кылмыш ишин  судья Тажибаев Абибилла Кадыровичтин төрагалыгынын астында  2016-жылдын 16-февралында карады. Сот Н. Саиповду Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин  247-беренсинин 2- бөлүгүнүн 1-пункту, 3- бөлүгүнүн 2-пункту жана 4-пункту, 304-беренесинин 2-бөлүмү менен С.Досматовту Кыргыз Республикасынын КЖКнын 247-беренесинин 2- бөлүгүнүн 1-пункту, 3- бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн  кылмышка катыштуулугу далилденбегендиктен актады.   

       С.Досматов Кыргыз Республикасынын КЖКнын 102-беренесинин 1- бөлүгүнүн менен күнөлүү деп табылып, 5(беш) жылга эркинен ажыратылган. Жазаны жатак абактарда өтөө белгиленип, анын камакта отурган ар күнү үч күнгө эсептелип, жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу ал жаза өтөөдөн бошотулду. 

     Аларга карта колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, “үй камагы” түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып,Саипов Нурбек Рыскулович жана Досматов Санжар Ташлановичтер сот залынан бошотулду.

     Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 16-февралындагы  соттук отурумуна Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)   Жалал-Абад облусу  боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Аманова катышты.