29.03.2017
кырг eng рус
Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргызской Республики
«Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике
осуществляется Акыйкатчы(Омбудсменом)». Статья 108 Конституции Кыргызской Республики

Внесены дополнения в Закон «О противодействии экстремистской деятельности»

Категория: СМИ о правах человека
Дата: 18-02-2014, 17:49
«Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 15-январында кабыл алынган.

Мыйзам экстремизмге каршылык көрсөтүү тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.

Ушул максатты ишке ашыруу үчүн «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Мыйзамдын 1-статьясына толуктоо киргизилген. Ага ылайык, экстремисттик уюмдарын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоо экстремисттик ишмердүүлүк түшүнүгүнө кирет.

Ошону менен экстремисттик уюмдун атрибутикалары жана символдору -Мыйзамда каралган негиздер боюнча экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга байланыштуу жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан кабыл алынып, мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечим менен аныкталган уюмдун атрибутикалары менен символикалары.

Мындан сырткары, экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын жана символикаларын илимий максатта гана колдонууга жол берилээри аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү
Институт
УПЧ Акыйкатчы в регионах