Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

№47 колониясында өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев колониянын начальниги А.Каримовдун ээлеген кызмат ордунун дал келиши жөнүндө маселе көтөрөт

 КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин  26.07.2016 ж.01-1 №82  буйругунун негизинде №47 түзөтүүчү колонияда камакта отургандардын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү мониторинг жүргүзүү  үчүн  комиссия түзүлгөн.

  Мониторинг жүргүзгөн комиссия колониянын территориясын, жашаган зонасын кароо учурунда камакта отургандар менен пикир алышты. Алар 2014-жылы аларга карата амнистия колдонбогондугун билдиришти. Пикир алышуудан кийин комиссия мүчөлөрү №47  түзөтүүчү колониясынын атайын бөлүмүнүн жеке иштерин текшерүүнү талап кылышты  жана иликтенип чыкты.

     Камактагылардын жеке иштерин изилдөө учурунда камактагылардын көпчүлүгүнө 2014-жылы амнистия колдонгондугу, ошону менен бирге КР ЖАКтын талаптарын 28-247-беренесинин 2-б, 3-пункту, 3-б бузгандыгы боюнча камалган  Н.Ага укук бузуу  боюнча акты түзүлгөндүгүнө байланыштуу 2010 –жылы жана 2014-жылы амнистия кабыл алынган эмес.

     Ошондой эле мониторинг учурунда акыркы 7 айдын ичинде колонияда 14 адам каза болгондугу аныкталды.

      Камакта отуруп каза болгон эки адамдын М.Б., А.Нын жеке иштери изилденди. Бул факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн документтерди комиссия тарабынан талап кылынганда иштин    мекеменин жетекчилиги бул иш боюнча түрдүү себептерди, жашыруун экендигин  айтып бул документтерди берген жок. Ушуга байланыштуу комиссия тарабынан камакта жатып  асынып өлүп калган адамдын өлүмүнүн чыныгы себебин көрсөтүп иликтөө жүргүзүү үчүн КР Башкы прокуратурасына расмий кат жиберүү чечими кабыл алынды. Тез ыкчам иштөө бөлүмүнүн начальниги зарыл болгон материалдарды берүүдөн баш тартты. Ушуга байланыштуу комиссия бул фактыны изилдөөгө мүмкүн болгон жок.

   Көрсөтүлүп аныкталган укук бузуулар боюнча КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев тарабынан каттар жиберилди:

1.  КР ЖАКтын талаптарын бузган камактагы Н.А.га карата түзөтүүчү колонияларда мыйзамдуулук үчүн контролдоо боюнча  тиешелүү чара кабыл алуу үчүн прокуратурага; 

2. Камактагы каза болгондор боюнча- КР Башкы прокуратурасына;

3.  КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКга №47колониянын начальниги А.Каримовдун  ээлеген кызмат ордуна  дал келиши жөнүндө маселени кароо талабын койду.