Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

Ылайым адам биринчи орунда турсун

Кыргыз Омбудсмени Баш мыйзамдын 108-беренесине ылайык иш жүргүзөт. Конституциялык орган. Андан тышкары анын иш максаты атайын мыйзамда аныкталган. Ишибиздин өзөгү да ошол – туулгандан тартып ар бир адамга таандык эркиндик менен укуктардын мамлекет тарабынан кантип сакталып жатканына көзөмөл салып, ал үчүн күрөшүү.

Менин шайланганыма бир жыл толуп калды. Убакыт зымырылып учат. Бул аралыкта менин оюмча, биз Омбудсмен институтуна болгон ишенимди көтөрүүгө аракет жасадык. Оңунан чыккан иштер көп болду, оңдой албай жатканы да арбын. 10 айда 13 миңдей адам кайрылды. Анын беш миңи оозеки юридикалык кеп-кеңешин алып кайтты. Биздин кызматкерлер айлыктын аздыгына карабай, милдеттерин так аткарганга аракет жасашты. 1500 ирет сот процессине катышты. 3235 арыз, кайрылуу кат жүзүндө келди. Анын 742син жеринде барып карадык. Мен өзүм да убакыттын жетишинче Бишкектеги жана облус борборлорундагы жабык мекемелерди, колонияларды, убактылуу кармоочу жайларды, балдардын, карылардын, майыптардын  үйлөрүн кыдырдым. Сот процесстерине катыштым. Кабылдамага эшик жыртып келген адамдардын шолоктоп ыйлаганын көрүп көз жаш тегеренген учурлар болду. Тросстой чыңалып, адилетсиздикке каршы күрөш жарыялап турдук. Кыйноолордун санын азайталы, жоёлу деп башкы прокуратура, кыйноолорго каршы борбор менен план түзүп, милиция мекемелерин капысынан текшерген учурлар болду.

Мыйзамдарга өзгөртүү киргизели деп өз сунушубузду да берип аттык. Жаш кыздар менен никеге турууга каршы мыйзамды парламент биринчи ирет “кулатканда” аны кайра карап, кабыл алуу керектигин айтып кайрылуу жасадык. Кудай жалгап мыйзам өтүп, президент ага кол койду. Экинчиси, тестиерлерге зордук-зомбулук көрсөткөндөргө мунапыс колдонулбасын дедик. Жогорку Кеңеш, президент аны да колдоп, мыйзамды оңдошту. Ага рахмат!

Эми менин жүрөгүмдү өйүгөн нерсе – Кылмыш кодексинин 132-133-беренелери. Анда балдарды, жаштарды зордуктагандардын жазасы өтө аз чектелген – болгону 5 жылга чейин. Биз парламентке берген сунушта анын мөөнөтүн көбөйтүп, жазаны күчөтүү.

Дагы бир жүрөк ооруткан иш – соттордун акыйкатсыз чечимдери. Сотту күтүп, саргайып, соолуп жаткандар да абактарда көп. Сот ишинин ыксыз создуктурулушу, соттун өз убагында башталбаганы, соттордун кайра-кайра алмашуусу, бир эле убакта судьянын бир нече ишти бир саатка белгилеп алып, тараптарды саргайта күттүргөнү, 1-, 2- инстанциялар адилет чечим чыгарса 3-инстанция мыйзамсыз, негизсиз, теңирден тескери чечимдерди чыгарганы – ушулар элди ыйлатып, бечара кылып, муңга бөлөп, кыжырды кайнатып, бийликке муштум кезетип жаткан кези. Бул жаатта да өз сунуштарыбызды парламентке жибердик.

Дагы бир айта турган кеп – Кыргызстан адам укуктары боюнча программа, стратегиясы жок жашап жатканы. Биз быйыл Европа биримдиги, Даниянын адам укуктары институту менен Акыйкатчы институтунун 5 жылдык Өнүгүү стратегиясын жаздык. Аны бийлик органдары, жарандык коом, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен талкууладык. Жалпы мамлекеттик бир программа, стратегия болгону бийлик органдарына да, жарандык коомго да, анан түпкүлүгү келип, элге жакшы болоор эле. Бараар багыт, көрөөр күн, жетээр максат, жасаар иш аныкталып калмак.

Быйыл иштин дагы бир өзөгү – бул мигранттарга байланыштуу болду. Бул жаатта Орусиянын, Түркиянын, Казакстандын, Өзбекстандын омбудсмендери менен чогуу иштедик. Москвадагы августта болгон өрттөн каза тапкан кыздар эмдигиче жүрөк сыздатат. 300 миңден рубль компенсациясы төлөндү. Эми Орусия өкмөтү бөлө турган акчаны алууда маселе турат. Стамбулга барганымда ал жерде Гүлендин мектебинде билим алып калганы үчүн гана камакта жаткан студент жаштарыбыздын тагдыры, атасы түрк, энеси кыргыз 2 жаштагы Самир аттуу баланын Кыргызстанга берилбей жатканы сыяктуу маселелерди түрк омбудсмени менен талкууладык. Тышкы иштер министрлиги жаатындагы элчиликтер менен консулдуктар штаттын, шарттын аздыгына карабай дурус иштеп жатышыптыр.

Мисалы, майыптардын, кайрылмандардын, аскер кызматкерлеринин укуктарын да коргогонго аракет жасалып, атайын баяндамалар даярдалды. Үй-бүлөдөгү зомбулук, балдарынан зырылдап качып, алимент төлөбөй ата кейиптенип басып жүргөндөрдү абийирге чакыруу, абийирсиздери менен соттошуу, төрөгөн аялдардан акча сурагандардын санын азайтуу – булар да биз жыл ичинде жасаган иштердин катарында.  

Жайында Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага бардым. Бул мекеме -  ушул бир проблемалардын бир очок-ордосу. Имаратынын эскилиги, кайтарууга акчанын бөлүнбөй, “особо опасный” деген контингентти илмейген медайымдардын бекер эле кайтарып жатканы – дагы башка, дагы башка ташпиштеринин көптүгү менен бул оорукана өзгөчө орунда. Бишкекке келип эле премьерге, саламаттык сактоо министрине кат жаздым. Кечээ жакында маалымат чыкты – бюджетте эми ошол “особо опасный” делген психикалык жактан оорулуу кылмышкерлерди кайтарууга акча каралып жатканы жөнүндө. Ошентип, бул маселе чечилчү өңдөнүп калды.

Ишибиздин дагы бир багыты -  укуктун бузулушунун алдын алуу. Ал үчүнкалктын укуктук маалымдуулугун арттыруу зарыл. Качан адам өзүнүн укуктарын терең билгенде гана ал өз укугун бузууга жол бербейт.  Акыйкатчынын 2015-жылдагы баяндамасын угуунун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш быйыл 28-апрелде №495-VI токтомун кабыл алган. Анда өкмөттүк басылмалар гезит бетин берсин, КТРК баштаган телерадиоканалдар эфир убактысын бөлсүн деген. Облустук телеканалдар, 3 гезит аны аткара баштады, КТРК козголо элек.

Сөзүмдүн аягында, белгилеп коюучу нерсе, 2003-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн N 765 Кыргыз Республикасында Адам укуктарын коргоо күнүн белгилөө жөнүндө Токтому менен 10-декабрь-Адам укуктарын коргоо күнү болуп келет. Бул - ар бир ар-намысы, кадыры, азаттыгы бар жаран үчүн, адам үчүн майрамдын майрамы. Өзгөчө биздин демократиялуу, адам укугун урматтоого аракет жасап жаткан коом үчүн.

 

Сөздүн чыныгы маанисинде, бул өзгөчө дата менен мен жалпы элди, укук коргоочуларды, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн куттуктайм! Ылайым адам биринчи орунда турсун! Эркиндик менен укук тек жеринен эле колго тийе бербейт, ал үчүн тыным албаган күрөш, далай талкаланган тагдыр, кыйылган өмүрлөр болду. Бул таберикти ар бирибиз сактайлы.