Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

Омбудсмен Кубат Оторбаев Ала-Букада өлгөн адамдын денесин мазактоо фактысы боюнча Башкы прокурорго кайрылды (фото)

Омбудсмен Кубат Оторбаев Ала-Букада өлгөн адамдын денесин мазактоо фактысы боюнча Башкы прокурор Индира Жолдубаевга кайрылды. Себеби, Конституциянын 32-беренеси бузулду, ал эми өлгөн адамды шылдындагандардын иши Кылмыш кодексинин 263-беренесине туура келет деп эсептейт Акыйкатчы.

Омбудсмен Кубат Оторбаев Ала-Бука районунда өлгөн адамдын денесин мазактоо фактысын угаары менен Омбудсмдин Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине маселени жеринде иликтөөнү тапшырган. Ал иштердин жыйынтыгы менен булар аныкталды.

Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Сары-Талаа айылынын тургуну, 1940-жылы туулган Сатыбалдиева Канымгүл Сатыбалдиевна 2016-жылдын 13-октябрь күнү каза болгон. Сатыбалдиева Канымгул христиан - баптисттер динин кармангандыгын кошуналары билишкен, ал өзү да муну жашырчу эмес. Ошол себептүү Сары-Талаа айылынын жергиликтүү тургундары анын денесин айылдагы мусулмандар көмүлүүчү мүрзөгө коюуга каршы чыгышкан, ошондон улам маркумдун бир туугандары Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине кайрылышкан.

Эртеси 14-октябрь күнү Ала-Бука райадминистрациясынын башчысы А.Акпаралиев атайын жыйналыш чакырып, райондун прокурору А.Байбосунов, райондук МУКК башчысы К.Ибрагимов, Ала-Бука РИИБнүн башчысы Э. Молдокеев, райондук баш имам хатиби Шумкар Чыналиев жана 6 айылдын имамдары болуп, айыл элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Иш-чараларга Ала-Бука айыл аймагынын башчысы Гулнара Умарова да катышкан.  Натыйжада маркумдун денесин Өрүктү айыл аймагынын Навои ашуусуна коюу чечилген, бирок көмө баштаганда жергиликтүү тургундар каршы чыгышкан. Сөөктү көмүүгө мүмкүн болбогондуктан Ала-Бука айылынын четиндеги, мурда христиан динидегилер коюлган “Канымбүбү” мүрзөсүнүн бир четине жашырылган.

Арадан 3 күн өтүп, 2016-жылдын 17-октябрь күнү Ала-Бука айылынын 19 тургуну “Канымбүбү” мазарынын алдына чогулуп, нараазычылык билдире башташкан. Ал жерге райондун акими, орун басары, аппарат жетекчиси, Ала-Бука РИИБнүн башчысынын орун басары, баш имам хатиб, айыл өкмөт башчысы барышып, түшүндүрүү иштерин алып барышкан, бирок чогулган эл көмүлгөн денени казып чыгарып, анын туугандарына “алып кеткиле”-деп кабар беришкен. Маркумдун кыздары Азаева Жылдыз жана Турсунай жансыз дене бизге керек эмес, калааганынарды кылгыла, деп жооп беришкен.

Ала-Бука айыл аймагынын кызматкерлери, баш имам хатиб ж.б. маркум К.Сатыбалдиеванын сөөгүн Чаткал районунун Шекафтар айылына барчу жолдогу Кара-Тоо участкасындагы тоонун бооруна жерге беришкен.

Бул факты боюнча 2016-жылдын 19-октябрында Ала-Бука РИИБнүн тергөөчүсү У.Жылкычыев тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖК 263 -статьясын (өлгөн адамдын денесин же алар көмүлгөн жерди мазактоо) боюнча кылмыш ишин козгогон, азыркы учурда тергөө жүрүп жатат. 

Жерге берилген өлүктү казган адамдар Ала-Бука айылынын тургундары Койчуманкулов Топчубек 1952-жылы  туулган, Койчуманкулов Мирбек 1977-ж.т., Койчуманкулов Максат 1986-ж.т., Исмаил уулу Акылбек 1986 –ж.т. жана 1947-жылы туулган Кулчунов Акылбек шектүү катары суралып жатышат.