Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

Көчкү болот деп 450 түтүн элди көчкүлө деп жергиликтүү бийлик мажбурлашууда

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Сузак районундагы Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушууда. Келгендердин көпчүлүгүн жол маселеси, свет жоктугу түйшөлтөт. Эң негизги маселе, көчкү болот деп 450 түтүн элди көчкүлө деп жергиликтүү бийлик мажбурлашууда. Көчөлү десе чек берилген эмес, же берилсе калыс эмес, берилген жерлерде электро энергия тартылган эмес, убактылуу жашай турган дагы жер бөлүнгөн эмес. Ушул көйгөйдөн улам, өмүрүн тобокелчиликке салып, көчпөй жашоого мажбур калк укугун коргоп берүү боюнча Акыйкатчыга кайрылышты.