Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

КР Жогорку Кеңешинин профилдүү комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// Кечээ 2016-жылдын 15-мартында КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин көчмө жыйыны  болуп, анда депутаттар  КР Акыйкатчысы К.Оторбаевдин “Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык-укуктук корголушунун абалы тууралуу Атайын баяндамасы» жана  “Камакта кармоо мөөнөттөрүн болтурбоо жана узартуу чараларын көрүүдө адам укуктарынын сакталышы” жөнүндө маалыматты  талкуулашты. 

   Бул баяндаманын максаты КР Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык-укуктук корголушунун абалы тууралуу  маалыматты КР Жогорку Кеңешине, тиешелүү мамлеккеттик органдарга жана калктын кеңири катмарына жеткирүү болуп саналат.  

      КР Акыйкатчысы К.Оторбаев чыгып сүйлөп, «ИИО кызматкерлеринин ар күндүк иши берилип иштөөнү талап кылат жана өмүр жана ден соолук үчүн жогорку тобокелдик менен коштолот.Алсак, 2010-2014-жылдары милициянын 40тан көп кызматкери кызматтык милдеттерин аткарууда каза  болушту жана 2200дөн ашык милиционерлер ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышты жана мертиништи. Ал тургай, бейпил, тынч жылы дагы 10го чейин милиционерлер каза табышат жана 200дөн ашык кызматкерлер кызмат өтөө учурунда жаракаттарды алышат жана мерттенишет»- деди.

   Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө  акыркы 20 жыл аралыгында ички иштер органдарындагы кызмат мурунку беделдүүлүгүн жоготуп, рыноктук экономика жылдарында социалдык кепилдиктери кыскарып алардын бир топ бөлүгү аткарылбай жаткандыгы туралуу сөз болду. Мунун бардыгы ИИО кызматкерлеринин моралдык-психологиялык жана материалдык абалына терс таасирин тийгизип, кадрдык потенциал төмөндөшүнө – кесипкөйлөрү кетип, жаш, таланттуу кызматкерлердин  бул кызматка келбешине алып келип,  милициянын кылмыштуулукка каршы туруу жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп  коррупция, мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин бузулушуна, профессионализдин төмөнкү деңгээли сыяктуу ар кандай терс көрүнүштөргө алып келиши белгилүү болду.

Акыйкатчы,  мурда КР Акыйкатчы Аппараты тарабынан өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, ИИОнун кызматкерлеринин төмөн айлык  маяналарына,   кызмат учурунда каза болгондорго, нормадан жогору  иштеген жумушу үчүн үстөк акы, коомдук муниципалдык транспорттордун  бардык түрүндө акысыз жүрүүгө укуктары мамлекет тарабынан  камсыздандырылбагандыгына токтолду.

    Жыйындын жүрүшүндө КР ЖК депутаттары КР Г.Скрипкина, К.Бокоев, Ч.Жакупова, Ч.Султанбекова, К.Зулушев, КР ички иштер министринин орун басары К.Асановдор чыгып    сүйлөштү.

    Бул маселе депутаттар тарабынан талкууга алынып, жыйынтыгы менен КР Акыйкатчысы К.Оторбаевдин “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык-укуктук корголушунун абалы  тууралуу Атайын баяндамасын  кабыл алышты.

  Жогоруда белгиленгендей, депутаттар КР Акыйкатчысы К.Оторбаевдин Адам укуктарын сактоо боюнча бөгөт коюу чараларын тандап камакта кармоо мөөнүтүнүн узартылышы боюнча мониторингдин жыйынтыгы жөнүндө маалыматын угушту. Бул мониторингдин максаты    алууда ТИЗОдо, УКЖда узак убакыт бою камакта отургандардын судьялар тарабынан кетирилген соттук кылмыш ишин кароодо анын  мөөнөтүнүн бузулушун аныктоо.

    К.Оторбаевдин ою боюнча, судьялар камакта отургандардын мөөнөтүн сактабайт,  мотивдештирилген чечим менен узартууну практика жүзүндө карабайт, ошону менен КР КЖК нормаларын одоно бузушат деп эсептейт. Бул укук бузуулар республикалык ТИЗОдо тергөө иштериндеги көптөгөн адамдардын жеке иштерин иликтөөнүн негизинде аныкталган.

2016-жылдын 18-январындагы абал боюнча Бишкек шаарындагы ТИЗОдо камакта отургандардын саны 1676 адамды  түзөт.