Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

КР Жогорку Кеңешинин депутаттары КР Акыйкатчысынын 2015-жылга карата отчетун кабыл алышты

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// КР Жогорку Кеңешинин депутаттары “2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени)  жылдык баяндамасы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алышты.

     Мындай чечимди парламенттин депутаттары бүгүн 28-апрелде парламенттин отурумунда кабыл алышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча  “макул” 104 депутат,  1 депутат  “каршы” болду.  Бардыгы болуп 105 депутат добуш берген. Жыйынтыгы менен КР Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынды.

 

    Эске салсак, 2016-жылдын 21-апрелинде КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутаттарга  КР Акыйкатчысынын “2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө”  отчетун  КР Акыйкатчысы  Кубат  Оторбаев сунуштаган.