Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

КР Акыйкатчы институту майып адамдын бузулган укуктары үчүн күрөшөт

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// КР Акыйкатчысынын Ош жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө Ош шаарынын тургуну Убайдуллаев Мариф Махмуджанович арыз менен кайрылган.

Анын кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй, арыз ээси Ош УК МП “Кыргыз темир жолу” темир жол станциясында иштейт. 1985-жылдын 22-ноябрында иш учурунда поездин алдында калып,  өндүрүштүк  жаракат алган. Натыйжада ал эки бутуна жаракат алган. Азыркы учурда сол буту кесилген жана оң бутунун манжалары кесилип протез менен жүрөт. 1986-жылдан 1995-жылга чейин арыз ээсине  экинчи топтогу майыптуулук белгиленген. Ал эми 1996-жылдын 30-январындагы   ДЭЭК (Дарыгерлик эмгек эксперттик комиссиясы) аркылуу медкомиссиядан өтүп  ага тез арада үчүнчү топтогу майыптуулук аныкталган. Ден-соолугу боюнча толук текшерүүдөн өткөндөн кийин арыз ээси пенсиялык китепчесин бере турган Ош шаардык соцфондго бардык тиешелүү документтерин тапшырат. Бирок, 1986-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 30 жыл өтсө да,  1986-жылы арыз ээси майыптуулугу боюнча пенсия алуу үчүн тиешелүү документтерди тапшыргандыгына карабастан,  Ош шаардык соцфонду ага пенсия төлөбөй келет. Ошондой эле ушул жылдар ичинде арыз ээси иштеген жеринен гана акча компенсациясын алып, соцфонддон акча бөлүнгөн эмес.

Арыз ээси  бардык документтер архивде сакталат деген маалыматтан кийин үстүбүздөгү жылы  Ош шаардык соцфондго кайрылган. Кийинки күнү арыз ээсине архивдеги катталган китепчесин беришкен. Анда ал өзүнүн фамилиясы жазылган  №042933 номерлүү тизмеде ал 1995-жылы 1-январда каза болгон  деп көрсөтүлгөн  маалымат менен таанышкан.

 КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү тарабынан бул маселе боюнча кылдаттык менен текшерүү жүргүзүлүп арызды кароо боюнча көрсөтүлгөн фактылар такталды. Бул маселе боюнча материалдар Ош шаардык прокуратурага жиберилди.

Ошондой эле арыз ээсинин укуктарын калыбына келтирүү максатында КР Социалдык фондунун төрагасы Н.Ибраевге Көңүл буруу актысы жиберилди.