Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

КР Акыйкатчы институту жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Баткен облусундагы бир катар кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылды

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин буйругуна ылайык  2016-жылдын биринчи жарымында Баткен  Сүлүктү шаарларынын мэриялары жана Лейлек, Баткен, Кадамжай райондук мамлекеттик администрацияларындагы “Балдар иштери боюнча комиссияларынын  иштерине карата мониторинг жүргүзүлгөн.

КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  мониторинг учурунда татаал жашоого туш болгон балдарды коргоо боюнча чараларды көрүүдө  Сүлүктү, Баткен  шаардык мэриясынын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын  алдындагы “Балдар иштери боюнча комиссиялардын” жана Сүлүктү шаарындагы “Үй-бүлөнү жана балдарды  коргоо бөлүмүнүн” иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленген.   

  Мониторингдин жыйынтыгы боюнча “Балдар  иштери боюнча комиссиянын” иштеринде  бир топ жетишпестиктер аныкталып, ушуга байланыштуу КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев,   КР Вице-премьер министри Г.К.Кудайбердиевага “Балдар иштери боюнча комиссиянын” иш-аракетин камсыздоо боюнча өзүнүн кызматтык милдетин жеткиликтүү аткарбай, шалаакылыкка жол берген тиешелүү кызмат адамдарын тартип жоопкерчилигине тартуу тууралу  кат менен кайрылган.   

         2016-жылдын 29-сентябрында жогоруда көрсөтүлгөн суроого карата  КР Акыйкатчысы Кубат Отрбаевдин атына жазылган жооп келген. Жоопто жазылгандай,  КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев тарабынан Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.Илиязовага, Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Сапаркуловага, Баткен шаарынын  вице-мэри  Г.Токсоновага жумуштагы жетишпестиктерди өз учурунда жойбогондугу үчүн “эскертүү” берилген.

         Ошондой эле, КР Эмгек министрлиги жана КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинен  келген каттардын жообуна ылайык,    азыркы учурда жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы “Балдар иштери боюнча комиссиясы”  тарабынан 20 материал каралган.    Баткен шаардык мэриясына  караштуу “Балдар иштери боюнча комиссиясы” тарабынан  21 материал, Кадамжай  райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы “Балдар иштери боюнча комиссиясы” тарабынан 9 материал каралып,  тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

    Жогоруда аталган   райондор, шаардык мэриялардагы  балдарды  коргоо  тармагында социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын иш –аракеттери 2016-жылдын 9 айлыгынын жыйынтыгы боюнча министерствонун коллегиясында карала  тургандыгы жазылат.