Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

КР Акыйкатчысы К.Оторбаев Ысык-Көл облусундагы психоневрологиялык жана адисдештирилген балдар мекемесинде камалгандардын укуктарын коргоо максатында алардын абалын инспектирлөөгө катышты

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы //  КР Акыйкатчысы К.Оторбаев иш сапар менен Ысык-Көл облусунда болду. Иш сапар учурунда Акыйкатчы КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскатбек Акибаев, Каракол, Балыкчы шаарларынын мэрлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары  менен жолугушуп, өлкөнүн мыйзамдары жана Кыргызстандын Конституциясында кепилдик берилген жөнөкөй адамдардын укуктарын коргоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бир топ жолугушууларды өткөрдү.

К.Оторбаев негизги көңүлдү  Кара-Кол шаарындагы № ТИЗО жана Балыкчы шаарындагы УКЖда териштирүүдө кармалган жарандардын укуктарын коргоо иштеринин абалына бөлдү. Инспектирлөө учурунда КР Акыйкатчысы аталган мекемелерди кыдырып, камакта отургандардын жашоо шарттары, баарына зарыл болгон жарык берүүнүн абалы, чарбалык жана медициналык бөлүктөрү, алардын тамак аштары менен таанышты. Ошондой эле камактагылар менен жекече сүйлөшүп аларды кармоо шарттары жана түзөтүүчү мекеменин администрациясынын аларга болгон мамилелери жөнүндө пикир алышты.

  

К.Оторбаев Акыйкатчы институтунун статусун бекемдөө үчүн   кабыл алынып жаткан  чаралар жөнүндө аймактын  жашоочулары менен болгон жолугушууда маалымдады. Ошондой эле  облустун калкынын  бузулган укуктары жана эркиндиктерин калыбына келтирүү маселесинде республиканын башкы укук коргоочу орган тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө, Акыйкатчынын дарегине келген жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамсыз аракетине карата доо-арыздарды кароо тартиби жөнүндө билдирүүлөрү Акыйкатчынын    иш сапарынын негизги бөлүгү болуп калды.

     Иш сапарынын алкагында  КР Акыйкатчысы  ата-энеси калтырып кеткен Ак-Суу райондук жетимдер жана балдар үйүнө барды. Бул жерде Акыйкатчы балдар үйүндө кармалып жаткан балдардын шарттары, абалы боюнча суроолорду талкуулады жана бул жерде жашаган балдар менен пикир алышты.

 Акыйкатчы К.Оторбаев  Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык диспансеринде болуп бул адистештирилген медициналык мекеменин дарыгерлери менен оорулууларды кармоо маселелерин  талкуулады.

 Кечинде К.Оторбаев Ысык-Көл облусттук жергиликтүү телекөрсөтүүнүн түз эфирине катышып, Кыргызстандын сыртында жүргөн мигранттар, аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо, балдарга карата болгон зомбулукту жок кылуу сыяктуу проблемалар боюнча телекөрүүчүлөрдүн көптөгөн суроолоруна жооп берди.

 Эртең КР Акыйкатчысы К.Оторбаев өзүнүн иш сапарын Нарын облусунда улантмакчы.