Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

Кербендик элдик дарыгерге укуктук жардам көрсөтүлдү

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы// КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин атына Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы  “Кербен”  айылында жашаган  А.Умаров  аттуу жараан юридикалык жана укуктук жардам көрсөтүүнү сурап  кайрылган.

     Арызда көрсөтүлгүндөй,  А.Умаров чөптөрдөн жасалган дарыларды даярдайт. Ал мындай дары чөптөр менен  аш казан, рак, тери, кант диабети менен ооруган  500дөй адамдарды дарылаган.  1996-жылы Бишкек шаарындагы  Курортология институту тарабынан дары-дармектеринин туура жасалышы жана сапатын  аныктаган.  1996-жылы дары-дармектерди изилдөө боюнча КТРКнын  “Адилет”  теле программасынан берилген.

       А Умаров тарабынан даярдалган дары каражаттары КР Саламаттык сактоо министрлигинин жана фармакология кызматкелери тарабынан талкууга алынган.  Натыйжада А.Умаровдун изилдөөлөрүнүн негизинде кант диабетине каршы дары каражатын даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок, 20 жыл ичинде А.Умаровго дары каражатын өндүрүүгө жана аны   өнүктүрүүгө жардам берилген эмес.

       Арыз ээси КР Саламаттык сактоо министрлигинен  дары чөптөрдөн жасалган дары каражаттарынын сапатын тактаган анализдин натыйжасын талап кылууда.

        Бул арыз боюнча Акыйкатчы  Аппараты тарабынан КР Саламаттык сактоо министри Т.Батыралиевге  А.Умаровдун арызын карап,  зарыл болгон жардам  көрсөтүүнү сураган кат жиберилген.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен КР  Акыйкатчысынын атына жооп келди. Анда А.Умаров өзүнүн дары каражаттарын даярдоодо анын коопсуздугу натыйжалуулугу аныктоо үчүн  атайын стандарт боюнча клиникага чейин, клиникалык изилдөөдөн өтүшү зарыл. Бул дары каражаттарын колдонуу үчүн медицинада илимий жактан негизделген сунуштар берилип, илимий изилдөөдөн өткөрүлүшү керектиги жазылган.

    Ошондой эле, КР Саламаттык сактоо министрлиги А Умаровдон мындан ары анын дары-дармектерин илимий –медициналык жактан изилдөө үчүн анын зыянсыз, натыйжалуулугун тактаган документтерин берүүсүн сураган.